Чектөөнүн дагы чеги бар: экспресс-тесттин акчасын ким төлөйт?

  • Элеонора Сагындык кызы
  • Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Балыкчы шаарында жайгашкан пост

Сүрөттүн булагы, Social media

Ысык-Көл облусу коопсуздук чараларын күчөтүп, аймакка кирүү үчүн жарандарды коронавируска тест тапшырууга милдеттендирди. Бишкек мэриясы дагы 11-майдан тарта ушундай чарага барууну көздөп турат.

Экспресс-тесттин акчасын жарандар өзү төлөйбү же акысыз болобу? Бул суроого так жооп болбогон соң нааразы болгондор чыгууда. Жергиликтүү бийликтин чечимдеринин укуктук жагы дагы көп суроолорду пайда кылды.

Коомдук сайттарда Ысык-Көл аймагына кире бериштеги Балыкчы шаарында жайгашкан постто тартылган видео кызуу талкуу жаратууда.

Анда өткөрмө бекетте турган жаран жүргүнчүлөргө 6-майдан тарта жеке менчик лабораториядан 2400 сомго тесттен өтүү керектигин айтат.

Ысык-Көл облусунда ушу тапта COVID-19 вирусуна кабылган он кишинин баары айыгып чыкканы айтылды. Акыркысы бүгүн Балыкчы шаардык ооруканасынан үйүнө чыгарылган.

"Республикалык штабдын бизге билдиргенине караганда, Чаткал, Тогуз-Торо району сыяктуу таза турган аймактарда коронавирус чыгып жатпайбы. Ысык-Көл облусу да башкаларга салыштырмалуу таза регион болуп жатабыз. Ошондуктан региондон регионго каттоого тыюу салуу тууралуу штабдан тапшырма келди",- деди өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев.

Бул аймакка кирген чектөөлөр өзгөчө кырдаал режиминин соңуна чейин уланат. Бишкек шаардык бийлиги да өзгөчө абал жоюлгандан кийин борбор калаага сырттан келген жарандарды тесттин жыйынтыгы менен гана киргизүү ниети бар экенин билдирген.

Бирок тесттер кимдин эсебинен төлөнөт, бул тактала элек. Ошондуктан нааразылык билдиргендер көбөйүүдө.

"Азыр элдин акчасы жок. Шаарга эл жыргаганынан келбейт, жумуш табайын же болгон жумушун улантайын деп келип жатат. Шаардын ичинде гана кыймылдап, өз жашоосуна акча тапканга мүмкүнчүлүк бар. Эмнеге жарандар дагы эки миң сомдон төлөшү керек? Бирөөнүн бизнесин коргоп жатышабы же бирөөнүн кызыкчылыгы барбы?",- деп суроо салды Бишкек тургуну Шаирбек Маматокторов.

Коронавируска экспресс-тесттердин мөөнөтү төрт күнгө гана жарамдуу, баасы да кымбатка турууда.

Буга чейин кыргыз өкмөтү көп сандагы экспресс-тесттерди, реагенттерди сатып алып жатканы тууралуу көп айтылган. Бирок ал тесттер акысыз түрдө коронавируска каршы алдыңкы тилкеде иш алып барып жаткан дарыгерлерге, милиция жана ӨКМ өкүлдөрүнө гана жүргүзүлөт дешкен.

Сүрөттүн булагы, Social media

"Өзгөчө кырдаал тууралуу конституциялык мыйзамдын негизинде облус бийликтери, ошондой эле Бишкек мэриясы чектөөлөрдү киргизгенге укуктуу. Бирок тесттерди акы төлөп алуу, аны талап кылуу мыйзамсыз. Эгер жаран операция үчүн бара жаткан болсо, тестке кеткен акчаны мамлекет өзү төлөп бериши керек. Бюджетте акча ошого көрсөтүлгөн. Экспресс-тесттер бизге бекер келип жатат. Ал эми жеке менчик лабораториянын жолу башка, ага ар ким өз ыктыяры менен барып, тесттен өтсө болот",- дейт Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов.

Өлкөдө өзгөчө кырдаал президенттин жарлыгы менен 22-марттан тарта киргизилген. Мындан көп өтпөй айрым аймактарда өзгөчө абал режими жарыяланды.

"Азыр болуп жаткан чектөөлөр, тыюулар укуктук жактан алганда мыйзамсыз. Анткени баш мыйзамда "адам укуктары жана эркиндиктери мыйзам менен гана чектелүүгө тийиш" деп жазылып турат. Бүгүн өзгөчө абал менен кырдаалга шылтоолоп, ар бир жергиликтүү бийликтин өз билемдик менен чектөө киргизип жатканы мыйзамга туура келбейт. Өзгөчө абал кирип жатканда адамдын кайсы укуктары чектелет, бул так көрсөтүлсүн деп мыйзамда жазылган. Бул президенттин жарлыгында так көрсөтүлүшү керек эле",- деди Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова.

Эл ичиндеги нааразылык жана талаш-талкуулардан кийин кыргыз өкмөтү блокпосттордогу текшерүү чараларын кайра карап чыкканы жатат.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев бүгүнкү брифингде соңку демилгелер "жалпы киргизилген алгоритмге туура келбей жатат, бул маселе Ысык-Көл облусунун штабында каралат" деди.