Ош ИИБ: активисттерди опузалоону териштиребиз

Улан Үсөйүн жаштарга арналаган окутууларды, долбоорлорду үйюштуруп жүрөт Сүрөттүн автордук укугу Social Media
Image caption Улан Үсөйүн жаштарга арналаган окутууларды, долбоорлорду үйюштуруп жүрөт

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков активисттерди белгисиз жарандар опузалаганы боюнча арыз түшпөгөнүн билдирди. Ал буга карабай окуя териштирилет деди Би-Би-Сиге.

Замир Сыдыков Улан Үсөйүн аттуу жарандык активисттин ишине белгисиз тургундар тоскоолдук кылганы боюнча ЖМКдан маалымат алышканын билдирди.

"14-февралда түшкө чейин бул боюнча шаардык ички иштер башкармалыгына эч ким арыз менен кайрылган жок. Айрым интернет сайттары укук коргоо органдарынын да тиешеси болушу мүмкүн деп жазышты. Укук коргоо органдары мындай саясий шоуга катышпайт, чагымчылдыкты уюштурбайт. Бирөөгө кол салуу корунучу жаралса коргоо үчүн барышы мүмкүн", - деди Би-Би-Сиге Сыдыков.

Укук коргоо органдарын жалпылап күнөөлөгө негиз жок деген Сыдыков арыз түшпөсө да бул окуя териштирилерин кошумчалады.

Бир катар басылмалар жазгандай, жарандык активист Улан Үсөйүн 13-февралда Ош шаарында аялдар жана белгисиз эркек кишилер тарабынан опузаланган. Окуя жергиликтүү тургундар менен "Валить нельзя остаться" аттуу лекция башталаар алдында болгон.

Үсөйүн тартып алган видеого караганда, белгисиз кишилер телефону менен видео тартпоосун, сыртка чыгуусун талап кылышкан.

Окуядан кийин лекция аягына чейин өткөн.

Тектеш темалар