М.Сариев: Кыргызстанда "пашиняндык үлгү" ишке ашпайт

  • Азиза Марат кызы
  • Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
чоң казат кыймылынын сүрөттөрү

Сүрөттүн булагы, Social media

Экономикалык кылмыштуулукка каршы кызмат депутат Кубанычбек Жумалиевдин жана жакындарынын бир катар мүлктөрү бар экенин аныктады. Ал тапта коррупцияны ашкерелейбиз деп бир кишинин же топтун чыгышы түрдүү талкууларды жаратууда.

Анын мыйзамсыз жол менен эбегейсиз байыганын айткан Сыймык Жапыкеевдин сөзү да териштирилип жатат.

Жогорку Кеңештин депутаты, биринчи президенттин тушунда премьер-министр болуп иштеген Кубанычбек Жумалиевдин тегерегиндеги чуу коомдо резонанс жаратты.

Анын мыйзамсыз жол менен миллиарддык мүлктөргө ээлик кылганын айтып чыккан "Чоң казат" кыйымылынын мүчөсү Сыймык Жапыкеев экөөнүн үстүнөн тең териштирүү жүрүүдө.

Саясий элитаны жаңылоону көздөгөн кыймыл

"Чоң казат" кыймылынын лидери Максат Мамытканов мүчөсү Сыймык Жапыкеевдин билдирүүлөрү анын жеке пикири экенин айткан.

Мамытканов башкарууга жаңы, таза кишилерди алып келиш керектигин айтат. Сөзүнө караганда өздөрү жаңы реформачыл команда.

"Баары коррупция менен күрөшүш керек дешет. Бирок иш жүзүндө эч кандай аракет көргөн жокпуз. Ошондуктан биз демократиялык жараянга айлана турган коомдук пикирди түзүүнү чечтик. Биз максатыбыздын айланасына тазалангысы келген кыраакы, позитивдүү күчтөрдү чогултууну көздөгөнбүз. Мамлекетти ошентип өзгөртүүнү максат кылабыз. Тазаланмайын алдыда эч кандай жакшылык жок", - дейт Мамытканов кыймылдын "Ютубдагы" каналында.

Ал саясатка, башкарууга келүүдө демократиялык, легитимдүү жолдон тайбай турганын баса белгилеп жатат. Бирок ал кандай жол экенин айткан жок жана бул сөздөр азыр ооз эки жүзүндө.

Акын жана жазуучу Олжобай Шакир өзүнүн "Рухэш" сайтына жарыялаган билдирүүсүндө "Чоң казаттын" "камгактай калдаңдап, уудургуп жатканы чочулатаарын" айтты.

Сүрөттүн булагы, Social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Жогорку Кеңештин депутаты, биринчи президенттин тушунда премьер-министр болуп иштеген Кубанычбек Жумалиев

Жумалиевди колдобой турганын, илимге инвестиция кыла турган мүмкүнчүлүгү бар бул киши өз жанына ыңгайлуу шартты түзүү менен алек болгонун айтып, сындаган Олжобай Шакир демократиялык жолдон тайбай, капитализмден коркпош керек дейт.

"Чакырыктын өзү жакшы эмес. Мындай радикалдуу чакырыктар менен эч качан Кыргызстанды өнүгүү жолуна сала албайбыз... Ультра улутчулдук менен Кыргызстанды өнүктүрө албайбыз. Кыргызстандын түбүнө улутчулдар жетет. Эл патриоттун баары шүмшүк болоорун унутпаш керек. Рационалдуу ой жүгүртүп, жашоого сынчыл көз караш менен карап, башка баалуулуктарды да таанышыбыз керек", - деген жазуучу өз алдынча байыган капиталисттер да бар экенин, байдын баары жаман эместигин белгилейт.

Ал "темирдей катуу картип" керек деп авторитаризмге ыктоо орун алып жатканын, авторитаризмдин арты дайыма кан төгүү, көз жаш болоорун айта кетти.

