Бензинге күйгөн келин күйөөсү менен элдешеби?

Үй-бүлөдөгү зомбулуктун курмандыктарынын басымдуусу аялдар Сүрөттүн автордук укугу Thinkstock
Image caption Үй-бүлөдөгү зомбулуктун курмандыктарынын басымдуусу аялдар

Милициянын берген маалыматына караганда, Караколдо күйөөсү бензин чачып өрттөгөн келин мурдаарак тосмо арыз жазган.

Бирок 33 жаштагы жабырлануучу Сатинанын апасы Райкан Шыйкымбаева тосмо арызын кайра алганы жатканын, кызы күйөөсүн кечирбей турганын билдирди.

"Кызым аны эч качан кчирбейт, ал кечирген күндө да биз кечире албайбыз. Буга чейин ал баланы канча жолу кечирдик, түшүнгөн, сезген да жок. Кызымы "түрмөдөн чыгып келсе сени өлтүрүп кетет" деп коркутушса тосмо арыз жазып бериптир, биз аны билген да эмеспиз", - деди Би-Би-Сиге Шыйкымбаева.

Анын айтымында, Сатина он күн ооруканага жатып чыкты, колдору, буттары болуп бир топ жери күйгөн. Учурда дарылануусун ата-энесинин үйүндө улантып жатат.

Сатинаны ата-энеси күйөө баласы өрт койгонго чейин да кызын ур-токмокко алып жүргөнүн билген.

"Чырларын билчүмүн, бирок кайра чуркап барып кечиришип, жакшы көрүп эле жашап кетчү. Эми андан коркпой эле кой деп жатабыз, ал өлтүрүп деле коймок. Мурда да бычак менен кубалап, элдер коргоп калган экен. Кайра-кайра кечирип койсо, башыбызга чыгып жатат. Бизден тажаал эне-ата болсо мурда эле бирдеме кылмак. Биз ата-энеси жок ушундай өскөн экен деп, урушпай акылыбызды айтып эле койчубуз. Эми кечирбейбиз", - деп сөзүн улады Райкан Шыйкымбаева.

Сүрөттүн автордук укугу Thinkstock

Укук коргоочулар элдештирүү көп болгондуктан жана чөйрөдөгү кайдыгерлик үй-бүлөдөгү зомбулукту азайтууга тоскоол болот дешет.

Зомбулукту азайтуу аракети

Аялдарга карата зомбулук менен күрөшүүгө атайын орган киришти. Январдан тарта бул милдет Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине берилди.

Министрликтин гендердик маселелер боюнча бөлүмүнүн башкы адиси Гулкайыр Апасова аялдарга карата зомбулуктун негизги себептеринин бири - билимсиздик.

"Үй-бүлөлөрдүн 12 пайызын жашы жете элек кыздар куруп жатат. Бул көп. Жетиштүү билим албай күйөөгө чыкса, өз укугун билбейт, өзүн коргой албайт да. Зомбулукту көзөмөлдөгөн мыйзам бар. Жабырлануучулар арыз жазып кайра кайтарып алып алышат. Ошондуктан азыркы мыйзамга ылайык, үй-бүлөлүк зомбулук боюнча бөтөн бир күбө кайрылса да окуя каралат. Бул боюнча 17 тарап субъект болуп эсептелет. Ал мамлекеттик органдар жана башкалар", - деди Би-Би-Сиге Апасова.

Мамлекет Бишкек менен Ошто кризистик борбору ачууну көздөп жатат. Мындай борборлордон учурда 14 иштейт жана укук коргоочулар ал жетишсиз экенин айтып келишет.

Бишкектеги "Сезим" кризистик борбору өзүн чакан деп эсептейт. Бирок ошолорго эле жылына 4000 чамалуу кайрылуу болду, жабырлануучуларга 20 орундан турган убактылуу баш калкалоочу жай берет.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

"Бизге кайрылгандардын 60 пайыздан ашыгы үй-бүлөдөгү зомбулукка байланыштуу. Алар психологдордон, психотерапевттерден жана юристтерден жардам алышат. Бизде жашап кеткендердин саны эле жылына 300гө жетет. Ички иштер министрилиги, прокуратура менен кызматташабыз. Кечээ ИИМге кат жаздык. Бизде беш баласы менен мас күйөөсүнөн качып жашап жаткан аял бар. Эмнеге андай күйөөсү үйүндө жатыш керек дагы, беш баласы менен аял көчөдө жүрүш керек?", - дейт "Сезим" кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова.

Өкмөт үй-бүлөдөгү зордук-зомблуктун алдын алуу боюнча планды бекитти. Анда үйдө зомбулук болгон учурларды аныктоо, укук коргоо органдарынын ыкчам жооп берүүсү, жабырлануучуларга жардам берүү өңдүү чаралар каралган.

Январдын башында Баткенде жана Нарында эки келин күйөөсүнүн токмогунан каза тапты. Алардын жана Караколдо бензинге күйнгөн Сатинанын жолдошу азыр абакта.

Расмий сандарга ылайык, өткөн жылы 5700дөн ашык аялга карата зомбулук учуру катталган.

Үй-бүлөлүк зомбулук учурунда коргоо ордери берилет жана айып пул салынат. Бирок Жогорку Кеңеште тартип бузуучуну 48 саатка камоо менен мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушталууда.

Тектеш темалар