Жалал-Абад: күйөөсүнөн кордук көргөн аял эртеси эле тосмо арыз жазган

Татьяна Зеленскаянын сүрөтү

Сүрөттүн булагы, Татьяна Зеленская

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Тасмадан кийин коомдук сайттарда Татьяна Зеленскаянын сүрөтүн миңдеген кишилер бөлүшүп, бул ишти адилет териштирүүнү талап кылышты жана үй-бүлө зомбулугу өтө чоң көйгөй экенине көңүл бурушту

Өткөн апта соңунда Жалал-Абад облусунун Сузак районунда күйөөсүнөн зомбулук көргөн аялдын тасмасы кыргыз сегментинде эң курч талкууланган окуя болуп калды.

Тасмада мойнуна эки дөңгөлөк байланып, колу таңылган аялга эркек киши суу чачып, кол көтөрүп жатканы тартылган.

Коомчулуктун курч реакциясынан кийин тасмадагы киши аныкталып, 15 күнгө камакка алынганы белгилүү болду. Бирок Би-Би-Сиге Жалал-Абад облустук милиция башкармалыгынын басма сөз катчысы Нурдин Жээнтаев аялы кайра тосмо арыз бергенин ырастады.

"13-июнь күнү баш коргоо чарасы боюнча сот болгон күнү эле аялы тосмо арызын жазган. Сот ага карабай 15 күнгө камакка алуу чечимин чыгарды. Милиция мыйзам чегинде эмне каралса, ошонун негизинде обьективдүү иликтөө жүргүзүп жатат",-деди милиция өкүлү.

Окуяда жабыр тарткан аял 47 жашта экени айтылды. Башында арызды өзү жазган. Жалал-Абад милициясынын маалыматында зомбулук көрсөткөн киши 51 жашта. Окуя Сузактын Бек-Абад айыл өкмөтүнө караштуу айылдардын биринде болгону айтылууда.

Кыргызстанда үй-бүлө зомбулугуна баргандарды жазага тартууга жол берген мыйзам 17 жылдан бери иштейт. Мурда милиция мындай арыздарды алгысы келчү эмес. Анткени арыз жазган адам кайра кайтарып алган учурлар көп болгон.

Сүрөттүн булагы, Би-си-си

Жаңы мыйзам үй-бүлө зомбулугу боюнча келген арыздардын баарын кылмыштардын реестрине каттоого алууга милдеттендирет.

Бул мыйзам иштей баштагандан тарта үй-бүлө зомбулугуна байланышкан кылмыштардын катталышы кескин секирик жасады. 2019-жылы 2015-жылга караганда төрт эсеге көп катталды.

Серепчилер Кыргызстандагы үй-бүлө зомбулугуна каршы кабыл алынган мыйзам - постсоветтик мейкиндиктеги прогрессивдүү мыйзамдардын бири болгону менен иш жүзүндө мыйзам иштебей, зөөкүрлөр жазадан кутулуп кеткен учурлар көп экенин белгилейт.

Соңку учураларда өлкөдө үй-бүлө зомбулугуна байланыштуу бир нече үрөй учурган окуялар катталды. Мыйзамга дагы бир катар өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгелери айтылууда.