Чек аралаш айылдардын тургундары Бишкекке митингге келди

Баткендин Лейлек районунан келген жашоочулар
Image caption Баткендин Лейлек районунан келген жашоочулар

Баткендин Тажикстан менен чек аралаш айылдарынын тургундары Бишкекте Жогорку Кеңеш имаратынын алдына митингге чыгышты.

Алар бийликтен улам чыр чыгып жаткан чек ара маселесин тезирээк чечүүнү талап кылууда.

Таң атпай Баткенден учак менен келип эле акцияга чогулушканын айткан Лейлек районунун Катыраңкы айылдык кеңешинин төрагасы Сапарали Бөрүбаев акыркы чырда камалган төрт кыргызстандык жаранды бошотуу талабын койду.

"Төртөө Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Көк-Таш айылынын тургундары. Үчөө бир тууган, төртүнчүсү айылдашы. Аларга чагымчыл деп коюлган айып - жалаа. Биз аларды бошотуу жана чек ара чырын чечүү талабы менен Баткенде жана Бишкекте митингге чыгып отурабыз", - деди Бөрүбаев.

Image caption Лейлек районунун Катыраңкы айылдык кеңешинин төрагасы Сапарали Бөрүбаев

Лейлек районунан келген пенсионер Мусабек Турдукулов "бизди президент кабыл алсын, түшүндүрчү сөзүбүз бар" деди.

Лейлек районунун Кулунду айылынан келген Монус Бекботоева айылда тынч жашоо жок, балдар үчүн кооптонобуз деди Би-Би-Сиге:

"Кулунду Лейлектеги чоң айылдардын бири. Бизде жакшы эле. Бирок жаңы курулган Максат айылына балдарга үй салып бөлгөнбүз. Ал айылда жашоо болбой калды. Тынчтык жок. Чек араны тактап, бөлүп беришпесе ал жакта ким калат?".

Image caption 15.01.2020

Борбор калаадагы каршылык акциясына бир гана баткендиктер эмес, коомдук ишмерлер, жарандык активисттер чогулду.

Ошондой эле Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун чек ара чыры чыгып келген Көк-Таш айылынын тургундары келди.

Өзүн Делбирим деп тааныштырган жаран бул аймакта да чек ара зымын батыраак тартыш керек дейт:

"Көк-Таш айылы эң кооз жерлердин бири. Балалыгым ошол жакта өткөн. Мен акыркы жылдары Бишкекте турам. Жыл сайын айылга барганда, биз мурда кирип жүргөн жерлерге өтүүгө тыюу салынып калат. Бийлик колунан келсе, чек арага зым тартып берсин, чек ара улам бери жылып келатат".

Image caption 15.01.2020

Баткенде Тажикстан менен такталбаган жерлерде улам чыр тутанып, адам өмүрү кыйылган, жаракат алган учурлар катталып келет.

Акыркылардын бири 10-январда Баткен районундагы Көк-Таш айылындагы конфликт болуп калды. Анда түнү ок атылган. Айыл эли көчүрүлүп, кайра үйүнө кайтышкан.

Чек арада чагымчылдыкка катышкан деп айылдын төрт жараны камакка алынган.

Тажикстан кыргыз тарапты чырды баштоодо айыптады.

Image caption 15.01.2020

Окуядан кийин эки өлкөнүн президенттери телефондон сүйлөшкөн. Анын натыйжасында 14-январда, чек арага Тажикстандын Баткен районуна жакын аймагында эки мамлекеттин вице-премьер министрлери, өкмөт мүчөлөрү жолукту. (АК)