Шайдуллаева: Аялдардын жүрүшү тескери натыйжа жаратты

  • Азиза Марат кызы
  • Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Жүрүштүн катышуучуларын автобус менен кармап кеткен учур

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Жүрүштүн катышуучуларын автобус менен кармап кеткен учур

Бишкекте 8-Март аялдардан эл аралык тилектештик күнүндө жүрүш ишке ашкан жок. Анын катышуучулары коомдук тартипти бузуу боюнча шектелип, милиция тарабынан кармалып, кайра коё берилди. Бет капчан белгисиз эркек кишилер аларга кол салганын айтышты.

Көп түрдүү пикирлерди жараткан ушул окуя боюнча Би-Би-Си коомдук ишмер, жазуучу Топчугүл Шайдуллаева менен маек куруп, адегенде бул окуяны кандай кабыл алганын сурады.

Топчугүл Шайдуллаева: Биз 8-Мартты азыр майрам деп жатабыз, анын келип чыгышында аялдардын митингдери, демонстрациялары, жүрүштөрү турат. Ушул күндүн тарыхынча кичине кайрылалы. Америка кошмо штаттарында, Батыш Европада 19-кылымдын экинчи жарымынан баштап иштеген аялдар айлык акыларын эркектердикине теңөө, шайлоо укугун алуу үчүн жүрүштөргө чыгышкан.

Ошол жүрүштөр көбөйүп отуруп 20-кылымдын башында лидер айымдарды пайда кылган. Алар 8-мартты аялдардын укуктары үчүн күрөшүүдөгү тилектештик күнү деп белгилешкен. Бул күнү дайыма аялдардын укуктарын көтөрүп чыга турган күн болот деп ойлошкон.

Ушул күндүн ммиссиясынан алып караганда аялдардын өз укуктарын талап кылып жүрүштөргө чыгышы туура.

Экинчи жагынан ошол жерде мыйзам бузулбаганда милиция тийбесе керек эле.

Сүрөттүн булагы, Social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Топчугүл Шайдуллаева

Дагы бир маселе - биз укугубузду коргойбуз десек, оюбузду туура жеткиришибиз керек. Ал жердеги лозунгдар, чакырыктар коомчулук тарабынан кабыл алынган жок. Биз ал лозунгдарды туура иштеп чыгышыбыз керек.

Албетте, аялдардын, айрыкча келиндердин, жаш кыздардын маселеси курч. Биз аны атынан атап, туура коюшубуз керек.

Би-Би-Си: Жүрүшкө чыккандарга кол салган эркектер ким, максаты эмне деп ойлойсуз?

Топчугүл Шайдуллаева: "Кырк чоро" уюму деп жатышат, атайын чагымчылар деп жатышат. Алардын чыгышына мен айтып өткөн лозунгдар себеп болду окшойт.

Аялдардын, кыздардын маселеси жалпы элдин көйгөйү. Ал үчүн жалаң гана кыздар чыгышы керек эмес, бишкектиктер гана чыгыш керек эмес.

Биз ошол маселеге көңүл бурдурушубуз керек. Ал эми кечээгидей жагдай менен тескери көз карашты пайда кылдык.

Би-Би-Си: Бул жерде атайын тукуруу, чагымчылдык уюштурулган болушу мүмкүнбү?

Топчугүл Шайдуллаева: Алардын чакырыктары элдин 80-90 пайызына жакпай жатпайбы. Жүрүштөгүлөргө кимдир бирөө атайын тукуруп кишилерди жиберип койду деп айта албайм.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Би-Би-Си: Жүрүшкө кантип чыгышпасын, аларга белгисиз эркектердин кол салуусун актоого болобу?

Топчугүл Шайдуллаева: Албетте, болбойт. Алар маселени ырбатып жиберишти. Келген эркек кишилер, "Кырк чоромун" дегендердин кадамы туура эмес. Ушундан улам мындай топтордун аркасында өтө консервативдүү күчтөр турабы деген ойго келесиң. Алар аялдардын эркиндигине каршы турушубуз керек максатты койгонбу деп ойлойсуң.

Би-Би-Си: Анда тартип коргоо органдары эмне үчүн жүрүштүн тынч өтүшүн, коопсуздугун камсыздап бере алган жок?

Топчугүл Шайдуллаева: Укук коргоо органдарынын милдети уруксат менен өтүп жаткан иш-чараларда коомдук тартипти коргоп, коопсуздукту камсыз кылуу.

Жүрүштөгү чакырыктар орой, биздин аң-сезимге дал келбеген, өзүнчө эле бизден бөлүнүп алган топтун чакырыктары болгон үчүн аларга каршы тараптар менен чатак чыгып кетпесин деп милиция ушундай кадамга барды болуш керек.

Сен төрөш үчүн эле келин болуп жатасың, деп аялдын төрөтүн башкарган заман өткөн. Биздин коом азыр такыр башка. Кечээги акциядагы чакырыктар коомубуздун аябай эле түркөйлүгүн көрсөткөн чакырыктар болуп жатат. Бул элдин ар-намысына тийип жатпайбы.

Ошону көтөрүп чыгып жаткан кыздар адагенде сөздөрүнүн маанисин түшүнүш керек. Аны уюштуруп жаткандар да маанисин катышуучуларга жеткирип туруп чыгыш керек.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Жүрүштүн катышуучулары аялдарга каршы зомбулук боюнча гана чакырыктар менен чыгышканын, интернетке жалган чакырыктар чыгып кеткенин айтууда

Бул жерде аялдардын укуктары деген маселеге көө жаап жатабыз. Аялдардын укугу үчүн жапа тырмак - эл, бийлик, баары күрөшө тургандай кылып маселе коюшубуз керек. Эми аялдардын маселеси десең көпчүлүк башкача кабыл алып жатат, биз тескерисинче кылып алдык. Жүрүш аракети аялдардын укугун коргоого кайра зыян алып келди.

Би-Би-Си: Кыргызстанда аялдардын уюмдары абдан көп. Аялдардын эл аралык тилектештик күнү 8-Мартта ушундай окуя чыккандан кийин алардын иш-аракети, кур дегенде позициясы кандай болуш керек?

Топчугүл Шайдуллаева: Абдан туура суроо. Биздин жарандык коомдо аялдардын уюмдары эң активдүү катмар. Алар кечээги жүрүш боюнча ак да, көк да дебей жатышат. Же болбосо биздин мыкты деген аялдар уюмдары өздөрүнүн жакшынакай, элдин көңүлүн бура турган, аларды козгой турган, бийликти да аялдардын маселесине багыттай турчу жүрүштү уюштурса чоң салым болмок.

Түзүүчүлүк менен алектенип жаткан айымдар, уюмдар бар. Алардын унчукпай отурганынан пайдаланып, ушундай топ чыгып жатат. Мейли чыгышсын, бирок эмнеге абройлуу уюмдар унчукпай отурат?

Мындай уюмдар 20-30 жыл бою аялдар деп иштеп келген эмгектерин жокко чыгарып койду. Алар ушундай чакта билдирүүлөрү менен чыгыш керек.