Ушуга эле үндөш пикирин саясатчы, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Камчыбек Ташиев бөлүшкөн. Коомдук тармакка тараган сөзүндө ал коррупцияга каршы күрөшүү мамлекеттин милдети экенине көңүл бурууда:

"Бирөөнүн мүлкүн баса калып каракчылык кылбашыбыз керек. Бирок туура маселе көтөрүп жаткандан кийин ага мамлекет көңүл буруш керек. Мыйзамда "мыйзамсыз баюу" деген берене бар. Адам өмүр бою мамлекеттик кызматта иштесе, кантип эле миллиардер болуп чыга келет?".

Айрым байкоочулар Кыргызстандагы көрүнүштү Ооганстандагы талаа командирлери элди бөлүп алып, ар ким өз өкүмүн кылган абалга салыштырууда.

Сүрөттүн булагы, Social media

Алсыз мамлекетте анын милдетин артынган топтор чыгат

Саясат таануучу Орозбек Молдалиевдин баамында "радикалдуу чакырыктарды" жасады деп бул топтун өкүлдөрүнө кылмыш ишин ачканы турат. Бирок ал коом жалганга чыдайт, адилетсиздикке чыдабайт, мамлекет адилетсиздикти камсыздап бере албаса милдетти ушундай күчтөр алат деди.

"Коом ансыз деле майдаланып турат. Канчасы компромисске барат, канчасы радикалдуу жол менен кетээри бийликтен да көз каранды. Бийлик көңүл бурбаса, маселе чечилбесе, улам радикалдаша берет. Мисалы, Курманбек Бакиев 10 жыл башкарды. Революция болду. Анткени маселелер чечилген жок, ал Бакиев келген үчүн эле чыга калган жок да", - деген Молдалиев кыймыл мамлекеттен жегендер мамлекетке төксүн деп, өзүнчө люстрация аракетин көрүп жатканын белгиледи.

Башка саясат талдоочу Марс Сариев "Чоң казат" кыймылы пандемия учурунда мигранттардан акча келбей, Кытай менен чек ара жабылып, социалдык-оор абалдан улам жаралганын белгиледи. Ал ошол эле учурда аталган кыймыл Армениядагы Никол Пашиняндын же Украинадагы топтордун үлгүсүнөн жаралганын бирок, кыргыз коомунун түзүлүшү айырмалангандыктан андай ийгиликтерге жете албай турганын белгиледи.

"Никол Пашинян ушундай жол менен бийликке келди. Бирок аталган кыймыл адамдарды эске алганда жаңылышты. Анткени Армения бир улуттуу, көп диаспорасы сыртта жайгашкан, кандайдыр бир толкундоолорду жасап, улуттук деңгээлде кыймыл-аракет жарата алат. Бизде анткенге болбойт", - деди Сариев.

Ал "Чоң казаттын" аталышынын мааниси да максаты жакшы эмес экенин көрсөтүп жатат. Сыймык Жапыкеевдин сөзүндө радикалдуу чакырыктар болгон деген лигнвистикалык корутунду чыкты. Ошондуктан бул кыймыл бийлик тарабынан колдоо таппайт деп ойлойм. Аны менен катар Жумалиев сыяктуу олигархтарга да чара көрүлөт. Анткени социалдык чыңалууну жоюш керек. Абдан оор саясий абал түзүлдү. Армениядагы, Грузиядагы же Украинадагы тажрыйбаларды бизге колдонууга болбойт. Анткени биздеги социалдык-маданий шарт такыр башка", деди Би-Би-Сиге.

Сариевдин көңүлүн кыймылда күч түзүмүнүн өкүлдөрү чогулганы бурган. Саясат таануучунун айтымында, бул адилеттикти талап кылган, капитализм шартындагы соцаилисттик кыймыл.

Кубанычбек Жумалиевге каршы Башкы прокуратура сотко чейинки териштирүү баштаган. Мунун негизинде Экономикалык кылмыштуулукка каршы кызматы "Мыйзамсыз баюу" беренеси боюнча иликтеп жатат. Ал эми ИИМ Кубанчыбек Жумалиев "мыйзамсыз жол менен миллиарддап байыганын" айтып чыккан Сыймык Жапыкеевдин сөзүн териштирүүдө. Депутат тарап өз кезегинде Жапыкеевдин үстүнөн сотко арызданган. Кубанычбек Жумалиев "миллиарддаган байлыгы жок экенин", колунда бар мүлкүн "маңдай тери менен" тапканын айткан.