Болот Темировго кол салуу боюнча шектүүлөр кармалды

Сүрөттүн автордук укугу FACTCHECK.KG
Image caption Журналист Болот Темировду 9-январда ал иштеген кеңсенин короосунан сабап кетишкен

Factcheck.kg интернет сайтынын башкы редактору Болот Темировго кол салуу фактысы боюнча төрт шектүү адам кармалганын ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

14-январда милиция кармаган адамдар 26 жаштагы Д.Б. жана Б.А., 27 жаштагы Ж.Э., 25 жаштагы О.А. Алардын баары тең түбү Жалал-Абад областынан.

Кармалгандар убактылуу камак жайына киргизилди. Азыркы учурда алар жасаган кылмыштын бардык жагдайы териштирилип жатат.

"Шектүү катары кармалгандар Болот Темировду сабап кеткендерин моюндарына алып жатышат. Бишкек милициясынын тергөө кызматы жана криминалдык милиция күн-түн тынымсыз иштеп жатып кармашты. Бул иш министрдин көзөмөлүндө болгон. Кармалгандар Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына 14-январда камалды. Баары тең Жалал-Абад облусунун тургундары экен. Экөө Жалал-Абадда, экөө Бишкекте батирде турчу экен. Эмне себептен алар бул ишке барганы тергөөдө толук белгилүү болот" - деп билдирди Би-Би-Сиге ИИМдин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитов.

Болот Темировго 9-январда ал иштеген кеңсенин жанынан топ адам кол салып, сабап кетишкен. Болоттун башы чайкалып, бети-башынан жаракат алган. Кол салгандар анын жерге түшүп калган чөнтөк телефонун ала кетишкен.

Болот Темиров окуянын чоо-жайын Би-Би-Сиге айтып берген эле:

"Короодо үч киши күтүп туруптур. Бирөөсү артыман келип урду. Мен жыгылып түшкөндө үч тепкилеп кирди", - деген Би-Би-Сиге Темиров.

Ал кол салууну өзүнүн журналисттик ишмердигине түздөн түз тиешеси бар деп эсептейт.

Ошол эле учурда ИИМ бул кол салуу фактысы боюнча "тоноо" беренеси менен иш козгогонун билдирген жана кылмышкерлер кармалып, иштин чоо-жайы такталганда башка беренелер боюнча да иш каралат деп түшүндүргөн.

Болот Темиров иликтөө материалдарын даярдап келген factcheck.kg сайтынын башкы редактору. Журналисттик уюмдардын айтымында, бул редакция бир катар резонанстуу материалдарды жарыялаган. Алар коррупция, кызматтагы адамдардын кирешеси тууралуу болчу.

Ал эми акыркы жолу Бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Раимбек Матраимовдун жубайынын байлыктары тууралуу материал жарыялап, аны бир катар ЖМКлар тараткан эле дейт Медиа Полиси Институту. Бул материал чыккан эле күнү factcheck.kg менен аны көчүрүп жайылткан бир катар сайттарга чабуул болуп, иштебей калган.

Медиа Полиси Институту ошол чабуулду Болот Темировду коркутуу үчүн атайын ачык жүргүзүлгөн иш-аракет деп атаган. (КС)

Тектеш темалар