К.Абдраманов: Кыргызстанда элдин көбү коронавируска ишенбей жатышы өтө кооптуу

К.Абдраманов

Сүрөттүн булагы, Social Media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

К.Абдраманов: Абройлуу, аң-сезимдүү эле адамдар вируска маани бербей жатат

Дүйнөдө саламаттыкты сактоо адистери эпидемиянын экинчи толкуну болобу же жокпу деген суроо азыр күн тартибинен алынды, ал качан жана кандай болушу мүмкүн деген суроонун айланасында талкуу жүргүзүп жатканда, айрым өлкөлөрдө вируска кабылгандардын саны кескин өсүп жатканы байкалууда.

15-июнга карата Кыргызстанда Covid-19 вирусун жуктурган 87 жаңы учур катталды. Өлкөдө вируска кабылгандардын жалпы саны 2372 чыкты, 27 киши көз жумду. Соңку күндөрү кандай жол менен вирусту жуктуруп алганы белгисиз болгондордун саны өсүүдө дейт расмийлер. Маселен, 15-июнда катталган 87 кишинин 64 гана мурда вируска кабылгандар менен байланышта болгон. 23 адам коронавируска каяктан чалдыкканы белгисиз. Эксперттер бул көрүнүш вирус көчөгө тарап кеткенин айгинелейт деп белгилеп, беткап кийип жүрүү, социалдык аралыкты сактоо абдан маанилүү экенин эскертүүдө.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму болсо карантин чектөөлөрүн эрте алып салды деп бир топ өлкөлөрдү эскертти. Мына Кыргызстанда дагы коомчулук бул вируска маани бербей, кадыресе эле мурунку жашоого киришип кетти.

Би-Би-Си Түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр хирургиясы илимий борборунун директору Калдарбек Абдрамановго кайрылып, мындай көрүнүштүн кандай коркунучу бар экенин сурады.

К.Абдраманов: Инфекция кайрадан тарап кеткенде, дарыгерлер аны экинчи толкун деп аташат. Бирок ал болобу же жокпу элдин мамилесине, түшүнүгүнө жараша болот. Ошондой эле өкмөттүн чараларына жараша. Бизде экинчи толкун боюнча коркунуч бар. Себеби элдер эки ай карантинде отурушту, албетте, алар тажады. Ошол эле учурда коронавирус бар же жок деген ар түрдүү сөздөр болуп жатат. Элдин көбү ишенбей калды. Ушундай шартта элдин басымдуу бөлүгү көчөгө чыгып, той-тамашаларын баштап, чоң-чоң саясатчылар 300-500дөн адам топтоп жамандык-жакшылыкка байланышкан иш-чараларды өткөрүп жатпайбы. Бул коомдун аңсезиминин төмөндүгү. Башкача айтканда коронавируска биздин мамилени көрсөтүп, скептик катары мамиле жасап жатабыз. Мунун баары экинчи толкундун келип чыгышына шарт түзөт.

Сүрөттүн булагы, Social Media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

К.Абдраманов: Эгерде мындай жол менен барсак, экинчи толкунга туруштук бере албайбыз

Би-Би-Си: Азыр өлкөнүн айрым аймактарында кафелерде мурдагыдай эле куран окутуу сыяктуу кишилер массалык топтолгон иш-чаралар катталып жатканын өзүңүз да белгилеп өттүңүз. Айрым гана учурда коомдук сайттарга чыгып кетип, аны тизгиндеп калбаса, көптөрүнө көз жумду мамиле болуп жаткандыгынын өзү канчалык кооптуу?

К.Абдраманов: Мен таң калам да. Абройлуу, аң-сезимдүү эле адамдар ушуга маани бербей жатпайбы. Айылдагы карапайым элди эмне деп айтабыз. Андан тышкары диний кызматкерлери дагы жагдайды туура түшүнүп, лидерлери "айланайындар, кудай дагы сактаганды сактайт, бул оору бар экен, этият бололу" деп айтышы керек. Учурда жума намазга дагы барууга уруксат берип жатышат. Ал жерде деле эл топтолуп жатат. Эгерде намазга барганда социалдык аралыкты сактап, бири-биринен 2-3 метр аралыкта отурушуп, колун жууп, беткап тагынып барышса мүмкүн болот. Бирок ошону биз сактабай жатпайбызбы. Чоң дүкөн, супермаркеттерге кирсеңиз санитардык эрежелер көз жаздымда калган. Ал дүкөндөрдүн кожоюндары бул нормага маани бербей аракет кылып жатат. Бир же эки кишини коюп койгон, алар алыстан антисептик суюктуктарды чачып коет, ошону менен бүттү. Мындай жагдайда санитардык нормаларды атайын уюштуруп, кызматкерлерге туура кийим берип, беткапты сөзсүз тагынып жүр деген шарт коюп уюштурушу керек эле. Талапка ылайык нерсени жасабай жатабыз. Ошондуктан ушул жашка келип, элибизди түшүнө албай калдым. Элибиз түшүнүктүү, акыл-эстүү, мындайга маани берет деп ойлочумун.

Би-Би-Си: Италияда вирустан каза тапкандардын жакындары өкмөттү шалаакылык кылды деп прокуратурага арызданып, териштирүүнү талап кылып жатат. Пандемия маалында кыргыз өкмөтүнүн иш аракеттерин дарыгер катары кандай баалайт элеңиз?

К.Абдраманов: Коронавирус башталганына алты айга жакындап калды. Кыргызстанга вирус келгенине үч айдан өттү. Ушул убакыттын ичинде өкмөт даярдык көрсө болот эле. Коңшулар деле чоң-чоң ооруканаларды салып койду. Албетте, бизде кудайга шүгүр деп айтсак болот. Кандайдыр бир себептер менен коронавирустун интенсивдүүлүгү өтө коркунучтуу чекке жеткен жок. Жеңил деп айта албайм, бирок биздин медицинанын, өкмөттүн мойнуна көп жүк салган жок деп айта алам. Ошентсе дагы алты ай мурун Кытайдан коронавирус чыгып, төрт ай мурун дүйнөгө тарап жатканда бизде бул багытта комплекстүү долбоорлор кабыл алынган жок.

Сүрөттүн булагы, Med.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

К.Абдраманов: Адашпасам инфекция бөлүмүндө иштеген дарыгерлердин жарымынан көбү ооруп калды окшойт

Албетте, бирөөнү сындаган оңой. Бирок башында өлкөгө киргендерди, чыккандарды көзөмөлдөсө. Медицинаны акыбалын көрүп туруп, инфекция бейтапканаларды оңдоп, керектүү жабдыктарды алып, даярдансак болот эле. Биз анткен жокпуз, дем алууга жардам берген аппараттар азыр деле келе элек. Анан экинчи толкун болсо эмне болот деп талкуулап жатабыз. Эгерде мындай жол менен барсак, экинчи толкунга туруштук бере албайбыз. Жок дегенде областтык борборлордо талапка ылайык жеңил-желпи салынган бейтапкана болсо. Инфекция менен күрөшкөн, изоляторлор менен, эки жагынан чыкма атайын эшиктери менен жүз киши бата турган оорукана салсак болот эле да. Алты жүз кишиге ылайыктуу оорукана салууга күчүбүз жетпейби? Кантип жетпейт? Азыр инфекция борборлордун көбү жабылды. Ооруканалардын жабылганына күйгөн жокмун, дарыгерлердин ресурстары түгөнө баштаганына тынчсызданып турам. Адашпасам инфекция бөлүмүндө иштеген дарыгерлердин жарымынан көбү ооруп калды окшойт деп ойлойм.