Көк-Таштын тургундары президентке кайрылышты

Көк-Таш айылынын тургундары
Image caption Көк-Таш айылынын тургундары

Чек арада чыр-чатактар ырбаган Көк-Таш айылынын ондогон тургуну Бишкекке келип президентке кайрылуу жасашты. Алар чек арада абал кооптуу болуп бараткандыктан тийиштүү мекемелерди чек арага жакын көчүрүүнү суранышты.

"Коргоо жана Өзгөчө кырдаалдар министрликтерин чыр-чатактуу болуп аткан чек арага жакыныраак - Ош же Баткен облусуна көчүрүп бериңиз. Же атайы штабдарын ачыңыз. Түндөсү ок атышуу болгондо "качан бизге чоңдор келет" деп качанкыга чейин тоо аралап качабыз?", -деди Көк-Таш тургуну Жоробай Байзаков.

Басма сөз жыйынын уюштургандар Баткендеги чек арадагы абал салыштырмалуу турукташып калганын билдиришти:

"Кудайга шүгүр, эки күндөн бери Көк-Таш айылында абал туруктуу. Өкмөтүбүз, күч органдары бар экен. Балдар үйлөрүнө кайтып, окуу башталды. Бирок ата-энелер дагы деле балдарды мектепке жиберүүдөн коркуп турушат. Эртен же бүгүн ок атышуу болот же болбойт деп эч ким кепилдик бере албайт",- деди Байзаков.

Сүрөттүн автордук укугу Official
Image caption ОИБ: Баткенде чек арада абал турукташты

Көк-Таштыктар соңку үч жылда чек арада абал курчугандан курчуп барат деп, тажик тарап менен жер тилкелерин алмашууга даяр экенин да билдиришти. Алар кырдаалдан чыгуунун мындан башка жолун көрбөй турушат.

"Үч жылдан бери эле чек араны тактап атабыз деп атышат, президенттер деле сүйлөштү. Бирок чыр-чатактар токтобой атпайбы. Себеби, чек арада элдер аралаш жашап, үйлөр шахматтык ирээтте салынган. Картада көрүнбөйт, бирок Кыргызстанда тажик тараптын кичине анклавдары бар. Ошондой эле Тажикстанда калган кыргыз экславдары бар. Жер алмашылбаса, маселе чечилбейт",- деди Калмутов Саатбек.

Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 970,8 чакырымды түзөт, алардын ичинен 70 жер тилкеси боюнча талаш-тартыштар бар. Эки өлкөнүн расмийлери да соңку жылдары жер алмашуу жагын караштырып келишет.

"Тажик тарапка ар кандай варианттарды сунуштап жатабыз. Алар бир жер тилкеси боюнча негизинен макул, бирок кайсы жерден канча аймакты алмашсак болот так жообун айта элек. Көк-Таш, Таш-Тумшук айылдарында жерлерди алмаштырууну сунаштап жатабыз. Чек араны жазып тактайлы деген да маселени катуу коюп атабыз. Жумуш жүрүп атат, бирок көпчүлүк маселеде пикир келишпестик болуп атат", -деди бүгүн журналисттерге вице-премьер-министр Жеңиш Разаков.

14-январда Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы соңку кырдаал боюнча Баткенде эки тараптуу кезектеги жолугушуусу өттү.

2010-жылдан бери кыргыз-тажик чек ара тилкесинде жалпы 150дөн ашык чыр-чатактар катталды. Соңку кезде андай чатактар адам өлүмү менен көп коштоло турган болду.

Чек ара маселесин чечүүнү создуктурган башкы себептердин бири - тажик тарап 1924-жылдагы улуттук-аймактык бөлүштүрүү учурундагы документтерге таянса, Кыргызстан 1958-59 жылдардагы жана андан кийинки паритеттик комиссиялардын документтерин негиз катары карманууда.

"Маселени чечүүнүн Кыргызстан тарапка зарылдыгы күчөп келе жатат. Жергиликтүү элдин саны өскөн сайын жерге болгон муктаждык, жайыт-сугат жерлерге талап өсөт жана курчуй берет. Ар бир чарчы метр баалуу. Биз тарапта элди саны азыраак деп эсептегенде жана ички-тышкы миграция ошол жакта жайгашкан тажик тараптыкынан күчтүрөөк экенин эске алганда, бул чек араны тактоонун создуктурула бериши Кыргызстан үчүн өзгөчө коркунуч туудуруп, коопту жагдайга түртөт",- деди Би-БиСи-ге эскерт Эмилбек Жороев.

Сүрөттүн автордук укугу RufatERA
Image caption "Чек араны тактоонун создуктурула бериши Кыргызстан үчүн өзгөчө коркунуч туудурат"

2018 -жылы кыргыз өкмөтү эки өлкө ортосундагы талаштуу аймактын 520 километрин же башкача айтканда 53,5% такталганын айткан. Бирок андан бери көзгө көрүнөрлүк жылыш байкала элек.

11-январдагы Баткен районундагы чек арадагы соңку чыр-чатактарга жоопкерчиликти тараптар бири-бирине жүктөп келет. Тажикстандык УКМКсы айрым кыргыз жарандары чек арада чагымчылык кылып, мыйзам бузду деп эсептейт.

Ал арада Баткен Облустук ички иштер башкармалыгы бүгүн маалымат таратып, чек арада болгон соңку чатактарга катыштыгы бар деп шектеп төрт жаран кармалганын билдирди. Милиция сурак маалында шектүүлөрдүн экөөсүнөн ок атуучу курал табылган.

"Куралдар тартылып алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Шектүулөр убактылуу кармоочу жайга камалды", -дешти ОИБден.

Ал тапта Бишкекте кармалгандарды бошотуу талабы менен Жогорку Кеңеш имараты алдында митинг өтүп, анын уюштуруучулары береги төрт адам, тескерисинче, тажик жарандарынын чагымына каршы чыгышканын айтышты.

Тектеш темалар