Абдырахматова: шайлоону уюштурууга даярдык жок

Боршайкомдун мүчөсү Атыр Абдрахматова мурунку шайлоолор да тос-тополоң, даярдыксыз өткөнүн айтты Сүрөттүн автордук укугу Social Media
Image caption Боршайкомдун мүчөсү Атыр Абдрахматова мурунку шайлоолор да тос-тополоң, даярдыксыз өткөнүн айтты

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Атыр Абдрахматова жергиликтүү шайлоо өтчү шаарларда каттоого көп адам туруп жатканына кандайдыр баа берилиш керек деди. Абдрахматова бул шайлоонун бир эле маселеси экенин, шайлоо өткөрүүгө даярдык жоктугун белгиледи. Бул үчүн жоопкерчилик так бөлүштүрүлбөгөнүн айтты БШК мүчөсү.

Би-Би-Си Абдрахматова менен маектешип, адегенде катталып жаткан жарандар тууралуу сурады.

Атыр Абдрахматова: Мыйзамга ылайык, жарандар туруктуу катталат. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо мыйзамы боюнча, шайлоочулар жергиликтүү жамааттын мүчөсү болуш керек. Мен Токмок шаарына жумуштарым менен барып чынында адамдарды ташып келип жатканын көрдүм. Алардын басымдуусу аялдар экен. Унааны алысыраак жерден токтотуп, бери ээрчитип келип, имараттын ичинен башка бала тосуп алып каттоосун өткөрүп жатат.

Мен шайлоо процессинде 2003-жылдан бери жүрөм. Бул ыкманы унаа менен добуш берүүгө көп адамды ташып келгенде колдонушчу. Паспорт мекемесинен канча киши катталганын сурасам купуя сыр деп жооп беришкен жок. бирок мен аты-жөнүн, дарегин сураган жокмун да, канча деген санды сурадым. Ага чейин Мамлекеттик каттоо кызматы миңдей адам деп жаткан.

Келип ушул жагдай боюнча БШКнын мүчөлөрүнө, жетекчиликке айттым. Ар кандай оюндардан алыс болоюн деп ар бирине кагаз түрүндө бердим. Ошондон кийин жыйынга чогулдук. Ага башкы прокурордун орун басары, мамлекеттик коопсуздук боюнча комитет жетекчисинин орун басары, мамлекеттик каттоо кызматынын башчысынын орун басары, Ички иштер министрлигинен келди. Ошол жерде Мамлекеттик каттоо кызматы Ош шаарында 2020-жылдын 1-январынан баштап 11-февралына чейин 33 миң 805 адам жаңы каттоого турганын расмий айтты. Ошол эле кезде өткөн жылы бир жыл ичинде Ошко 36 миң 35 киши катталган.

Маекти толугу менен бул жерден угуңуз:

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
БШК мүчөсү Атыр Абдрахматова шайлоону уюштурууга даярдык жок деди.