Коронавирус: ЭВК Кыргызстанга 120,9 млн доллар бөлдү

Коргонуучу кийимдерди кийип көрүү учуру Сүрөттүн автордук укугу Official
Image caption Коргонуучу кийимдерди кийип көрүү учуру

Кыргызстанда 27-март саат 14:00гө карата коронавирусту жуктурган жаңы 14 учур катталды. Алардын жетөөсү Жалал-Абаддын Сузак районунда, жетөө Ош облусунда - Кара-Суу районунда бир, Өзгөн районунда үч, Ноокат районунда үч киши.

Он төрт кишинин айрымдары умрага барып келгендер, айрымдары вирус мурда аныкталгандар менен байланышта болгондор.

Ушуну менен өлкөдө вирусту жуктургандардын жалпы саны 58ге жетти. Ушу тапта жандандыруу бөлүмүндөгү алты кишинин беши жалпы бөлүмгө чыкты, бирөө калды.

Республикалык штаб элди гигиеналык нормаларды сактап, үйдөн чыкпоого чакыруусун уланттууда.

26-мартта Бишкектен ыктыярдуу дарыгерлердин тобу Жалал-Абадга бир айга кетишти.

Сүрөттүн автордук укугу Official

Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова 27-мартта маалымат жыйынында дарыгерлерге ыраазчылык билдирип, бирок журналисттин "дарыгерлер мажбурланып жиберилдиби" деген суроосун жоопсуз калтырды.

Ал тапта чет жерде беш кыргызстандык жарандан аталган вирус табылды. Бир киши Испанияда, дагы бирөө Бириккен Араб Эмираттарында, үч киши Пакистанда.

Донордук кредит бөлүндү

Ал тапта Эл аралык валюта кору (ЭВК) Кыргызстанга Covid-19 пандемиясынын кесепеттери менен күрөшүү үчүн 120,9 млн доллар бөлдү. Бул тууралуу аталган уюмдун сайты кабарлады.

Анда "ЭВКтин аткаруучу кеңеши коронавирус менен күрөшүү үчүн мүчө өлкөлөргө биринчи чукул жардамын бөлдү" деп жазылат.

ЭВК вирустун таасиринен кийин төлөөнү тең салмакташ үчүн аталган сумма бөлүнгөнүн билдирди. Уюм кыргызстандын өкмөтү вирустун тарашына каршы күрөшүү үчүн макроэкономикалык жана каржы саясатын убактылуу басаңдатып жатканын белгилеген.

"Пандемия башталгандан бери берилип жаткан бул биринчи чукул кредит", - деп жазылат уюмдун расмий сайтында.

Уюмдун эсебинде, пандемия өлкөнүн алдыдагы макроэкономикалык көрсөткүчтөрүн төмөндөтүп, төлөөдөгү тең салмактуулук бузулду, ал болжолдуу 400 млн доллар.

"Covid-19 пандемиясы Кыргызстандын экономикасына катуу сокку урду жана төлөө тең салматуулугун чукул калыбына келтирүү муктаждыгын жаратты. Вирустун тарашын алдын алуу аракеттери көрүлүп жаткандыктан бардык секторлорго тез таасир этти", - деди Эл аралык валюта корунун директору Кристалина Гиеоргиева.

Донордук кредитти берүү макулдугу боюнча кабар 26-мартта жарыяланды. Ошол эле күнү президент Сооронбай Жээнбеков Эл аралык валюта корунун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Тигран Погосян менен жолуккан.

Жолугушууда Тигран Погосян вирустун кесепеттери менен күрөшүү үчүн Кыргызстан чукул жардам алууга биринчилерден болуп кайрылганын айткан. (AK)

Тектеш темалар