Коронавируска шектелген кыргызстандык ооруканада

"Даймон Принцесс" кемеси Йокохакма портунда карантинге алынып, 21-февралда жүргүнчүлөр толук чыгарылып жатат Сүрөттүн автордук укугу EPA
Image caption "Даймонд Принцесс" кемеси Йокохама портунда карантинге алынып, 21-февралда жүргүнчүлөр толук чыгарылып жатат

Коронавируска шектелип, "Даймонд Принцесс" саякат кемесинде карантинге алынган кыргызстандык жаран Жапонияда ооруканада. ТИМ аны менен Кыргызстандын Токиодогу элчилиги тыгыз байланышта экенин билдирди.

Тышкы иштер министрлигинин берген маалыматына ылайык, вируска шектелген кыргызстандык Йокогамадагы мамлекеттик ооруканага жаткырылган. Анда вирус жок, көзөмөлгө алынып жатат дейт тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов.

"Бардык жерде карантин мөөнөтү он төрт күн. Ошондуктан ал ооруканага 14 күн жатат деп божомолдоп жатабыз. Биздин элчилик күнү-түнү байланышта. Ал ким экенин, үй-бүлөсүн билебиз. Бирок өзүнүн өтүнүчүнө ылайык жакындарына айткан жокпуз", - деди Абдрахманов.

Ал кыргызстандыктын саламаттыгы жана психологиялык абалы жакшы деди.

ТИМдин маалыматына ылайык, кыргыз жараны каютадагы коңшусунан вирус табылгандыктан көзөмөлдө болуп жатат.

Ал кемеде техникалык кызматкер болуп иштейт. "Даймонд Принцесс" кемесинин жетекчилери вируска шектелгендердин тизмесин 16-февралда чыгарган, анда бир кыргызстандык бар болчу.

Тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов кыргызстандык жаран болжолдуу 17-февралда ооруканага чыгарылды дейт.

Image caption Тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов

Круиздик лайнер 5-февралда Гонконгдо түшкөн бир кишиден вирус табылгандан кийин карантинге алынган.

Карантин мөөнөтү бүткөндөн кийин, шаршембиде же 19-февралда вирус жуктурбаган жүргүнчүлөр кемеден бошотулду.

"Даймонд Принцесс" кемесинде 620дан ашык кишиге вирус жукканы тастыкталган. Жапониялык 80 жаштан ашкан эки жүргүнчү көз жумду.

Круиздик кемеде жалпы 3700 адам болгон.

Кыргызстандагы абал

Ал тапта Кыргызстанда вируска шектелгендер жок. 28-январдан 21-февралга чейин Кытайдан үчүнчү өлкөлөр аркылуу 1200дөн ашык киши келген. Ушу тапта Кытайдан келген 164 адамга медициналык жайларда байкоо салынууда. Ал эми калгандары үйлөрүндө дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Кыргызстандын саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев вирустун алдын алуу боюнча дале күчөтүлгөн тартипте иштеп жатабыз деди.

"Өлкө боюнча 22 санитардык - карантиндик түйүндөр ички жана тышкы чек араларда иш алып барууда. Ал жерлерде биздин кесипкөй вирусологдор, эпидемиологдор, инфекционисттер жана башка дарыгерлер иштеп жатат", - деди Чолпонбаев.

Image caption Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев

Вирустун кесепетинен Кыргызстанда медициналык маскалар жана айрым товарлар кымбаттады.

Саламаттыкты сактоо министринин айтымында, медициналык жайларда 21-февралга 3300дөн ашык коргонуучу кийим жана 44 миңден ашык дем алуучу жабдыгы менен атайын маскалар бар.

Чек араны ачуу мөөнөтү белгисиз

Расмийлердин айтымында, Кытай менен чек ара жабык бойдон калууда. Качан ачылары белгисиз.

Кытай менен байланыштырган жалгыз аба каттамы - Үрүмчү-Бишкек дагы убактылуу токтоп турат.

"Кытайдан Кыргызстанга 28-январдан бүгүнкүгө чейин 876 кыргыз жараны өттү. Алардын көпчүлүгү студенттер. 363 кытай жараны келди, алар бизде иштеп жүргөндөр. Алардын басымдуусу China Road фирмасында иштегендер", - дейт Чек ара кызматынын жетекчисинин орун басары Абдикарим Алимбаев.

Ал тапта Кытай 70 миң бейтапка байкоо салып, Covid-19 вирусу боюнча атайын изилдөөсүн жарыялады.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Ухандагы оорукана

Ага ылайык, коронавируска кабылгандардын 80 пайызы инфекцияны жеңил көтөргөн, 13.8 пайызы оор абалда, 4.7 пайызы абдан оор абалда . Бирок Covid-19 вирусу өзгөчө карыяларга коркунуч жаратат. Вируска кабылган 80 жаштан жогору кишилердин 14.8 пайызы көз жумган.

Ошондой эле изилдөөдө Covid-19 дарыгерлерге олуттуу коркунуч алып келээри айтылат.

Вирусту жуктургандардын саны 7600дөн ашты, каза болгондор 2200дөн көп. Алардын басымдуусу Кытайда.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар