Түркия эмне үчүн "Вефа Центрди" өзүнүкү деп эсептейт?

"Вефа Центр" соода борборун Түркия өкмөтү өзүнүкү деп эсептейт Сүрөттүн автордук укугу vefacenter.kg
Image caption "Вефа Центр" соода борборун Түркия өкмөтү өзүнүкү деп эсептейт

"Вефа Центр" соода борбору кимге таандык экенин сот аныктоо алдында турат. Инстанциялардын баарынан өткөндөн кийин кайра баштан каралып жаткан иш экинчи жолу Жогорку Сотко жетти.

Анын жарымын 2016-жылдан бери жергиликтүү жетекчинин алдында "Аруу Жылдыз" жоопкерчилиги чектелген коом иштетип келет. 2018-жылы Түркиянын мамлекеттик ишканасы "Өзгүн Иншаат" "Вефаны" кайтарып алуу үчүн Бишкекте сотко кайрылган.

Жогорку Сот 20-февралдагы отурумда өкүм чыгарышы мүмкүн.

Мурдагы жеке ишкана "Өзгүн Иншаат" "Вефаны" 2006-жылы курган. 2016-жылы Түркиядагы төңкөрүш аракетинен кийин мамлекет "Өзгүн Иншаатты" улутташтырган.

Доогер: "Вефаны" улутташтыруу төңкөрүш аракетине чейин башталган

"Аруу Жылдыз" "Вефаны" 2016-жылы сатып алган. Түркия ал улутташтырылгандан кийин мыйзамсыз сатылган деп жатат. Доогер соода борборун сатууда көз боёмочулук, Фетхуллах Гүлендин жолун жолдоочулардын "Өзгүн Иншааттан" активдерди чыгарып кетүүнүн амалы болгон дешет.

Райондук жана шаардык сот кыргызстандык ишкердин кызыкчылыгына чечкен. Жогорку Сот ишти кайра баштан кароо үчүн биринчи инстанцияга жиберген.

"Түркияда Фетхуллах Гүлен менен байланыштарды иликтөө 2014-жылы башталган. "Кайнак Холдингден" төмөн карай бутактарын териштирген. Тергөө иштери, мүлктөрдү камакка алуу жүрүп жатканда компания чет жердеги мүлктөргө акционерлердин чечими зарыл деп жобосун өзгөрткөн. Бул 2015-жылы 19-ноябрда болгон. Бул жобо 25-декабрда күчүнө кирген. Айверди Хулиси аттуу жаран мүлктү башкарууга ишеним катты 2015-жылы 30-ноябрда алган. Ал эми акционерлер менен келишимдер 2016-жылы февралда ишке ашып жатат. Жобо ишеним каттан жогору турат. Анын соода борборуна укук алган ишеним каты болгон күндө да, акционерлердин чечими болгон эмес. Хулиси директорлор кеңешинин башка чечиминин негизинде "Вефаны" "Аруу Жылдызга" 2016-жылы февралда берип койгон", - деди "Өзгүн Иншаат" ишканасынын адвокаты Алия Турумбекова.

Бирок Жогорку Сот ишти биринчи интанцияга бул себептен кайтарган эмес. Ишеним каттагы "башкаруу" сөзүнө байланыштуу болгон. Сот ишеним каттын котормосунда ушул сөздү таба алган эмес. Бирок экинчи сыйра ишти караганда биринчи жана экинчи инстанция түркчө берилген документте ал сөз бар экенин көрсөткөн.

Image caption "Вефа Центрдин" азыркы ээси Умсун Назарбекова "гүленчилерге" тийешеси жок экенин, борборду сатып алганын айтат

Бул талашта "Вефа" соода борборунун 50 пайызы тууралуу сөз болуп жатат. Калган 50 пайызына түркиялык башка жаран ээлик кылат.

"Террорист эмесмин, бешене тер менен тапкан акчага сатып алгам"

Ал эми экинчи тарап - "Аруу Жылдыздын" башкы директору Умсун Назарбекова соода борборунун 50 пайызын 8 миллион долларга сатып алганын, Фетхуллах Гүленге тиешеси жок экенин айтты.

Анын адвокаты Людмила Горлова "Өзгүн Иншаат" 2016-жылы 15-16-июлдагы төңкөрүш аракетинен кийин улутташтырылганын, ал эми "Аруу Жылдыз" "Вефаны" жарым жыл мурда сатып алганын айтты.

"Вефа" Тажикстанда да бар. Түркия эки өлкөдө сотко арыз менен бир учурда кайрылган. Тажикстандын соту мөөнөтү эски болгондуктан ишти кароодон баш тарткан.

"Ишти тыкыр, терең карап чыккандан кийин биринчи жана экинчи инстанциядагы сот Жарандык кодекстин 195-беренсине ылайык "Өзгүн Иншааттын" эч кандай укугу бузулбаганын аныктады. "Вефа" алдоо жолу менен же милдетинен аша чаап алынбаганын тастыктады. "Аруу Жылдыз" жоопкерчилиги чектелген коому түзүлүп, ага акционердик коом уставдык капиталы менен кирип жатат, үлүшү 99,96 пайыз", - деди "Вефанын" азыркы ээсинин адвокаты Людмила Горлова.

Жоопкер тарап бардык акционерлерден ишеним кат алынган дейт.

Сүрөттүн автордук укугу vefacenter.kg
Image caption "Вефа Центр" соода борборунун жарымы башка жаранга таандык

Ишти сот экинчи жолу кайра караганда да эки инстанция мурунку эле чечимин чыгарды. Эми акыркы чечим Жогорку Сотто.

"Менин оюмча Түркия тараптын Жогорку Сотто ишенген адамы болгондуктан кичинекей шылтоо менен ишти кайра биринчи инстанцияга жиберип койду. Биринчи жана экинчи инстанцияда төрт жолу утуп, эми кайра Жогорку Сотко жетип отурабыз. Менин коркконум - Жогорку Сотто туура эмес иштер болуп, чындык башка нукка бурулуп кетпесе экен деп президентке кайрылам", - деди Умсун Назарбекова.

Жоопкерчилиги чектелген "Аруу Жылдыз" 2016-жылы февралда түзүлүп, "Вефаны" октябрда сатып алганынын билдирди.

"Аруу Жылдыз" жылына бюджетке эки млн менен үч млн сомдун арасында салык төлөөрүн, 800 чамалуу кишини иш менен камсыз кылып жатканын кошумчалады.

"Эки дөө кармашса, кара чымын кырылат"

Акыркы инстанцияга келгенде сотко Түркиянын элчиси Женгиз Камил Фырат катышууда.

Жарандык активист Гүлжигит Исаков Кыргызстан өз ишкерлерин, ички инвесторлорун коргош керек деди.

"Мындай соттошуу негизсиз. Биздин бийлик туура чечим кабыл алыш керек. Жогорку Кеңштин депутаттарынын ичинен тынбай Түркияга каттап, алардын кызыкчылыгын сүрөп тургандарын жакшы билебиз. Мындай нерсени токтотуш керек. Биздин ишкерлерди колдоп, өзүбүздүн улуттук кызыкчылыкты жактаганда гана өнүгөбүз", - дейт Исаков.

Сүрөттүн автордук укугу vefacenter.kg
Image caption Умсун Назарбекова "Вефа Центр" соода борборунда 189 ижарачы иштейт дейт

Түркия "Вефанын" мурдагы ээси Мустафа Озжанга издөө салган. Озжан он тогуз компанияны бириктирген "Кайнак Холдингдин" директорлор кеңешинин төрагасы болгон. "Вефа" ошолордун бири.

2016-жылы 15-16-июлда Түркиядагы аскерий төңкөрүш жасоо аракетин бийлик диний ишмер Фетхуллах Гүлен башында турган кыймыл жасаганын билдирген. Көп жылдан бери АКШда бозгунда жүргөн Гүлен өзүнүн тийешеси жок экенин билдирген.

Түркия алардын кыйымылы ФЕТОну террористтик уюм деп тааныйт.

Эрдогандын бийлиги төңкөрүш аракетинен кийин Фетхуллахтын жолун жолдоочуларды камап, издөө жарыялап жана мүлктөрүн мамлекетке өткөргөн.

Расмий Анкара Бишкекке "гүленчилер" тууралуу эскертүү берип, алар коркунучтуу, террорист экенин бир нече ирет айтты. Кыргызстандын бийлиги ага бир беткей реакция жасаган жок.

Тектеш темалар