Июнь коогалаңына он жыл: жарандык коомдун көңүл борборундагы көйгөйлөр

Президент Сооронбай Жээнбеков 10-июнда он жыл мурдагы коогалаңда каза болгондордун жакындары менен жолукту

Сүрөттүн булагы, President.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Президент Сооронбай Жээнбеков 10-июнда он жыл мурдагы коогалаңда каза болгондордун жакындары менен жолукту

Кыргызстан июнь окуясынын 10 жылдыгын эскерүүдө. Бул датанын алдында жарандык коомдун айрым өкүлдөрү шаардагы көйгөйлөргө көңүл бурууга бийликти чакырды.

Президент Сооронбай Жээнбеков 10-июнда Ош шаарына барып, он жыл мурдагы коогалаңда каза болгондордун жакындары менен жолукту.

Он жыл мурда Ош шаарында жана Жалал-Абад облусунда кандуу калаба орун алып, жүздөгөн өмүрлөр кыйылган.

Жылда бул окуя эскерилгенде ЖМКлар эки улуттун ортосундагы мамиле жакшырып, турмуш абалкыдай болуп калганын чагылдырат.

Быйыл президент Ош шаарына келээр алдында аны менен жолугууну талап кылган бейөкмөт уюмдарынын айрым өкүлдөрү, эл арасында курч көйгөйлөр бар экенин айтышты.

Сүрөттүн булагы, President.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Жабырлануучулар менен президенттин жолугушуусунан

"Интербилим" бейөкмөт уюмунун башчысы Гүлгакы Мамасалиева 2010-жылы жабыркагандарга берилген үйлөр азыр урап жатканын, алардын көпчүлүгүнүн дале үйгө документи жок экенин айтты.

Ошондой эле шаар четиндеги 30 миң жер тилкеге бөлүнүп берилген Кең-Сай конушунда коммуникация жок экенин белгиледи.

Мамасалиева он жыл мурдагы конфликттин алдында элдин бийликке нааразычылыгы, кыжырдануусу күч болгон деген оюн айтып, азыр алдын алуу керектигин эскертип жатат.

"2010-жылга жакын эл коррупциянын күчөгөнүнө нааразы болуп жатышкан. Бей-бечаралардын кызматка келиши азайып келаткан, андай абалда улуттук азчылыктардын кайсы бир башкаруучу кызматка барышы ого бетер кыскарат. Ошондон улам бийликке нааразы маанай бар эле. Азыр эми Ошто кылмыштуулук күчөдү. Сот адилеттиги орногон жок. Кландык топтордун бийлиги жүрүп, коррупция гүлдөп жатканын тана албайбыз", - деди ал Би-Би-Сиге.

Сүрөттүн булагы, President.kg

"Эл аралык коргоого көмөктөшүү" фондунун жетекчиси Акылбек Ташбулатов "июнь окуясынан" кийин Ош шаарынын жашоосу кайра оңолуп кетээрине деле ишенбейт элек, он жылдан бери шаар турмушунда өсүш бар деди.

"Бийик имараттар салынып, жаңы мекемелер ачылып өзгөрүү бар. Бир улуттуу райондорго да көп кабаттуу үйлө курулуп жатат", - дейт ал.

Ташбулатов ошол эле учурда олуттуу маселелер турганын да айтууда. Алардын бири ички миграция:

"Расмий 240 миңден ашык калк турат деп айтылган менен, чынында жарым миллиондой адам жашайт. Экинчи борбор саналган Ошто да ички мигранттардын маселеси Бишкектегидей эле. Алар каттоого алынбай жатат, демек, социалдык көйгөйлөрү чечилген жок. Мындай жагдайлар да чыңалууга алып келиши мүмкүн".

Ташбулатов Ош экинчи ири шаар болгонуна, бардык аймакта кыргызстандыктар салыкты бирдей төлөгөнүнө карабай, сапаттуу билим алуу менен саламаттык сактоо тейлөөсү Бишкекте гана бар деп эсептейт.

Сүрөттүн булагы, President.kg

"Жакшы мугалимдер менен дарыгерлердин баары Оурсияга кетти, дагы деле кетип жатышат. Аларды алып калуу боюнча мамлекет саясат жүргүзгөн жок. Ошондуктан райондорду коюп, Ош шаарында деле сапаттуу кызмат ала албайсың", - дейт Ташбулатов.

Ош шаарында жашаган 54 жаштагы Муккадас он жылда турмуш өз калыбына толук түшкөнүн айтты. Бирок ал кандуу калабанын тагы кетпейт экен деди:

"Андай окуя болбосун деп тилейбиз. Өзбек кыргыз жакшы мамиледебиз. Бирок күнүмдүк майда-барат мамиледе деле бир тарап үнүн катуу чыгарып койсо же башкачараак сүйлөп койсо "тиги улуттан болгон үчүн мага ушинтип жатат" деп шекшинип турабыз".

Шаардын Гүлбайра аттуу тургуну окуя маалында да катардагы кыргыз менен өзбектин мамилеси бузулбаган учурларды айтып берди.

"Менин тегерек четимде өзбек коңшулар жашайт. Биз окуяга чейин деле, кийин деле жакшы мамиледебиз, - деди ал. - Бири-бирибизге "биздин чатак менен ишибиз жок, ал тияктагы кайсы бир акылы жок кишилердин атайын жасаганы" деп мамиле кылдык. Бирок каргашалуу окуядан кийин өзбек бир туугандар кыйла басынып калды. Эми гана өз нугуна түшүп келатат. Азыр элдин маанайы жакшы, турмушу да жаман эмес. Эми ал Орусиянын эсебинен болуп жатат, көпчүлүк миграцияда".

10-июнда президент Сооронбай Жээнбеков Ош шаарында он жыл мурдагы окуяда жабыр тарткандар, каза болгондордун жакындары менен жолукту.

"Сиздер менен чогуу чыр-чатакты токтотуу үчүн, тартипти калыбына келтирүү үчүн, элдин тынч турмушун улантуу үчүн тикебизден тик турдук. Баары эсимде. Ал күндөрү жакынын жоготкон ар бир мекендешимдин арманын, силердин кайгы-муңуңарды сезип, жүрөгүм менен кабыл алам", - деди жолугушууда Жээнбеков.

Ал Ош облусуна болгон эки күндүк иш сапарында башка иш-чаралар менен таанышты. Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, Оштун тегерегиндеги 10 конуш суу менен камсыз болгону жатат.

Он жыл мурда Ош шаарында жана Жалал-Абад облусунда тутанган улуттар арасындагы чырда 440тан ашык адам каза болуп, расмий сандарга ылайык, 2000 чамалуу киши жаракат алган. 50дөн ашык киши дайынсыз деп катталган, айрымдарынын чоо-жайы азыркыга чейин белгисиз.