Орусиянын синдрому: бейөкмөт уюмдарга көзөмөл күчөйт

жарандык коом Сүрөттүн автордук укугу VYACHESLAV OSELEDKO

Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Райымкулов бейөкмөт уюмдарынын финансылык иш-аракеттерин көзөмөлдөө жөнүндө мыйзам долбоорун талкууга койду. Жаңы мыйзам кабыл алынса, коомдук фонддор жана уюмдар мамлекеттик органдарга кошумча отчет берүүгө милдеттендирилет.

Былтыр 8-мартта Бишкекте болгон бейөкмөт уюмдардын көчө жүрүшү коомдо кызуу талкууга түшкөндөн кийин, УКМК бейөкмөт уюмдар тууралуу Орусиядагыдай мыйзам керектигин айтып чыккан.

"Мыйзам кайтарылсын"

Жарандык коом жаңы демилгеге каршы чыгып, бийликке мыйзамды кайтарып алуу өтүнүчү менен кайрылды.

"Жаңы мыйзамды карап чыктым, ага ылайык кошумча отчетторду тапшырыш керек экен. Бул бейөкмөт уюмдарынын ишмердигин атайын оорлотууга багытталгандай. Кошумча көзөмөл эмнеге керек? Балким, жарандык коомдун саясатка көрсөтүп жаткан таасири азайтуу чарасы. Депутаттардын жагалдануу демилгеси эле го, аны кайтарып алуу керек", -деди жарандык активист Чоробек Сааданбек.

Сүрөттүн автордук укугу Social media
Image caption Чоробек Сааданбек, жарандык активист

Жаңы мыйзам кабыл алынса, коомдук уюмдар жыл сайын киреше-чыгашасы, мүлкү, кызматкерлери жана алардын эмгек акысы тууралуу отчет бериши керек болот.

"Саясат издебегиле"

Былтыр Аялдар күнүндө Бишкекте бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү жүрүшкө чыгып, анда феминист, ЛГБТ өкүлдөрүнүн да ураандары орун алганы коомдо кызуу резонанс жараткан. Ал окуялардан кийин УКМКнын ал кездеги төрага орун басары Орозбек Опумбаев депутаттарга кайрылып, Орусиядагыдай бейөкмөт уюмдары тууралуу мыйзам кабыл алууну да сунуштаган эле.

Ашынган улутчул "Кырк Чоро" уюму да ал марштан кийин жарандык коомду каржылоо булактары тууралуу маселени такай козгоп келет.

Бирок аталган мыйзамдын автору депутат Бактыбек Райымкулов бул жерден саясат издебеш керек деп жатат.

Сүрөттүн автордук укугу Official
Image caption "Республика - Ата -Журт" фракциясынын өкүлү Бактыбек Райымкулов

" Мыйзам менен бир жылда бир эле жолу бейөкмөт уюмдары киреше-чыгашасы тууралуу маалымат берсин деп жатабыз. Аны убагында бербей калгандарга карата "Бузуулар тууралуу кодекс" менен чара көрсө болот. Ашып кетсе беш-он миң сомдун тегерегинде айып пулга жыгылышы мүмкүн. Алар бир органга баш ийип, отчет берсин деген нерсе жок. Өкмөт аныктаганына жараша маалыматты Минюстка же Улуттук статистикалык комитетке бере берет", -деп түшүндүрдү депутат Би-Би-Сиге.

"Республика - Ата -Журт" фракциясынын өкүлү жаңы мыйзам долбоору терроризмге каршы көрүлгөн чара экенин да белгиледи.

"Мечит да бейөкмөт уюм"

Борбор Азия өлкөлөрүнөн Кыргызстан сөз эркиндиги жана демократияны алдыга сүрөгөн күчтүү жарандык коому менен айырмаланат.

Кыргызстандын Юстиция министрлигинде катталган бейөкмөт уюмдарынын саны 32 миңге чамалайт. Бирок алардын ичинен чындап активдүү иш жүргүзгөндөрү беш жүздүн тегерегинде гана. Анын үстүнө өлкөдө "бейөкмөт уюмдары" деген кеңири түшүнүк.

Сүрөттүн автордук укугу Offcial
Image caption Азиза Абдирасулова, укук коргоочу

"Коммерциялык эмес уюмдар дегенге ага мечиттер , медреселер, кайрымдуулук фонддору, саясий партиялар кирет. Бул жерде мыйзам, негизинен укук коргоо уюмдарына багытталып атат. Бирок биз ансыз деле ачыкпыз, ай сайын финансылык отчет берип турабыз. Бирок ошондой эле каражат же балким андан көп суммада мечит-медреселерге түшүп атпайбы. Аны ким текшерип атат? Мамлекеттин бүтүндүгү дейбиз, ошого түздөн түз катышы бар саясий партиялар деле сырттан каржыланып атат. Аны бирөө жарым көңүлгө алып атабы? ", -деп суроо салды укук коргоочу Азиза Абдирасулова.

Кыргызстанда бейөкмөт уюмдарын тизгиндөө аракети буга чейин 2015-жылы болгон. Анда чет элдик тынчылар тууралуу мыйзам даярдалып, бирок ал парламентте үчүнчү окуудан өтпөй калган эле.

Тектеш темалар