Репрессия: Бир көзүнөн жаш, бир көзүнөн кан аккан 20 000 адамдын таржымалы

Б. Абдырахманов: Китепти колуна алган ар бир киши ушундай эле сезимде болуп, жүрөгү зырп этет го дейм. Себеби, элестетиңиз сыздаган 20 000 адамдын чоо-жайы том болуп топтолуп, колуңузда турса...
Image caption Б. Абдырахманов: Китепти колуна алган ар бир киши ушундай эле сезимде болуп, жүрөгү зырп этет го дейм. Себеби, элестетиңиз сыздаган 20 000 адамдын чоо-жайы том болуп топтолуп, колуңузда турса...

"Кыргызстандагы саясий репрессиянын курмандыктары" (1920-1953-жж.) аталышындагы он томдук басмаканадан чыкты. Түзүүчүлөр бул китеп мурдагы союздук республикалардын арасынан биринчи болуп Кыргызстанда чыкканын айтууда. Анда саясий репрессияга кабылган 20 миндей адамдын тек-жайы жазылды.

Би-Би-Си бул иштин башында турган, мурдагы чекист, запастагы полковник, окумуштуу Болот Абдрахманов менен кенен маек курду. Аны коомчулук Бишкек четиндеги Чон-Таш айылында көмүлгөн 138 адамдын сөөгүн тапкан үчүн жакшы тааныйт.

Сүрөттүн автордук укугу Мамлекеттик архив
Image caption Болот Абдрахманов жана Бүбүйра Кыдыралиева

Б. Абдырахманов: Миң китеп чыкты. Он томдон тургандыктан жүз нуска менен бастырдым. Китеп алгач жогорку окуу жайларындагы тарых факультеттерине, китепканаларга жетсе деген аракетти көрүп жатабыз. Бир нече жылдык мээнет кетти. Тактап чыгуу үчүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин архивиндеги 14 500 делону бирден барактап чыктык. Китеп колума тийгенде көзүмө жаш тегеренип, аябай толкундадым. Мен эле эмес, китепти колуна алган ар бир киши ушундай эле сезимде болуп, жүрөгү зырп этет го дейм. Себеби, элестетиңиз сыздаган 20 000 адамдын чоо-жайы том болуп топтолуп, колуңузда турса... Мен ошонун баарын ойлондум, ошончо адамдын азап-тозогу, көргөн кыйноосу көз алдыма тасмадай тартылып турду. Бул тууралуу такыр кабары жок адамдар ыйлап, ыраазылыгын билдирип жатышат. Бир эле мисал, китепти басмаканага тапшырып кеттим. Жумушчуларын тааныбайм. Кийин китеп даяр болгондо алганы барсам, ал жердеги келин "мен өзүмдүн чоң атамды да таптым, биздин өзүбүздө да так маалымат жок эле" деп ырахматын айтты.

Сүрөттүн автордук укугу Мамлекеттик архив
Image caption Аскар Акаев жана вице-премьер министр Б.Силаев "Ата-Бейитте", 1999-жылы тартылган сүрөт

Би-Би-Си: Бул китеп түздөн-түз "Ата-Бейиттин" тарыхы менен байланыштуу экен да?

Б. Абдырахманов: "Ата-Бейитте" жарым кылымдан ашуун мезгил белгисиз, жашыруун болуп жаткан жайды ачкан соң, репрессия темасына менин тагдырым байланды да калды. Ал кезде мен КГБнын контр-чалгындоо бөлүмүнүн кызматкери катары коопсуздук, терроризм, шпиондук иш-аракеттерге байланышкан маалыматтарды изилдеп, тактап, жетекчиликке берчүмүн. Бир күнү ушул сыяктуу маалыматы бар экен, ошол аял өзү айтты дешкенинен мен дарегин тактап алып бардым. Барсам, ал Бүбүйра Кыдыралиеванын үйү болуп чыкты. Мен эжени такыр эле тааныбайм. Шпионажга байланыштуу маалыматы бар окшойт деп ойлодум. Иш жүзүндө такыр башка болуп чыкты. Мен ошол жерден, а бул мага тиешеси жок эле иш экен деп, эжени угуп туруп кетип калсам да болмок. Бирок, мен анте алган жокмун. Бул жерде адамгерчилик фактору баарынан өйдө турду. Анан түшкө кирбеген кызыктын баары ошондо башталды.

Image caption Мурдагы чекист, запастагы полковник, окумуштуу Болот Абдрахманов

Би-Би-Си: Сиз ошол малыматты КГБ жетекчилигине жеткирип, казууга уруксат сураганыңызды билебиз. Казылсын деген чечимди кабыл алуу кызуу талаш-тартышка түшкөнүн өз оозуңуздан уксак.

Б. Абдырахманов: Чоң жыйындар болгон. Мен кийин уктум, көрсө, казуунун кажети жок, ал жерден кимдин сөөгү чыкса да, кантип далилдемек элек, бул иш биздин милдетке кирбейт деген сыяктуу кеп-сөздөр бир нече жолу айтылган экен. Мен болсо ал кезде жашмын, капитан элем. Кандай болсо да бул иштин аягына чыгам деп беттегенимди бербептирмин.

Би-Би-Си Кыргызстандын бозгунда жүргөн мурдагы президенти Аскар Акаев менен бул тууралуу эксклюзивдүү маек курган эле. Аны бул видеодон көрүңүз:

Би-Би-Си бул маектин толугу менен YouTube, Facebook каналдарына жарыялады.

P.S. Бул китептин бет ачаары 27-февраль күнү Бишкектеги "Манас" кинотеатрында өтөт.

Тема боюнча башка макалалар