Кыргыз ишкери: 45 миллион сомумду Өзбекстанда алдырып, азапка баттым

К. Суванов: Адвокат аркылуу акчадан баш тартсаңар балдарды бошотобуз деп да айттырган учур болду. Бул кол шилтеп койгудай 65 сом эмес да? Сүрөттүн автордук укугу SOPA Images
Image caption К. Суванов: Адвокат аркылуу акчадан баш тартсаңар балдарды бошотобуз деп да айттырган учур болду. Бул кол шилтеп койгудай 65 сом эмес да?

60 жаштан өтүп калган кыргыз жараны Өзбекстандын атайын кызматына 650 миң АКШ долларын мыйзамсыз алдырып, баласы камалып, катуу кордук көргөнүн айтууда.

К. Суванов: Мен Жалал-Абад облусунан келдим. Ага-ини бир туугандардан алтообуз биригип, фирма ачып иштеп жүрөбүз. Негизи Өзбекстанга көмүр сатып, кайра ал жактан жер семирткич, курулуш материалдарын ташып келмей. Өткөн жылы чоң көйгөйгө кабылдык. Өзбекстандан адаттагыдай эле тонналап жер семирткич алмак болуп, 650 900 АКШ долларын топтодук. Өзүм Өзбекстанда туулуп өскөм. Кыргызстанда иштеп тээ илгери эле Кыргызстандын жарандыгын алгам. Уулум Өзбекстандын жараны, ошол жакта турат. Акчаны үч бөлүп, үч башка күнү уулумдукуна топтодук. Сумма толук болгондо акчаны алып, уулум заводго жөнөйт. Так ошол жолдо баратканда Өзбекстандын атайын кызматтары (СНБ) баламды токтотуп, колун кайрып, өзүн камап акчасын алып койду. Бул 2019-жылы 12-июнда болгон иш. Мага кабар жеткенден кийин эртеси 13-июлдан баштап Өзбекстанда барбаган жерим калган жок.

Сүрөттүн автордук укугу MARVIN RECINOS
Image caption К. Суванов: Сотто мен да сөз сүйлөйүн десем, сиз буга чейин эле айткансыз, сиздин акча мыйзамдуу акча экенин, баары жайында экенин жогорку жактагылар да билди. Сүйлөшүңүздүн кажети жок деди. Макул дедим

Би-Би-Си: Чындап эле сиз айтып жаткандай болсо, ири суммадагы каражатты алдырган экенсиз. Ал акчаны Өзбекстандык атайын кызматынын өкүлдөрү эмне деп тартып алды?

К. Суванов: Айтып жаткан жооптору таң калаарлык. Алар "акчаны Өзбекстандан Кыргызстанга аткезчилик кылып чыгарганы жаткансыңар" дейт. Эми ойлоп көрсөңөр, мен ал акчанын барын Кыргызстан менен Өзбекстандын "Достук" өткөрмө бекетинен ачык-айкын, мыйзамдуу ал жакка алып барсам, анан кайра ал жактан мыйзамсыз, аткезчилик менен алып чыгып жаныма эмне күч келиптир? Эгер ал акчаны Кыргызстанга чыгаруу керек болсо, анда ал жакка жибербей эле жылуу-жумшак Аксыдагы үйүмдө кармап жата бербейминби?

Би-Би-Си: Чындап эле алардын коюп жаткан айыптарын четке кага турган кандай далилдериңиз, документтериңиз бар?

К. Суванов: Эмне керек болсо, ошонун баары колумда бар. Биринчиден, ал акчаны чек ара өтмөгүнөн алып өттүм. Жашырып-жапкан жерим жок. Баарынын так суммасы көрсөтүлгөн, декларациясы турат. Жоготуп албайын деп ал декларациялардын түп нускасын колумдан чыгарбай катып олтурам. Экинчиден, ошол акчаларды Өзбекстанга алып барганга чейин менин ал жактагы заводго жер семирткичтин баалары, сатып алуу тууралуу жазган катым, алардын эсептеп, ушунча сумма болот деп фирмалык бланк менен жиберген расмий каты да колумда турат.

Image caption К. Суванов: Ага чейин декларацияңыз барбы деп судья сураган эле. Бул документ жоголо турган болсо, мен эч нерсени далилдей албай калам, мен колумдан чыгарбай кармап туруп көргөзөм деп аларга да көргөзгөм.

