“Сен жалгыз эмессиң”: кыргыз өспүрүмдөрүнө психикалык жардам

  • Абдужалил Абдурасулов
  • BBC News
Local authorities control documents as an additional measure to prevent the spread of coronavirus disease (COVID-19) at a checkpoint in the village of Baytik, near Bishkek, Kyrgyzstan,

Сүрөттүн булагы, AFP

Дүйнөнүн булуң-бурчундагы өспүрүмдөрдөй эле Максат (аты өзгөртүлдү) март айынан бери мектепке барган жок. Кыргыз бийлиги карантин чараларын киргизгенден кийин 15 жаштагы кыргызстандык өзүн жалгыз, обочодо калгандай сезгенин айтат.

Ал үйүндө эжеси, атасы менен тил табыша албай, энеси чет өлкөдө иштеп жаткандыктан аны менен дагы байланышта болгон эмес. Кыйынчылыкка туш болгон өспүрүм интернеттен жардам алган.

Максат үй-бүлөсү аны түшүнбөй жатканын белгилеп, көп учурда өз жанын кыюу тууралуу ойлонуп келгенин дагы жашырган жок. Ага Жалалбек Акматов аттуу Бишкекте жашаган студент телефон, интернет аркылуу жардам берди.

Жалалбек "Сен жалгыз эмессиң" долбооруна катышкан жүзгө чукул ыктыярчылардын бири. Ал телефон аркылуу Максат сыяктуу өспүрүмдөргө байланышып, кеңешин берип, ар түрдүү темада сүйлөшүп, анын кыйынчылыктарын түшүнүүгө аракеттенет.

"Эгерде биздин виртуалдык өспүрүмдөр ар түрдүү психологиялык көйгөйлөргө кабылганын байкасак, тез арада психолог ыктыярчыларга кайрылабыз",-дейт Жалалбек.

Март айында карантин чаралары киргизилгенден кийин эки аптанын ичинде жети өспүрүм өз жанын кыйды. Ошондо "Сен жалгыз эмессиң" аттуу долбоор пайда болуп, өспүрүмдөргө психологиялык көмөк көрсөтүү аракеттери башталган эле.

Сүрөттүн булагы, Handout

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Жалалбек Акматов телефон аркылуу жалгызсыраган өспүрүмдөргө жардам берген жүзгө чукул ыктыярчылардын бири

Жарандык коом коронавирус жана ага байланыштуу медициналык жабдыктар, коргонуучу кийимдердин тартыштыгы, экономиканын солгундаганы сыяктуу көйгөйлөргө көңүлүн буруп жатканда, өспүрүмдөрдүн суицидге барганы жаңылыктардын баш сабына чыкты. Ошондо активисттердин тобу өлкөнүн жаштарына жана алардын психологиялык абалына көңүл бурууга умтулган эле.

"Менин үрөйүм учту. Ал учурда коронавирустан бир гана киши көз жумган, бирок өз жанын кыйган жаштардын саны жогорулап кетти",-дейт долбоордун негиздөөчүлөрдүн бири Банур Абдиева.

Жаштардын суицидге баргандыгы карантин чаралары менен байланышы бар деп айтууга далил жок. Бирок психолог Курманжан Курманбекова карантин жаштардын психикалык саламаттыгына терс таасир эткенин белгилейт.

Мектеп жабык болгондуктан, өзгөчө алыскы аймактагы жаштар үй тиричилигинен башы чыккан жок. Психологдор айылда жашаган жаштар тынымсыз иштеп, мектепке барганда үй тиричилигинен эс алат дешүүдө. Анын үстүнө карантин учурунда үй-бүлөлүк зомбулук күчөп, бул дагы жаштардын психикасына кедергисин тийгизди.

"Сен жалгыз эмессиң" долбоорунун ыктыярчылары алыскы аймактарда, элет жеринде жашаган "коркунучта деп саналган" жаштар менен үзгүлтүксүз байланышып жатты.

"Долбоордун максаты моралдык колдоо көрсөтүү жана жаштар менен баарлашып, алардын "обочодомун" деген сезимин жок кылуу",-деп түшүндүрдү психолог Курманбекова.

Ыктыярчылар айылдагы мектептерге, мамлекеттик билим берүү агенттиктерине байланышып, "коркунучта" делген окуучулардын тизмесин алышкан. Мындай топко кирген жаштардын ата-энеси мигрант болуп алыста иштеп жүрөт, туугандарынын колунда өскөн өспүрүмдөр.

Учурда жүзгө чукул ыктыярчы 12 жаштан жогору болгон төрт жүз өспүрүм менен баарлашып келүүдө. Эң маанилүүсү ыктыярчылар телефон аркылуу өспүрүмдүн көйгөйлөрү эмес, жакын дос же курбу катары сырдашат, келечектеги максаттары тууралуу сөз кылышат. Өспүрүм ички маселелерин өзү көтөргөндө гана ал тууралуу сөз болот.

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Ыктыярчылар Zoom аркылуу жаңы достору менен эмне тууралуу сөз кылуу боюнча баарлашууда

Мисалы, ыктыярчы Айпери Боложанова 25 жашта. Ал 12 жаштагы курбусу менен тхэквондо тууралуу сөз кылат.

"Мен кантип машыгып жатканымды көрсөтүп берейин десем, ал макул болду. Азыр ага машыгуу ыкмаларымды видеого тартып салып турам. Ал дагы өзү кантип машыгып жатканын видеого тартып, мага салат",-дейт Айпери.

Бирок биринчи жолу байланышка чыгуу оңой эмес. Будапешт шаарында окуп жаткан Жибек Исакова биринчи жолу телефон чалганда катуу толкунданганын айтат.

"Курбуң болгум келбейт деп айтса, эмне кылам деп чоочуладым",-дейт ал.

Албетте, башында өспүрүм ыктыярчыга ишенбейт. Элестетсеңиз, чоочун адам телефон чалып, дос бололу деп айтканда кандай жооп кайтарат элеңиз. Ага карабастан ыктыярчылардын көбү жаңы дос, ини, карындаш, сиңди тапканын айтышууда.

Алар эмне тууралуу сүйлөшөт? Уйду кантип туура сааш керектен тарта, дүйнөнүн башка бурчундагы өспүрүмдөрдөй эле K-pop, "Инстаграм", музыка, сүйүү же сүрөт тартуу сыяктуу темаларда сөз болот.

Кызыгы ыктыярчылар менен өспүрүмдөрдүн баары карантин учурунда интернет аркылуу сабак окуганды жактырбаганын белгилешти.