Кыргызстан: сүт азыктары Кытайга экспорттолот

сүт экспорту Сүрөттүн автордук укугу SERGEI GAPON

Кыргызстандын он үч ишканасына Кытайга сүт экспорттоо мүмкүнчүлүгү ачылды. Жергиликтүү ишкерлер азырынча кургак сүт жана сыр гана ташый алат.

Былтыр Кыргызстан 30 миң тонна сүт азыктарын экспорттой алды. Бирок ЕАЭБ алкагында Кыргызстанда өндүрүлгөн сүт күтүлгөндөй көп өлчөмдө экспорттолуп кеткен жок. Мындан улам кыргыз өкмөтү альтернативдик рынокторду издөөдө.

"Сүт азыктары дегенде кургак сүт, ынак сүт, сыр, айран, кефир деп бөлүнөт эмеспи. Экспорт үчүн ар бирине өзүнчө талап коюлат экен. Кытайдын Ветеринария жана санитария министрин Кыргызстанга чакырып келип, эпизоотиялык абал менен тааныштырдык. Анан сүт экспорту маселеси чечилип, келишимдерге кол коюлду. Бишкек, Чүй эле эмес, Ысык-Көл, Талас, Нарындагы сүттү кайра иштетүүчү ишканаларга өткөрүүгө уруксат алып бердик", -деди Ветеринария жана фитосанитария боюнча мамлекеттик инспекция жетекчиси Калыс Жумаканов Би-Би-Сиге.

Сүрөттүн автордук укугу Official
Image caption Ветеринария жана фитосанитария боюнча мамлекеттик инспекция жетекчиси Калыс Жумаканов

Кытайдын импорт реестри каттоого алган кыргызстандык ишканалар: "Ак-Жалга", "Талас даамы", "Ат-Башы сүт", "Май-Булак Каракол", "Ак-Булак плюс", "Сүт Булак", "Урсус", "Эмилия", "Шин-Лайн", "Клетцов Алексей", "Клименко", "Арашан" жана "Ак Сүт".

"Буга чейин Орусияга сүт ташып келгенбиз, Казакстан бизден көп албайт эле. Ал жакка беларус, украин сүтү контрабанда жолу менен алып келишет. Эми сунуштаган бааларына карап Кытайга экспорттоп баштайбыз. Мага Кытайдан сүт ташууга ортомчу компаниялар азыртан эле чыгып атышат. Эми Кытайдын өзүнөн да сунуштар болот деп күтүп атам",- деди Ысык-Көлдөгү "Ак-Жалга" ишканасынын жетекчиси Күлүйпа Жүзүмалиева.

Кыргызстан ЕАЭБге кирип жатканда кыргыз ишкерлеринин эт жана сүт азыктарын көп өлчөмдөө экспорттоо илгери үмүтү болгон эле. Бирок өлкөдөгү эпизоотиялык абалга шылтап, Казакстан эт-сүт продуктуларына маал-маалы менен чектөөлөр киргизип келди.

Соңку эки жылдан бери кыргыз өкмөтү альтернативдик рынок издеп жатканы байкалат.

Сүрөттүн автордук укугу Official
Image caption Кытай лидери Си Цзиньпин Кыргызстанда

"Кытай каалайбызбы-каалабайбызбы түбөлүк кошунабыз. Экинчиден, бул чоң рынок, андыктан алардын шарттарын-мыйзамдарын жакшы изилдеп туруп, алар менен алака-соода кылганды үйрөнүшүбүз керек. Колдон келсе, Кытай менен соода кылууда үч принципти карманышыбыз керек. Кыргызстанга алардын акчасы, технологиясы жана товарлары келиши мүмкүн. Кытай аябай өсүп келе жатат, ал жакта экологиялык таза продуктыларга: алма болобу же бал, өрүкпү, муктаждык бар. Ошону ташыш керек. Коркүп-үркүп, Кытай чоң бизди басып алат деген заман өтүп кетти да", -деди серепчи Алмазбек Акматалиев.

Кытай бийлиги "Бир кур, бир жол" платформасы алкагында Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн колдоого даяр экенин билдирип келет. Бирок соңку жылдары Кыргызстан бул платформанын алкагында, дегеле Кытай менен кызматташууда өз мүмкүнчүлүктөрүн толук пайдалана албай жатканы сындалып келген.

Былтыр Кытай лидери Си Цзиньпин өлкөгө расмий сапар менен келип, анда эки тараптуу экономикалык кызматташуу боюнча бир катар документтерге кол коюлган.

Тектеш темалар