Тополоң митингди териштирүү башталды

Митинг

Бишкектеги тополоңго айланган митингден кийин Улуттук коопсуздук кызматы аны уюштурган жетекчилерин кармап кетти. Каныбек Осмоналиев, Сабыр Жапаров, Амангелди Артыковго "бийликти күч менен басып алууга аракет" беренеси боюнча күнөө коюлууда. ИИМ митинг убагында коомдук тартипти бузган деген негизде 166 адам кармалганын билдирди. Анын ичинен 162 аныктоо-тактоо иштеринен кийин кое берилип, төртөө камакка алынды.

УКМКнын басма сөз кызматынын башчысы Рахат Сулайманов тополоң митинг боюнча сотко чейинки териштирүү болуп жатканын, митингди уюштурган жетекчилер "бийликти күч менен басып алууга аракет" беренеси боюнча шектүү катары каралып жатканын билдирди.

"Башкара албай калышты"

Дүйшөмбүдө Бишкекте абактагы саясатчы Садыр Жапаровго боштондук талап кылган митингдин аягы тополоңго айланды. Чогулгандардын бир тобу Жогорку Кеңештин имаратын көздөй агылып жөнөгөндө аларды милициянын атайын күчтөрү тосуп, суу менен аткылап, иттерди айдактап кубалап, борбордук аянттан сүрүп чыкты. Митингичилер тараптан милицияга таш ыргыткан учурлар болгонун күбөлөр айтууда.

"Уюштуруучулар митингди башкара албай калышты. Коомдук тартипти сактай алышкан жок. Ар кандай провокацияга барды. Аягында Ак үйгө барыш керек, бийликти алыш керек деген катуу чакырыктарды айта башташты. Алардын митинг өткөрүү талабын бузгандыгы үчүн, ар кандай провокациялык чакырыктарды жасап, коомдук тартипти бузууга катуу аракет кылганы үчүн биз дагы мыйзам чегинде күч колдондук",- деди ИИМдин басма сөз кызматынын башчысы Бакыт Сейитов.

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Милиция митингден кийин кеминде элүүдөй адам кармалганын билдирип жатат.

Тополоң убагында таш тийип жабыркаган милиция кызматкерлери болгону, көчө боюндагы автоунаалар, имараттар жабыркаганы жөнүндө айтылууда. ИИМ 24 милиция кызматкери ар кандай деңгээлдеги жаракат алганын билдирди.

"Биз бул митингди көчөлөрдү тосуу менен милицияга кол салган, Ак Үйдү басып алуу аракети менен ишкерлердин мүлкүн талкалаган, шаардын мүлкүнө зыян келтирген массалык баламандык катары баалайбыз. Чыгымдын жалпы суммасы такталууда",-деп жазды Бишкек мэриясынын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев.

Бишкектеги митингди уюштуруучулардын бири ЖКнын мурдакы депутаты, профессор Каныбек Осмоналиев. Шаардык бийликке кайрылып кат жазып, митинг өткөрүүгө уруксат алган ушул саясатчы.

Чогулгандар башкы талап катары абактагы саясатчы Садыр Жапаровго боштондук талап кылышты. Садыр Жапаров 2013-жылы Каракол шаарында митинг уюштуруп, өкмөттүн ошол кездеги атайын өкүлүн барымтага алууга катыштыгы бар деп айыпталып, он бир жарым жылга түрмөгө кесилген. Ушул жылдын апрелинде Жогорку Сот анын жаза мөөнөтүн бир жарым жылга кыскартты.

Митинг убагында он кишиден турган делегация президент Сооронбай Жээнбековго жолугушууга кеткени жарыяланды. Бир сааттан кийин делегация кайтып келип, президент аларды үч күндүн ичинде кабыл ала турган болду деп жооп айтышты. Буга чогулгандардын реакциясы курч болду.

Ар башка талаптар

Митингге келгендер арасында өзүнчө башка саясий же социалдык талап менен келгендер да болду. Баш мыйзамды реформалоо, өкмөттү отставкага кетирүү сыяктуу талаптар да жаңырды.

Кытай жарандарын өлкөгө киргизбөө жөнүндө плакат көтөрүп алып чыккандар, кытайдын карызынан кутулуу, алардын инвесторун киргизбөө жөнүндө чакырыктар болду. Деги эле бул митингде сүйлөнгөн сөздөр өлкөдө Кытайга каршы маанайдын курчуп баратканын көрсөтөт. Жакында эле Ат-Башыда жергиликтүү элдин каршылыгынан кийин кытай инвестору катышкан логистикалык борбордун курулушун өкмөт токтоткон болчу.

Митингде Жогорку Кеңеште мурда депутат болгон бир катар саясатчылар да элге көрүндү. Каныбек Осмоналиев, Жылдызкан Жолдошева, Мукар Чолпонбаев жана башкалар чыгып сүйлөштү.

Митинг болордун бир күн мурун Улуттук коопсуздук кызматы бийликти күч менен басып алууга чакырган адуио жазууну таркатып жаткан жарандын кармалганын билдирген.

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Митингге келгендердин аянтка ыргытып кеткен плакаттары

Ошондой эле жыныстык азчылыктардын таламын талашкан адамдар да бул митингге келишкен экен. Бирок митингди уюштургандар аларды күчкө салып чыгарып жиберишкенин айтышууда.

Кыргызстанда жаз менен кошо адатта митингдер, көчө акциялары жанданат. Быйылкы саясий жүрүштөрдүн ыргагы менен дем күчүнүн да жогору болушу күтүлөт, анткени күзүндө парламенттик шайлоо болот.

Ал ортодо Бишкек мэриясы Бишкекте корона коронавирус эпидемиясын алдын алуу үчүн борбор калаада митинг өткөрүүгө тыюу салуу жөнүндө сотко кайрылып жатканын билдирди. (КС)