Жаңы вице-премьер-министрге чек ара чырларын чечүү милдети жүктөлдү

Абылгазиев

Өз арызы менен кызматынан кеткен вице-премьер-министр Жеңиш Раззаковдун ордуна өкмөттүн Баткендеги өкүлү Акрам Мадумаровдун талапкерлиги көрсөтүлүп, Жогорку Кеңеште колдоо тапты.

42 жаштагы Акрам Мадумаров Баткендин Кадамжай районунда төрөлгөн. Өткөн жылдын апрелинен тарта өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү болуп иштеп жаткан. Ошондуктан жергиликтүү элдин шартын жана өзгөчөлүктөрүн жакшы билет деген негизде тандалып алынды.

Анткен менен коалициялык көпчүлүктө жалгыз каршы болгон депутат Рыскелди Момбеков дал ушул көз караш менен жетекчи тандоону жаңылыштык деп жатат.

"Каршы болгон себебим, Ж.Разаков үч жарым жыл Баткендин губернатору, үч жарым жыл вице-премьер-министр болуп, жети жылда чек араны жети метр чече алган жок. Баткендин дагы бир губернаторун алып келгени жатышат. Анда Баткендин губернаторуна вице-премьер-министрликтин статусун бергиле деп каршы болдум",-деди Рыскелди Момбеков.

Кадамжай районунда төрт жылдай аким болуп иштеп, 2017-жылы президенттик аппаратттын жетекчи орун басары болуп турган. Андан кийин 2017-2019-жылдары Мамлекеттик кадр кызматын жетектеди.

Билими боюнча ветеринар, ошондой эле дипакадемияда окуган. Ошол себептүү анын адистиги жана вице катары аткара турган иши жөнүндө суроолор болбой койгон жок.

"Бирөөңдө галстук жок"

Жакында эле Мадумаров мугалимдерди галсту тагынбайсыңар деп тилдеген сөзү менен коомчулуктун сынына кабылган. Өкмөттүн Баткендеги өкүлү катары Акрам Мадумаров Кызыл-Кыя педагогикалык институтунун окутуучулары менен жолуккан. Коомдук сайттарга тараган видеодон:

"Адам биринчи өзүнөн башташ керек. Силер мугалимсиңер, бүт мугалимдер менен учурашып жатам, бирөөңдө галстук жок. Азыр ишпи десем, иш деп жатасыңар. Анан эмне үчүн галстугу жок жүрөсүңөр?",-деп өкмөттүн өкүлү окуу жайдын мугалимдерин тилдеп жатканын көрүүгө болот.

Анын бул сөзүнө парламентте дагы сын айткандар болду. Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков президентке кайрылып, мындай билдирүүлөрү үчүн өкмөт өкүлдөрүнө чара көрүүнү талап кылган эле.

"Үмүт-үмүт деп атып үч вицеңиз кетти"

Мурдакы вице-премьер-министр күч органдарынын ишин координациялап келген. Андан сырткары коррупцияга каршы күрөштү жүргүзүүгө баш көз болуп турган.

Бул кызматка жаңы келген вице-премьер күч органдарынын иши, коррупция менен күрөшүү сыяктуу иштер эмес, эң оболу чек арадагы талаштуу маселелерди чечүү менен алек болмокчу.

Мухаммедкалый Абылгазиев жаңы вице-премьер бул ишти аткара алат деген үмүтү чоң экенин билдирди.

"Үмүт-үмүт деп атып сиздин үч вицеңиз кетти. Өкмөттүн жарымы кетти. Үмүт менен келатабыз биз деле. Андан көрөкчө өзүңүз эле кетип калсаңыз жакшы болмок, улам бирөөнү алмаштыра бербей",-деди депутат Максат Сабиров.

Коопсуздук саясатын жана күч органдарынын ишин координация кылууну премьер-министр өзүнүн колуна алып жатканын билдирди.

Сүрөттүн автордук укугу АСКАР БАЙМУРАТОВ
Image caption 2019-жылдын декабарындагы чек ара чатагы

Өткөн жылы мамлекеттик чек ара тилкесинде ар кандай мүнөздөгү 16 чыр-чатак катталып, алардын басымдуу бөлүгү кыргыз-тажик чек арасында болду.

Бир нече ирет ок атышуу менен коштолгон чек ара жаңжалдары чыгып, каза тапкандар, жаракат алгандар болду. Тараптар ар бир жаңжал сайын жолугушууларды өткөрүп, чек ара чатагын алдын алуу убадаларын бергени менен, чыр-чатак токтогон жок. (AbA)

Тектеш темалар