Би-Би-Си: Мынча каражатты тобокелге салбай эле банк аркылуу которууга болот беле?

К. Суванов: Болмок. Буга чейин биз ошентип иштеп келгенбиз. Бирок, ал ыкма менен иштесең убарасы да абдан көп. Акчаны банк аркылуу которгонуң менен каалаган күнү, каалаган убактында эле керектүү сумманы дароо ала албайсың? Аябай кечигет, машакаты көп. Ишкерге бул чоң тоскоолдук. Өзбекстандын президенти "ушунун баарын өзгөртөбүз, четтен келген ишкер, инвесторлордун каражатын коргойбуз, керек болсо вагондоп акча алып кире бергиле" деген кайрылуусунан улам жакшы болгон экен деп ушул жолду тандаган элек да.

Сүрөттүн автордук укугу Natalia Fedosenko
Image caption К. Суванов: Акчаны үч бөлүп, үч башка күнү уулумдукуна топтодук. Сумма толук болгондо акчаны алып, уулум заводго жөнөйт. Так ошол жолдо баратканда Өзбекстандын атайын кызматтары (СНБ) баламды токтотуп, колун кайрып, өзүн камап акчасын алып койду.

Би-Би-Си: Одоно мыйзам бузуу болуп жатканы жөнүндө доо арыз менен сотко кайрылдыңызбы?

К. Суванов: Ооба, кайрылдым. Оштон атайын жактоочу да жалдадым. Эки жолу сот болгон. Кийинки сот жыйырманчы ноябрда өтөт деп жатып эле, ага жетпей эле болот экен деп угуп калдык. Он төртүнчү же он бешинчи ноябрда сот болду. Сотто мен да сөз сүйлөйүн десем, сиз буга чейин эле айткансыз, сиздин акча мыйзамдуу акча экенин, баары жайында экенин жогорку жактагылар да билди. Сүйлөшүңүздүн кажети жок деди. Ишендим. Ага чейин декларацияңыз барбы деп судья сураган эле. Бул документ жоголо турган болсо, мен эч нерсени далилдей албай калам, мен колумдан чыгарбай кармап туруп көргөзөм деп аларга да көргөзгөм. Ошол акыркы сотто кеңешмеге кирип кетишти, баары жакшы жүрүп жаткан. Ал тургай ошол жакта иштегендерден келип, биздин жактоочуларды куттуктап, силер сотто уттуңар, азыр акчаны да аласыңар, кармалган балдар да бошойт деп кеткен. Аңгыча эле сот чыгып, акча конфискациялансын, балдар беш жылга камалсын деп өкүмдү окуп басып кетти. Дендароо эле болуп калдык.

Image caption Өзбекстанда ири суммадагы акчамды алдырып жибердим деген ишкер Каримжан Суванов

Би-Би-Си: Уулуңузду кармаган учурда ал жалгыз эмес экен, жанында кимдер бар эле жана алар кимдер?

К. Суванов: Балам, жездеси жана ошол айылдык айдоочу. Баары Өзбекстандын жарандары. Балам менен жездеси кайда баратканын билсе да айдоочу керек болсо машинеде ошончо акча алып бара жатканын билген эмес.

Би-Би-Си: Сот адилетсиз болду деп жатасыз. Эми мындан аркы кадамыңыз кандай болот? Эмне кыласыз?

К. Суванов: Эмне кыла алам? Өкүмзордук өзөктү өрттөп, айлабыз кетип турат. Бул акча жалгыз меники эмес. Туугандардыкы, ар кимден карыздап алган акча эле да. Азыр белчеден карызга да батып калдык. Таянаарыбыз бийлигибиз, бийлик бизди коргоп албаса башка ким коргойт бизди. Мен зарлап кайрылып жатам. Өзбекстанда сот адилетсиз өттү. Адвокат аркылуу акчадан баш тартсаңар балдарды бошотобуз деп да айттырган учур болду. Бул кол шилтеп койгудай 65 сом эмес да? Уулумдун биринчи жазган түшүнүгү такыр башка. Анда болгонун болгондой жазган экен, кийин үч күн бою ур-токмокко алып, такыр башка түшүнүк жаздырып алыптыр. Анын баары сотто да белгилүү болду. Эмне кылып алмак эле, таянаары жок деп билгенин жасап жатышат окшойт...

Тема боюнча башка макалалар