Бишкек казысы мечиттерде намазды кыска окууну сунуштады

  • Азиза Марат кызы
  • Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Бишкектеги мечит

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Коронавируска байланыштуу 8-Мартка карата аялдардын укугун коргоо максатындагы жүрүштөргө тыюу салынды. Өлкөдө массалык иш-чараларды өткөрбөй туруу сунушу берилди. Бирок саламаттык сактоо министринин орун басары коргонуу чараларын бардык жетекчилер туура кабыл алган жок деди.

Бишкек жана Ош шаарында 8-Мартка байланыштуу аялдардын укугуна арналаган жүрүштөр өтпөй турган болду. Ага тыюу салган өкмөт өкүлдөрү мындай чара Ковид-19 вирусунун алдын алуу үчүн зарыл дешти.

Андан сырткары бир нече ири спорттук мелдештер жылдырылды. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Нурпери Садырбекова 100дөн ашык киши чогулган жерде коркунуч пайда болот деген көрсөтмөлөр эске алынганын белгиледи.

"Март, апрель, май айларында чоң спорттук мелдештер өткөрүлмөк. Атап айтсак, алыш күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионаты уюштурулмак. Чолпон-Ата шаарында ат оюндары болмок. Анын программасында көк бөрү, эр эңиш, ат чабыш, салбуурун оюндары бар эле. Шартка байланыштуу жылдырылып калды. Андан тышкары облустарда пландалган жеңил атлеттика, балдар арасындагы ар кандай мелдештерге тыюу салдык", - деди Садырбекова.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Айрым өлкөлөрдө коомдук унааларда да алыс отуруу сунушталды

Анын айтымында, аталган мелдештерге каражат бөлүнө элек болгондуктан пландарды өзгөртүү көп чыгымга алып келген жок.

Коронавирустун алдын алуу боюнча иштеп жаткан штаб март айынын башынан тарта ири иш-чараларды, той-аштарды чектеп турууга чакыра баштады.

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Төлө Исаковдун айтымында, бирок бул сунушту баары эле түшүнүү менен кабыл алган жок.

"Айрым жетекчилер семинарларды, той-аштарды, спорттук мелдештерди, форумдарды, көргөзмөлөрдү пландап алганбыз, эмне үчүн минтип чектейсиңер, акчабызды кантебиз деп жатат. Бүгүн ага беш миң сом коросо, кокустан эртең вирус жайылып кетсе, бизден беш миллион сом сарпталат. Кээ бир жетекчилер туура түшүнсө, айрымдары түшүнбөй жатат", - деди Исаков.

Адистер жаңы коронавирус менен күрөшүүнүн натыйжалуу чараларынын бири азырынча адамды обочодо кармоо экенин айтышууда.

Жума намазга келгендер азайган жок

Бирок миграция жер жүзү боюнча күчөп, элдин кыймылы тынчыбаган учурда адамдарды көзөмөлдөө оңой эмес. Мындан улам вирус катталган өлкөлөрдүн жетекчилери адамдарды социалдык жооперчиликке үндөп, шектүү аймактарда болгон жарандарды өзү билип текшерилүүгө чакырууда.

Москва вируска каршы жогорку даярдыктагы режим киргизди. Шаар мэри вирус көп чыккан мамлекеттерден келгендерди өз эрки менен карантинге жатууга чакырды.

Жакынкы чыгыш өлкөлөрү менен коңшу Тажикстанда жума намаздарга тыюу салынып, жада калса мечиттер жабылды.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Түштүк Корея

Кыргызстанда Муфтиятка жума намаздарды чектөө боюнча сунуш гана берилди.

Министрдин орун басары Төлө Исаков Муфтият бул талап туура эмес экенин айтты дейт.

"Мусулмандардын дин башкармалыгынан чалып, жума намазды чектөө боюнча туура эмес талап коюп жатасыңар деди. Ал кишилер бул маселени туура түшүнүш керек. Тажикстан мечиттердин баарын убактылуу жапты. Биз болсо өзүңөр билип чектөө койгула деп сунуш гана берип жатабыз", - деди Исаков.

Муфтияттын басма сөз катчысы Максат Атабаев министрликтин вирустан сактануу чараларынын баарын аткарып жатышканын белгилеп, ал эми жума намазга чогулууну чектей алышпай турганын билдирди:

"Бул мүмкүн болбой турган нерсе. Анткени мечитке барбагыла дегенге шарият жол бербейт. Жума - бул мусулмандар бир апта бою күткөн ыйык күн. Жума үйдө эмес, мечиттерде жамаат менен окулчу намаз. Ага келбегиле деп тыюу сала албайбыз. Вирустан сактанууга дин каршы эмес".

Жума намазга барууну чектөө сунушу айтылгандан бери биринчи жума өттү.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Бишкек казысынын жардамчысы Толкунбек Жуманов эски борбордук мечитке келгендер саны азайган жок деди:

"Дайыма эле эл мечиттин сыртына чейин отуруп намаз окуйт. Бүгүн деле ошончо адам келди, эч өзгөрүү байкалган жок. Биз аларды тыя албайбыз. Бишкек шаарынын казысы эл батыраак тараш үчүн имамдарга кыска сүрөөлөрдү окуу сунушун берди".

Жумановдун айтымында, жамаат менен окулган намаздын эрежесине ылайык, адамдар арасында аралык кармаганга да болбойт. Бир сапта алар кыдырата отуруп намаз окушат.

Ал эми вирус катталган айрым өлкөлөрдө коомдук жайларда, жада калса сыртта адамдар арасында аралыкты кармоо сунушу берилди.