Кыргызстан: карантинде кармалгандар шарттарга нааразы

"Манас" аэропортуна жакын жайгашкан АКШнын мурдагы аскердик базасы 2001-2014-жылдары иштеген Сүрөттүн автордук укугу Stephen Lioy
Image caption "Манас" аэропортуна жакын жайгашкан АКШнын мурдагы аскердик базасы 2001-2014-жылдары иштеген

Кыргызстанга чет өлкөдөн кайтып келгендер АКШнын мурдагы аскердик базасында кармалууда. Бир нече күн мурун эле базада жүздөгөндөр карантинде болчу. Айрымдары үйүнө коё берилгени менен, карантинде кармалган кишилердин саны дале көп. Алар шарттарга нааразы болуп жатышат. Саламаттыкты сактоо министрлиги болсо абалды жакшыртуу үчүн болгон күчүн жумшап жатканын билдирди.

Өлкөдө коронавируска кабылгандардын саны 44кө жетти. Кыргыз өкмөтү чет өлкөдөн келген жүргүнчүлөрдү эки категорияга бөлүүдө. Коронавируска кабылган бейтаптардын саны миңден ашкан мамлекеттен келген жүргүнчү дароо карантинге алынат. Башкалар болсо 14 күн үйдөн чыкпай отуруу керек.

Карантиге алынгандардын көбү "Манас" аба майданына жакын жайгашкан АКШнын мурдагы аскердик базасында кармалууда. Карантинге жаткырылган жүргүнчүлөр мурдагы казарма санитардык талаптарга жооп бербегендиктен, алар коркунучка кабылып жатканын айтууда.

Бир кабатта бир даараткана, тамак-аш сыртта берилет

Дубайдан учуп келген Катяны (ысымы өзгөртүлгөн) учактан эле карантинге алып кетишкен. 32 жаштагы Катя Дубайга иш менен такай барып турат. Үй-бүлөсү менен Бишкекте жашайт.

"Жаңы келгенде вирусту аныктоочу тесттен өттүк, дене табыбызды текшеришти жана бирден беткап таратышты. Эмнеге "бир эле бепткап берип жатасыңар, аны улам алмаштырып туруу керек да" деген суроомо, "барына жетпейт" деп жооп кайтарышты. Казарманын ичи суук, кир жана көк жыттанып турат экен. Стерилизация жана дезинфекция тууралуу ой дагы жок",-дейт Катя.

Учак каттамы менен келген жүздөн ашуун жүргүнчүнү эки же төрт киши жаткан бөлмөлөргө жаткырышкан. Бөлмөлөрдө терезе жок экен. Катянын айтымында, бир кабатта бир даараткана бар, душтарда самын жок. Ал эми тамакты көчөгө калтырып кетишүүдө.

Сүрөттүн автордук укугу Stephen Lioy
Image caption Карантинде эки же төрт киши бир бөлмөдө кармалууда

"Бөлмөнү желдетип турууга мүмкүнчүлүк жок. Баарыбыз бир казармада камалып турабыз, дааратканага көп учурда узун кезек тизилип калат. Карантинде кармалгандар эрежелерди сактабай жатат, беткап кийбей койгондор дагы көп. Алар жөтөлүп, чүчкүрүп жүрүшөт. Кимдир бирөө коронавирус же грипп жуктуруп алып өлкөгө келген болсо, карантинде кармалгандардын баары аны жуктурат",-деди Катя.

Сүрөттүн автордук укугу STEPHEN LIOY
Image caption Англис тилинде крандан суу ичсе болбойт деп жазылып турат

Карантинде эки күн кармалгандан кийин Катя жаңылыктардан Саламаттыкты сактоо министрлиги чет өлкөдөн келгендерге карата алгоритмди өзгөрткөнүн окуган. Чет өлкөдөн келгендердин симптомдору болсо (дене табынын жогорулашы, жөтөлүү), анда алар карантинге жаткырылат. Башкалар 14 күн бою үйдөн чыкпай отурушу керек. Бул эрежелерди бузгандарга "катаал чара" дагы каралган.

Дубай же Стамбул шаарынан учуп келгендер акыркы орундарды талашкан. Учурда көп өлкөлөр учак каттамдарды токтотуп жатат.

Катя сыяктуу карантинде жаткандар өкмөттүн бул кадамына дагы нааразы болушууда. Чет өлкөдөн алардан кийин учуп келгендер үйүнө кетишти. Алар дагы деле карантинде.

"Вирусту аныктоочу тесттен өттүк. Анда бизде вирус жок экени аныкталган. Бул жерде эч кандай шарт жок. Эмнеге айрымдар дароо үйүнө кое берилди, бизди болсо дагы деле кармап жатышат",-дейт Түркиядан учуп келген фотограф Стивен Лиой.

Стивен Германия жана Түркияга баргандыктан, аны дароо карантинге алышкан. Стивен жана башка бир нече жүргүнчү башкалардан изоляцияга алынып, дароо вирусту аныктоочу тесттен өтүшкөн. Кыргызстандын чек арачылары Стивенди өлкөгө киргизбей коюуну дагы көздөгөн. Бирок анын жубайы Кыргызстандын жараны болгондуктан, ага уруксат беришкен.

