Чек ара менен бирге эле суу пайдалануу эрежелери чечилиши керек

  • Айбек Абдылдаев
  • Би-Би-Си Кыргыз кызматы
Жекшемби күнү түшкө жуук Баткендин Кадамжай районунундагы Чечме айылы менен Өзбекстандын Сох анклавындагы Чашма айылынын тургундары ортосунда жаңжал чыккан

Сүрөттүн булагы, Social Media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Жекшемби күнү түшкө жуук Баткендин Кадамжай районунундагы Чечме айылы менен Өзбекстандын Сох анклавындагы Чашма айылынын тургундары ортосунда жаңжал чыккан

Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов жекшембидеги кыргыз-өзбек чек арасындагы чатактан кийин Баткендин Кадамжай районуна барды, деп кабарлады өкмөттүн басма сөз кызматы.

Маалыматтарга караганда, Боронов Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушту. Жекшембидеги чек ара чатагынан эки тараптан тең жаракат алгандар бар. Расмийлер кырдаал жайгарылып, көзөмөлдө турганын билдирүүдө.

"Айдаркен шаарынын Жалпы дарыгерлик тажрыйбалык борборуна окуянын кесепетинен жаракат алган жалпы 25 жаран келип түшкөн. Учурда жабырлануучулардын төртөө ооруканада. Эки жабырлануучу жандандыруу бөлүмүндө, операциядан кийинки бейтаптардын абалы дарыгерлер тарабынан оор деп бааланууда. Эки жаран хирургия бөлүмүнө жаткырылган, абалдары орточо оор. Бардыгы тең тиешелүү дарылануу курсун алууда. Калган 21 жаран башатапкы медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин, канааттандырарлык абалда амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн. Жабыр тарткандар бардык керектүү дары-дармектер жана медициналык багыттагы буюмдар менен камсыз болушкан. Окуя болгон жерде 2 тез жардам бригадасы нөөмөттө турушат. Баткен облустук бириктирилген ооруканасынан реаниматолог жана травматолог жөнөтүлгөн. Алар кесиптештери менен биргеликте жаракат алгандарга жардам көрсөтүшүүдө",-деп айтылды Саламаттыкты сактоо министрлиги тараткан маалыматта.

Өзбекстан тараптан 16 киши жаракат алганы айтылды.

Жекшемби күнү түшкө жуук Баткендин Кадамжай районунундагы Чечме айылы менен Өзбекстандын Сох анклавындагы Чашма айылынын тургундары ортосунда жаңжал чыккан. Интернетке тараган видеолордо тараптар бири-бирине таш ыргытышканын көрүүгө болот. Жаңжалга аймактагы булак суусу себеп болгон деп айтылууда. Чечме булагынын суусун кыргыз тарап дагы, өзбек айылы дагы колдонуп келген. Расмийлер бул жер тактала элек чек ара тилкеси экенин, ошондуктан эки тарап тең колдонуп келгенин түшүндүрүүдө. Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматынын чек ара аскерлеринин басма сөз кызматы "кырдаал жайгарылып, жаңжалдын келип чыгуу себептери иликтенип жатканын" кабарлаган.

Сүрөттүн булагы, Social Media

"Союз учурундагы сүйлөшүүлөрдө, андан кийинки сүйлөшүүлөрдө дагы Сохтун тегереги эки тараптын көйгөйлөрүнүн эң орчундуусу болуп келген эле. Чечме булак эки айылды суу менен камсыздап турат. Мен иштеп турганда аныктаганыбызда, толугу менен эле бизге тиешелүү булак болгон. Бирок эми пайдаланылып жүргөн эрежелери, тарыхы, керектөөсүнө таянып, ошонун тегерегинде жанагыдай жагдайды түзүп коюп жатат. Бул жерде биздин коңшуларыбыздын мамилеси туура эмес. Укканыбызга караганда, биздин жарандар арыкты тазалап алалы десе, ошого каршылык көрсөткөн деп айтылып жатпайбы. Бул эми эч кандай эреже сыйбаган нерсе да. Бул жер тактала элек тилке катары эсептелип келген. Мен иштеп турган кезде алар тосуп алууга аракет кылган. Биз барып, токтотуп, ошол бойдон сүйлөшүүлөр токтоп турган. Азырга чейин маселе чечилбей келе жатат",-деди Саламат Аламанов, Чек араны тактоо боюнча өкмөттүк комиссиянын мурдагы төрагасы.

Фергана облусунун тутумундагы Сох району Өзбекстандын Кыргызстан аймагындагы эксклавы. Өзбекстан анклавы менен кыргыз айылдары ортосундагы жаңжалдар буга чейин дагы катталып келген. Бирок бийлик башына Шавкат Мирзиёев келгенден бери Өзбекстандын бул багыттагы саясаты кескин өзгөрдү. Соңку он жылдан ашуун убакыттан бери, бири-бирине сыртын салып, айрыкча чек ара маселесинде орток пикир таба албай келген коңшу өлкөлөрдүн ортосундагы мамиле бир топ жакшырды. Мурдагы чыңалган абал, улам кайталанып турган чек арадагы чатакташуулар токтогон эле.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Транс чек аралык сууларды бөлүштүрүү, пайдалануу эрежелери союз учурундагы абалда калгандыктан, бул маселе барган сайын чыңалуу жарата берет дейт серепчилер.

