ИИМ журналистке кол салууну "уурулук" деп иликтейт

Медиа уюмдар Кыргызстанда сөз эркиндиги начарлаганын айтып, коңгуроо кагууда Сүрөттүн автордук укугу Social Media
Image caption Медиа уюмдар Кыргызстанда сөз эркиндиги начарлаганын айтып, коңгуроо кагууда

Журналисттерди коргоо эл аралык комитети (CPJ) Кыргызстандын бийлигин журналист Болот Темировго кол салууну ыкчам жана тыкыр иликтөөгө чакырды.

Комитеттин сайтында мамлекет журналисттерге коррупцияны чагылдырыш үчүн коопсуздукту камсыздап бериш керек деп жазылат.

Ал тапта медиа уюмдар өлкөдө сөз эркиндиги начарлаганын айтып, шайлоо алдында журналисттерди кысымга алуу күчөйт деп коңгуроо кагууда.

Милиция Темировдун ишин "телефон уурдоо" деп териштирет

Журналист Болот Темиров анын окуясын милиция телефон уурдоо боюнча териштирерин билдирди. Ал сабалганда телефону жоголгон, бирок өзү телефону ыргып кеткенин, кол салган үч киши колундагы ноутбугуна тийишпегенин билдирген.

Бирок Ички иштер министрлигинин расмий сайтында 102ге келип түшкөн маалымат боюнча белгисиз жарандар Темировго күч колдонуп, телефонун тартып кетишкени жазылат.

Болот Темировдун башы чайкалып, бети-башынан жаракат алган.

Сүрөттүн автордук укугу factcheck.kg
Image caption Журналист Болот Темиров 9-январда кеңсесинин короосунда сабалган

Ал 9-январда түштө Бишкектин борборундагы кеңсесинин алдынан сабалган.

"Короодо үч киши күтүп туруптур. Бирөөсү артыман келип урду. Мен жыгылып түшкөндө үч тепкилеп кирди", - деди Темиров.

Ал кол салууну журналисттик ишмердигине түздөн түз тиешеси бар деп эсептейт.

Болот Темиров иликтөө материалдарын даярдап келген factcheck.kg сайтынын башкы редактору. Журналисттик уюмдардын айтымында, бул редакция бир катар резонанстуу материалдарды жарыялаган. Алар коррупция, кызматтагы адамдардын кирешеси тууралуу болчу.

Ал эми акыркы жолу Бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Раимбек Матраимовдун жубайынын байлыктары тууралуу материал жарыялап, аны бир катар ЖМКлар тараткан эле дейт Медиа Полиси Институту. Бул материал чыккан эле күнү factcheck.kg менен аны көчүрүп жайылткан бир катар сайттарга чабуул болуп, иштебей калган.

Медиа Полиси Институту ошол чабуул Болот Темировду коркутуу үчүн атайын ачык жүргүзүлгөн иш-аракет болчу дейт.

Журналисттин сабалышына расмийлердин реакциясы

Журналист Болот Темировдун сабалышы боюнча президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева өкүнүчүн билдирип, окуя журналисттик ишмердигине байланышпаган учурда да өзүн коргоого ар бир жарандын укугу бар деди.

Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов "Фейсбуктагы" баракчасына Темировдун сабалганын окуганын жазган.

Сүрөттүн автордук укугу factcheck.kg
Image caption factcheck.kg Раимбек Матраимовдун жубайы тууралуу үч апта мурда жарыялаган материал

"Бул азырынча анын кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштуубу же башка себептер менен болгонбу ачыктала элек. Эгер журналисттин сабалышы - анын ишмердүүлүгүнө байланыштуу болсо, ал туура эмес жана демократиянын принциптерине көлөкө түшүрөт. Журналист гана эмес, жарандардын дагы сабалышы мыйзамга каршы келген аракет. Тиешелүү органдар ыкчам иштеп, болгон мүмкүнчүлүктөр менен шектүүлөрдү таап, жазасын бериши зарыл", - дейт Искендер Матраимов билдирүүсүндө.

Ички иштер министрлиги журналистке кол салууну жетекчилиги көзөмөлүнө алганын кабарлады.

"Ыйлагандын көзү жаман, айткандын оозу жаман"...

Медиа Полиси Институту 2018-жылы болжолдуу 20 соттук иште журналисттердин же ЖМКнын кызыкчылыгын коргогонун билдирди. Ал эми 2019-жылдын эсептери эми белгиүү болот. Ал жылдын этегинде чуулуу иштердин бири Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн үч медиа менен бир журналистке 60 млн сомдук доо койгону болуп калды. Матраимовдор арыз менен кайрылар замат мекемелердин эсептери камакка алынып, бирок кийинчерээк бошотулду. Ал боюнча биринчи соттук отурум 20-январда болот.

"2019-жылдагы журналисттер катышкан соттук иштердин жыйынтыктары, журналисттерге карата укук коргоо органдарынын иш-аракеттери жана мамлекеттин журналисттик иликтөөлөргө реакция жасабаганы Кыргызстанда сөз эркиндиги начарлаганын көрсөттү. 2020-жылы парламенттик шайлоого байланыштуу журналисттерге тиешелүү резонанстуу окуялар көп болору күтүлөт", - деди Би-Би-Сиге Медиа Полиси Институтунун юристи Алтынай Исаева.

Сүрөттүн автордук укугу factcheck.kg
Image caption factcheck.kg Раимбек Матраимовдун жубайы тууралуу үч апта мурда жарыялаган материал

Ал эми "Жургналисттер" коомдук уюмунун башчысы Марс Тулегенов милиция Болот Темировго кол салууну телефон уурдоо боюнча териштирип жатканын сынга алды. Ал журналистке кол салууну ишмердигине байланыштуу деп эсептейт.

"Шайлоо алдында журналисттерди кысымга алуу башталды окшойт. Көп эле басылмаларды, анын ичинде журналисттерди сотко берген учур болуп жатат. Мисалы, депутат сотко берген "Ачык саясат плюс" гезити боюнча Жогорку Сот мурдагы инстанциялардын чечимин күчүндө калтырып, даттанууга жатпайт деген өкүм чыгарды. Гезит 300 миң сом доого жыгылган. Бул да болсо шайлоо алдында журналисттерди чектөө деп ойлойм", - деди Би-Би-Сиге Тулегенов.

Медиа уюмдары "Апрель" телеканалынын жабылышы, азыр соттошуп жаткан "7-каналдын" чыры, өткөн жылы "Азаттыктын" операторунун сабалышы жана башка чуулгандуу окуялар сөз экриндигине көлөкө түшүрдү дешет. Журналисттердин ишмердиги, алардын маалымат алуусу мыйзамдар менен корголот.