"Германиядан Түркияга учуп келдим. Бул өлкөдө коронавируска кабылгандардын саны миңден ашат. Учак каттамдарына болгон чектөөлөрдөн Кыргызстанга учуп келүүгө жетишпей калдым. Кыргызстан дагы чектөөлөрдү ишке ашыра баштады. Бирок мындай кризис учурунда жубайымдын жанында болууну туура көрдүм. Ошондуктан карантинге алынарымды билип туруп, өлкөгө келдим",-дейт Стивен.

Сүрөттүн автордук укугу STEPHEN LIOY
Image caption Базада карантинде кармалган кишилердин биринен коронавирус аныкталган

Стивендин жолу бар экен. Себеби ал өлкөгө киргенден кийин Кыргызстан бардык чет өлкөлүк жарандарды кабыл албайбыз деген чечим кабыл алды. Кыргызстанга багыт алган жүздөгөндөр дүйнөнүн булуң-бурчундагы аэропорттордо калды.

Алардын арасында Орусияда жүргөн кыргыз мигранттары дагы бар. Орусиядагы кыргыз диаспоранын өкүлү Турсунбай Кубатбековдун айтымында, жүздөгөн кыргыз мигранттары өз өлкөсүнө кайта албай калды. Мисалы, 150 чукул мигрант үч күн мурун Оренбург облусунда чек арадан өтө албай турган. Алар унаа менен Казакстан аркылуу Кыргызстанга өтүүнү көздөгөн. Бирок Казакстан чек арасын толугу менен жаап салды.

Буга чейин Тышкы иштер министрлиги үч миңге чукул кыргызстандык чет өлкөдөн Кыргызстанга кайтып келе албай жатканын маалымдаган. Алардын айрымдары туристтер, башкалары мигранттар. Бүгүнкү күнү канча кыргызстандык өлкөгө кайтып келе албай жатканы белгисиз. Өкмөт чартер учактары менен кыргызстандыктарды кайтарып келүүгө аракеттенет деген маалымат тараткан.

Сүрөттүн автордук укугу Stephen Lioy
Image caption Стивендин жубайы кыргыз жараны болгондуктан, аны өлкөгө киргизишкен

Өлкөгө киргендердин баары текшерилет. Стивен дагы текшерүүдөн өтүп, коронавирус аныкталбаса "үйгө кетем" деп ойлогон экен.

"Мен жашаган имаратта элүүгө чукул киши бар болчу. Имараттар ортосуна блокпостторду орнотушкан. Бизге бир имараттан экинчиге барууга тыюу салышты. Бир нече күндүн ичинде казармадагылардын саны үч жүзгө жетти. Аскерлер базаны кайтарып турду, айрым учурда хлор чачып жаткандарын дагы көрдүм. Медицина кызматкерлери болсо күнүнө эки жолу дене табыбызды текшерип турушту",-дейт Стивен.

Сүрөттүн автордук укугу AFP

Карантиндин алтынчы күнүндө, Стивен жана башкалардан кан анализин алышкан экен. Эгерде вирус аныкталбаса, үй карантинине кое берилесиңер деп айтылыптыр. Бирок экинчи жолу текшерүүдө казармадагы бир кишиден коронавирус аныкталган.

Вирус аныкталган кыргызстандык Франциядан учуп келген. Ал Кыргызстанга келгенден бери казармада башкалар менен байланышта болгон. Анын ичинде бир бөлмөдө чогуу жаткан жүргүнчү дагы бар.

"Мен жаткан керебет коронавирус табылган жигиттин керебетинен бир метр аралыкта жайгашкан. Төрт күн бою бир бөлмөдө чогуу жаттык. Эми мага бөлмөдөн эч жака чыкпагын деп жатышат. Ошондо, мен вирусу бар бөлмөдө жатам, башка бөлмөгө которгула деп сурансам, мени эч ким укпай койду. Менден анализ дагы алыша элек. Айланада дарыгер же күзөтчүлөр жоктой сезилет",-дейт Борис (ысымы өзгөртүлгөн).

Саламаттыкты сактоо министрлигинин айтымында, аскердик база аба майданга жакын жайгашкандыктан карантин зонасы ошол жерде уюштурулган

Саламаттыкты сактоо министрлиги базадагы шарттар тууралуу арыздарга, айланада көп керебет баткыдай мындан башка жай жок деп жооп кайтарып, абалды түшүндүрдү.

"Бул мурдагы казарма. Ал жерде кармалгандар санитардык көзөмөлдөн өтөт, жаткыдай керебет, шейшеп жана тамак-аш алат. Мунун баары камсыздалып жатат. Бизди дагы түшүнгүлө, үйдөгүдөй шарт түзүп бере албайбыз. Андай мүмкүнчүлүгүбүз жок. Себеби учак аба майданга конор замат, жүргүнчүлөрдү карантинге алышыбыз керек. Ошондуктан мурдагы Ганси авиабазасы тандалган",-деди саламаттыкты сактоо министри "Клооп" агенттигине.

Стивендин жолу бар экени дагы бир жолу тастыкталды. Ал коронавируска кабылган адамга жакын барган эмес. Аны жана ал жаткан имараттагыларды үй карантинине чыгарышкан.

Тектеш темалар