Президент шайлоодогу босого чек жөнүндө үн катты

Президент Сооронбай Жээнбеков 20-февралда ЖКда сүйлөдү Сүрөттүн автордук укугу President.kg
Image caption Президент Сооронбай Жээнбеков 20-февралда ЖКда сүйлөдү

Президент Сооронбай Жээнбеков парламентке өтүүгө 7 пайыздык босого Кыргызстан үчүн ылайык экенин айтты. Ал ар бир партияга бирдей карарын, параламентке ким келбесин элдин кызыкчылыгы үчүн чогуу иштешээрин билдирди.

Парламенттик шайлоого жети ай калды. Дагы кандай эрежелер өзгөрүшү мүмкүн?

"Партиялык система түрдүү катмарды бириктирет"

Коомдо азыркыга чейин партиялык системадан баш тартуу сунуштары талкууланып келетат.

Ошондой пикирлердин бири - шайлоо моделин бир мандаттуу округдан кылып өзгөртүү сунушу Бишкектеги жыйында бүгүн эле айтылды.

Ал тапта президент Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып партиялык системаны бекемдеш керектигин белгиледи.

"Партиялык системаны өнүктүрүү чоң мааниге ээ. Партиялык система партияларды ирилештирет, регионализмди жоготот, программаларды, идеяларды бириктирет, партиялардын социалдык базасын кеңейтет, коомдун ар кандай катмарындагы адамдардын биригүүсүн шарттайт. Парламенттин сапаттык курамына партиялар жоопкер. Ал партиялардын түзгөн тизмесинен көз каранды. Бул маселени бир гана лидер чечпей, партиялык демократия болушу абзел. Партиянын жетекчиси гана депутаттык мандаттардын тагдырын чечкен вождизм болбош керек", - деди президент Жээнбеков.

"9 пайыздык шайлоо босогосуна даяр эмеспиз"

Президентти жана Жогорку Кеңешти шайлоо боюнча мыйзамга 2017-жылы өзгөртүү кирип, парламенттик шайлоо босогосу 9 пайыз кылынган. Муну төмөндөтүү боюнча мыйзам долбоору ушу тапта Жогорку Кеңештин кароосунда. Тогуз пайыздык чекти сунуштаган депутаттар учурунда парламентке салмактуу партиялардын келишине шарт түзүшүбүз керек дешкен.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Кийинки парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт

Президент 9 пайыздык чек Кыргызстан үчүн эрте экенин айтып, бүгүн бул боюнча да багыт бергендей болду.

"Коомчулуктагы талкуулар көрсөткөндөй буга саясий күчтөр, партиялар, партия лидерлери даяр эмес... Биздин партияларды ирилештирүүгө азыр эртерээк болоору көрүндү. Жети пайыздык чек - бул биз басып өткөн, сыноодон өткөн жол", - деди президент парламентте.

Саясий ар түрдүүлүктү жактаган айрым өлкөлөрдө парламентке өтүү чеги беш же үч пайызга чейин төмөн. Президент 3-5 пайызга түшүрөлү, жаштар же билинбеген күчтөр өтсүн деген сунуштар элге жагыныш үчүн айтылган чакырыктар деди.

Саясат талдоочу, жаш партия менен шайлоолорго бараткан Сейтек Качкынбай босого 7 пайызга түшүп калса, алар үчүн жоктон жогору болорун айтты.

"Босого чекти жети пайызга түшүрүү сунушу Жогорку Кеңешке киргизилген. Депутаттар макул деген добушун берсе, бир айда жети пайызга түшүп калат. Президент мырза да буга өзү ышаарат жасады. Ошондуктан жети пайыз болуп калат окшойт деп үмүт кылып жатабыз. Жоктон жогору. Эгер жетиге түшсө, бул жолу 150 миң чамалуу добуш алсаң парламентке өткөнгө мүмкүнчүлүк болот", - деди Би-Би-Сиге Сейтек Качкынбай.

Анын айтымында, шайлоо босогосу 9 пайыз болсо, парламентке келүү үчүн 170 миң добуштан ашык алыш керек.

Сүрөттүн автордук укугу Social Media
Image caption Сейтек Качкынбай 7 пайыздык босого чек да жогору деп эсептейт

Сейтек Качкынбай жети пайыздык чек деле жогору экенин, ал парламентке дале байлардын келишине шарт түзөрүн кошумчалады. Бирок коомдун өзүндө жаңы кишилерге талап болгондуктан партиялар курамын жаңылаганга умтулууда дейт Сейтек Качкынбай.

Депутатты тандоо модели

Азыр ошондой эле эл саясий партияны эмес, талапкерлерин бюллетенден көрүп шайласын деген талкуу да уланууда.

Саясат талдоочу Алмазбек Акматалиев парламенттик шайлоо менен жарыша олуттуу мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү оңой эмес дейт.

"Жогорку Кеңеш башка өзгөртүүлөргө жетишпей деле калышы мүмкүн. Ага карабай, азыр "топ Жогорку Кеңеште" деп ойлойм. Өздөрү кандай өзгөртүү киргизебиз десе, киргизип алыш керек. Президент айтты дей бергенде болбойт. Ал мыйзамды сыйлайм, Жогорку Кеңеш кандай чечсе, ошондой болот дегендин четин чыгарды", - деген пикирде Акматалиев.

Бул боюнча Жогорку Кеңештин айрым депутаттары преференциалдык шайлоо модели боюнча мыйзам долбоорун сунуштаган.

Шааниси көп шайлоого даярдык кандай?

2019-жылы шайлоо тийешелүү мыйзамдардын топтому кабыл алынган. Ага ылайык, партиялардын каражатын тескөө, партияларды шайлоодон жарым жыл мурда каттоо өңдүү жаңылыктар кирген.

Сүрөттүн автордук укугу Social Media
Image caption Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Атыр Абдрахматова

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Атыр Абдрахматова мыйзамдардын өзгөрүшүнө башка укуктук ченемдерди шайкеш келтирүү иштери азыркыга чейин бүтпөй жатканын, даярдык жок экенин айтты.

"Шайлоо мыйзамдары өзгөртүлгөнүнө жети ай болду. Чийки жоболор бар. БШКнын жыйынында жети айдан бери эмнеге жетекчилик аппарат менен иштешкен жок дедим. Мен эки-үч ай мурда, жоболор кайда, иштеп чыгаралы деп сурагам. Анткени шайлоо башталды деп президенттин жарлыгы чыкканда массалык маалымат каражатыбы, шайлоочубу, партиябы же талапкер болобу кайсы жол-жобо менен жашап, иштеп жатканыбызды так көрүп туруш керек. БШКнын сайтына киргенде баары даана болушу зарыл", - деди Би-Би-Сиге Атыр Абдрахматова.

Кыргызстан бир мандаттуу округдук шайлоо модели, партиялык система жана аралаш болуп өзгөрүп отуруп 2009-жылдан бери партиялык система менен келатат.

Бирок аны сындагандар региондордун кызыкчылыгы аз болуп, парламентке өтүүгө байларга гана шарт түзүлүүдө дешет. Мындан улам азыркы чакырылыштын сапатына да сындар көп.

Айрым экскперттер Кыргызстада чыныгы партия түптөлө электигин айтып, аларды акчасы жана региондо аброю барлардын убактылуу биримдиги деп аташат.

Азыркы чакырылыш 2015-жылы шайланган.

Кийинки парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт.

Тектеш темалар