"Баткен аймагында төрт-беш дарыя коңшу өлкөлөр менен чогуу пайдаланылган таранс чек аралык суулар эсептелет. Чыгып жүргөн чыр-чатактардын бир себеби суу пайдалануу эрежелери союз учурунда орнотулуп, ошол бойдон келаткандыгы.",-дейт Баткендин мурдагы акими, жергиликтүү талдоочу Хаит Айкынов

"Союздун суу бөлүштүрүү эрежелери менен эле жашап келе жатабыз. Биз тараптан өзгөртөлү деген сунуштарга коңшулар жооп бербей жатат. Ошол убакта түзүлгөн эреже жалпы союздун кызыкчылыгына жооп берген. Азыр эми эгемен өлкө болгондон кийин биздин кызыкчылкка жооп бербейт, кайра түзүш керек деп сунуш кылып жүрөбүз. Негизи Өзбекстан жана Фергана өрөөнүндөгү Тажикстандын жерлери пахта өндүрүүгө ылайыкталган. Ал мезгилде пахта стратегиялык сырье болгон. Ошондуктан сууну ошол жакка берүүгө союзда чечим болгон. Бүгүнкү күндө алардын сырьесунун стратегиясы биз үчүн эч кандай мааниге ээ эмес да. Ошондуктан өзүбүздүн жерлерди өздөштүрүп, аймагыбызда пайда болгон сууларды керектүү көлөмдө пайдаланышыбыз керек деген жүйөлөрдү айтабыз. Бирок келишим бузулмайынча схема иштей берет да. Алар ошого таянып, создуктуруп жүргөн кездери",-деди Саламат Аламанов.

Талаштуу тилкелердин көбү анклавдарда

Сох району Кыргызстандын ичиндеги Өзбекстанга караштуу анклавдардын эң чоңу жана эң машакаттуусу саналып жүрөт. Чек ара көйгөйүнөн, суу жана жайыт талаштан жылда чектеш айылдарда чыр-чатак буга чейин көп жолу катталган.

Сох району 325 чарчы километр жерди ээлейт. Анклавда жашаган калктын саны элүү миңдей деп айтылып жүрөт. Негизинен 90 пайыздан ашууну тажик улутундагы өзбек атуулдары. Сохтун тургундары негизинен дыйканчылык жана мал чарбасы менен тиричилик өткөрөт.

Бул анклав тарых булактары боюнча өткөн кылымдын жыйырманчы жылдарында улуттук-аймактык бөлүштүрүү маалында эле пайда болгон. Москвадагы чоң комиссия бул анклавды адегенде Кыргызстанга, андан кийин Өзбекстанга караштуу кылып чечкен. Кийин1955-жылы Кыргызстан менен Өзбекстандын биргелешкен комиссиясы анын чарбалык ыңгайына карап, Өзбекстанга караштуу административдик район кылышкан.

СССР таркап, Кыргызстан менен Өзбекстан чек араларын бекиткенден кийин анклавга кирип чыгуу машакаттуу иш болуп, эки өлкө ортосунда маал-маалы менен чыр-чатак чыгып турган.

Талаштуу тилкелердин көбү мурдатан эле Сох, Шахимардан анклавынын тегерек чети, Анжиян суу сактагычынын айланасында жүрүп келгени маалым. Кыргызстандын аймагында Өзбекстандын төрт анклавы бар: Сох, Чоң-Кара-Калча, Шахимардан, Таш-Дөбө. Көптөгөн жылдар бою Өзбекстан чек ара тактоодо катаал позицияны карманып, сүйлөшүүлөргө сыртын салып келген.

2017-жылы Кыргызстан менен Өзбекстан эгемендик жылдардан бери чыңалуу жаратып келе жаткан чек ара маселесин ачык талкуулоого жетишти. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Бишкекке сапары учурунда эки өлкөнүн чек арасы боюнча өткөөл келишимге кол коюлган. Ошол убакта чек аранын 85 пайызында тактоо иштери бүткөнүн эки тарап тең жарыя кылган.

Бирок эксперттер чек аранын тактала элек 15 пайызы мурдатан эле талаш жаратып, ошондон улам иш ордунан жылбай келгенин айтып чыгышкан. Эки өлкө ортосундагы чек ара 1378 чакырым. Айрым маалыматтарда учурда чек аранын беш пайыздай талаштуу тилкелерин тактоо боюнча аракеттер көрүлүп келет.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы жаңжалдан бир апта мурун Жалал-Абаддын Кара-Дарыя айыл аймагындагы бир нече гектар жер Өзбекстанга өтүп кетти деген нааразылык айтылган. Муну жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыккан эле. Көп өтпөй жергиликтүү бийлик чек ара такташуудан мурда 25 гектардай дыйканчылык жеринин 8 гектары Кыргызстанга өткөнүн, калганы Өзбекстанга таандык болуп чечилгенин түшүндүргөн. (AbA)