Массалык каттоо: миграциябы же көз боемочулукпу?

Шайлоо өтчү ири шаарларда эл массалык түрдө катталып жатышы саясий партияларды тынчсыздандырууда Сүрөттүн автордук укугу VYACHESLAV OSELEDKO
Image caption Шайлоо өтчү ири шаарларда эл массалык түрдө катталып жатышы саясий партияларды тынчсыздандырууда

Баш прокуратура айрым чоң шаарларда миңдеген жарандар жаңы каттоого турган фактыларды текшерип, кызматтык иликтөө жүргүзүп жатат. Шайлоо өтчү ири шаарларда эл массалык түрдө катталып жатышы саясий партияларды тынчсыздандырууда.

Бул жөн гана ички миграциялык процесспи же электоралдык көз боеомочулукпу?

Жыл жаңырганы эле Токмок шаарына 6745, Ош шаарында 38895, Караколдо 3159 жаран жаңыдан каттоого турганын Баш прокуратура тактап чыкты.

Айрым учурларда жарандарды үй ээлеринин макулдугусуз жана тийиштүү документи жок эле каттап коюшканы анык болду. Айталы, Ошто бир эле дарекке миңден ашык, дагы бир дарекке жети жүздөй адамды каттоого тургузушкан. Бирок текшерүүлөрдө ал жерде жашаган бир да адам жок болуп чыкты. Ал тургай, үй ээлери өздөрү мындан кабардар эмес болушкан. Ал фактылар боюнча сотко чейинки териштирүүлөр жүрүп, аталган шаарлардагы Каттоо кызматынын башчылары кызматтык иликтөөлөр бүткүчө убактылуу кызматынан четтетилди.

Кыргызстанда 12-апрелде беш ири шаарда: Ош, Каракол, Майлы-Суу, Балыкчы жана Токмокто жергиликтүү кеңешке шайлоолор өтөт. Мындан улам айрым партиялар шайлоочулар санын атайылап көбөйтүп, кийин админресурс катары колдонуу аракети болуп жатабы деп шекшип жатышат.

Сүрөттүн автордук укугу AFP Contributor
Image caption Кыргызстанда 12-апрелде жергиликтүү кеңешке шайлоо өтөт

"1300 адам бир үйгө кирип алып атпайбы. Ошончо киши бир үйдө жашайт дегенге ким ишенет? Бул жерде шайлоолорду бурмалоо саясаты жатат. Шаарда туруктуу жашабагандарды массалык түрдө каттап коюп, шайлоодо добуш алуу максаты бар го", -деди "Мекеним Кыргызстан" саясий партиясынын төрагасы Ильичбек Эргешов.

Мындан улам анын партиясы 2-апрелге чейин паспортунун мөөнөтү өтүп кеткен жана 18 жашка толгон жарандардан башкаларды шаарга каттоого тургузууну чектөөнү сунуштап жатат.

Буга чейин дагы бир партия - КЛДП шайлоого жарым жыл калганда жаңы каттоого турган жарандарды шайлоо укугунан ажыратуу демилгесин көтөргөн эле.

Бирок БШК мындай чаралар Баш мыйзамга туура келбейт деп, сырттан келип утурумдуу катталган жарандардын баары эле шайлоого барбайт деп ишендирүүдө:

Сүрөттүн автордук укугу Official
Image caption "Утурумдук каттоого тургандар шайлоого кое берилбейт"

"Каттоого турушу мүмкүн, бирок жаран шайлоочулардын тизмесине киргенден кийин гана катыша алат. Тизмеге паспорту болсо, ошол жергиликтүү жамааттын мүчөсү болсо, ал паспортто көрсөтүлсө гана шайлоого катышат. Ал эми үйдүн ээси менен сүйлөшүп жөн эле утурумдук каттоого тургандар шайлоочулар тизмесине киргизилбейт", -деди Боршайкомдун төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов.

Ал 22-февралдан тарта шайлоо участкаларында шайлоочулардын алдын ала тизмеси илингенин айтып, жарандарды тизмеден өздөрүн тактоого чакырды.

Шайлоо жаатында кээ бир эксперттер массалык каттоо жана аны менен шайлоону бурмалоо аракети болот деген тынчсыздануулар суу кечпейт дешүүдө. Мыйзам боюнча туруктуу каттоосу бар адамдарды добуш берүүдө чектөө мүмкүн эмес, ал эми убактылуу каттоого тургандар шайлоочулар тизмесине БШК тарабынан киргизилбейт:

Сүрөттүн автордук укугу Social media
Image caption Айнура Усупбекова, шайлоо боюнча эксперт

" Жергиликтүү жамааттын мүчөсү же туруктуу тургун деген ким экени тууралуу жобо киргизилсе эле мындай суроолор болбойт. Орусча айтканда, азыр бизде "оседлый ценз" деген болбой атат. Ошол талаш тартыш жаратып жатат. Эгер ал талапка, мисалы, жарым жылдан кем эмес жашаган, салыктарды төлөгөн жаран эсептелет деген тактоолор кирсе, мындай маселелер болбойт", - деди "Жарандык платформа" уюмунун төрайымы Айнура Усупбекова.

12-апрелде Кыргызстанда 31 айылдык жана шаардык кеңештерге жергиликтүү шайлоо өтөт. Бул өнөктүк октябрда өтчү парламенттик шайлоого карата партиялардын өзүнчө бир генералдык камылгасы болуп саналат.

Тектеш темалар