Кыргызстанга качып келген дунгандар үйлөрүнө кайтууда

Апта соңундагы Казакстандын Кордай районундагы жаңжалдан улам Кыргызстандын аймагына качып өткөн дунгандар үйлөрүнө кайта баштады деп билдирди чек ара кызматы.

Биз Казакстан менен чек аралаш Кыргызстандын Дружба айылында болдук. Бул айылдагы төрт үйдө Казакстандан келген дунган улутундагы жетимиш тургун убактылуу жашап жатыптыр Сүрөттүн автордук укугу Rufat ergeshov
Image caption Биз Казакстан менен чек аралаш Кыргызстандын Дружба айылында болдук. Бул айылдагы төрт үйдө Казакстандан келген дунган улутундагы жетимиш тургун убактылуу жашап жатыптыр

"Чек ара өткөрмө бекетине кошумча күчтөр тартылып, күчөтүлгөн режимде иш алып барып жатабыз. Кишилер чек арадан улам өтүп тургандыктан, так санды айтуу кыйын. Казакстандан төрт миңден ашуун адам келген. Алардын миңден ашууну кайра кетти",-деди Кыргызстандын Чек ара кызматынын башкармалыгынын жетекчиси Нурлан Жалбиев.

Биз Казакстан менен чек аралаш Кыргызстандын Дружба айылында болдук. Бул айылдагы төрт үйдө Казакстандан келген дунган улутундагы жетимиш тургун убактылуу жашап жатыптыр. Негизинен туугандарыныкына келишкендер.

Казакстандан Кыргызстанга негизинен балалуу аялдар өткөн Сүрөттүн автордук укугу Rufat ergeshov
Image caption Казакстандан Кыргызстанга негизинен балалуу аялдар өткөн

"Балам 29 күндүк. Аны көтөрүп жөө келдим. Мени чек арадан кезексиз өткөрдү. Бирок мага окшоп колунда ымыркайы барлар көп болчу. Өзүм жалгыз эле келдим. Кайын энем узатып койду. Жолдошум менен алар калышты",-деди жаш келиндердин бири.

Зина Кыргызстанда убактылуу баш калкалап жаткан жүздөгөндөрдүн бири. Казакстандан Кыргызстанга негизинен балалуу аялдар өткөн.

"Биз 8-февралгакараган түнү коргонгонго аракет кылдык. Таң атпай Кыргызстан тарапка чыга баштадык. Чек арада таңкы жетиден кечки тогузга чейин кезекте турдук",-деди ысымын жашыруун калтырууну өтүнгөн казак жарандарынын бири. Чек арадан качып өткөн казакстандыктардын бир бөлүгү өлкөсүнө кайра кеткен.

Кыргызстан менен Казакстандын чек ара өтмөктөрүнө жакын аймакта Кыргызстандагы дунган диаспоралары чукул жардам көрсөтө турган штабдарды уюштурган Сүрөттүн автордук укугу Rufat ergeshov
Image caption Кыргызстан менен Казакстандын чек ара өтмөктөрүнө жакын аймакта Кыргызстандагы дунган диаспоралары чукул жардам көрсөтө турган штабдарды уюштурган

Биз маектешкен кыз-келиндердин айрымдары дагы бир-эки күн туугандарыныкына калып турууну пландап жатышканын айтып беришти.

"Кыргыз, өзбек, уйгур ким болбосун үйүмдө жашап турсун дешти. Ар кимдин үйлөрүндө туруп жатышат. Дагы бир мектепке жайгашышкан",-дейт атайын уюштурулган штабдын өкүлү Ибрахим Маянху. Кыргызстан менен Казакстандын чек ара өтмөктөрүнө жакын аймакта Кыргызстандагы дунган диаспоралары чукул жардам көрсөтө турган штабдарды уюштурган.

Кыргызстандын милициясы Сүрөттүн автордук укугу Rufat ergeshov
Image caption Кыргызстандын милициясы

Казакстан 8-январга караган түнү Жамбыл облусунун Кордай районуна караган Масанчи айылында кагылышуу болгонун билдирди. Конфликт дунгандар басымдуулук кылган төрт айылга тараган. Турак-жайлар, унаалар өрттөлүп, чарбалар талкаланган.

"Биздеги маалыматка ылайык, кайра кайткандар 4454 адам. Аукатты, Сортөбе, Масанчи, Каракемер айылдарынын барынын кириш чыгыштарына тосмолор коюлуп, тартипти сактоо иштери жүрүп жатат. Облустун акими Аскар Мырзахметов келтирилген зыян эсептелип жаткан айтты. Элге мобилдик кызмат көрсөтүү топтору түзүлдү ",-деди Би-Би-Сиге Жамбыл облустук администрациясынын басма сөз кызматынын өкүлү.

чек ара Сүрөттүн автордук укугу Rufat Ergeshov

Казакстан түштүгүндөгү Жамбыл облусунда болгон башаламандыктан сегиз киши каза таап, 40 киши жаракат алды. Жергиликтүү бийлик массалык мушташ жеке пикир келишпестиктен, "этникалык жаңжалга айланып" кеткенин кабарлаган эле.

Мушташ жума күнү кечинде дунган этникалык азчылыгы отурукташкан Масанчи кыштагынан чыккан. Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин окуянын кесепеттерин жоюу үчүн атайын өкмөттүк комиссия түздү.

Казак бийлиги "жеке пикир келишпестикти улут аралык жаңжалга айлантуунун көздөгөн чагымчыларды" айыптады. Мушташтын себеби белгисиз.

Дунгандар XIX кылымдын экинчи жарымында Кытайдан качып өтүшкөн. Тутунган дини ислам. Масанчи Казакстандагы дунган диаспорасы жыш отурукташкан айыл. 2009-жылдагы эл каттоо боюнча айылда 90 пайыз дунгандар, 5 пайыз казак жана беш пайыз орустар жашайт.

*