Covid-19: күздүн камын көрүү керек

Стационар

Сүрөттүн булагы, Official

Кыргызстанда эпидемияга байланыштуу айрым чектөөлөр жеңилдетилди. Ооруну жуктургандардын саны төмөндөп келатат.

Сырттан келгендер мындан ары обсервацияга жаткырылбайт. Алардан ПЧР анализ да алынбайт, телефонуна мобилдик тиркеме орнотулуп, анкета толтургандан кийин үйүнө коё берилет. Анткени коронавирус сырттан келгендердин арасынан бирин-экин гана чыгып, негизинен өлкө ичинде жатат деп түшүндүрдү республикалык штаб.

Унаалар үчүн айрым жолдордогу тосмолор алынды. Баткен облусунда коомдук унаанын жүрүшүнө уруксат берилди. Бирок облустар аралык каттамдарга уруксат жок.

Бишкекте коомдук унаалар дале дем алыш күндөрү иштебейт.

Өлкөдө вирусту жуктургандардын саны төмөндөп келатат. Бир суткада каза болгондор акыркы күндөрү онго чейин өйдө төмөн болуп жатат. 10-августка карата бир суткада 6 киши каза болду. 9-августта 8 өлүм, эки күн мурда 9 курмандык саны катталган, бирок үч күн мурда 4кө түшкөн болчу.

Акыркы суткада вирусту жуктургандар 258, ал эми айыгып чыккандар 407. Курмандыктардын жалпы саны 1474кө жетти.

Күзгө болгон божомолдор

Айрым эскперттер октябрь-ноябрь айларында Кыргызстанда вирустун экинчи толкуну каптаарын айтып жатышат.

Сүрөттүн булагы, Official

Абал жеңилдеди деп коопсуздук чараларын көңүл сыртында калтыруу кайра оор абалга алып келиши мүмкүн экенин премьер-министр Кубатбек Боронов да айтты.

Республикалык инфекциялык көзөмөл боюнча илимий-практикалык борбордун эпидемиологу Алексей Кравцов жугуштуу оору өзү толкун абалында өйдө-төмөн болот деди.

Ал Оксфорд университети менен жазда жасалган изилдөөнүн баштапкы жана кийин божомолу бири-бирине дал келгенин белгиледи.

"Бизди күздө дагы ушундай эпидемиялык жогорулоо күтүп жатат. Бирок ансыз деле ооруга чалдыгуу боюнча өсүп жатабыз. Биздин эпидемиологдор Оксфорд менен жасаган божомолдо эч кандай чара көрүлбөсө эпидемиянын ылдыйлашы жыл аягында гана, жада калса кийинки жылдын башында күтүлөт деп айтылган. Ошондуктан күзгө биз даяр болушубуз керек", - деди Кравцов.

Эпидемиолог коронавирус адамга сасык тумоо менен бир учурда жукса организмге кыйла оор болот дейт. Ошондуктан ал Саламаттык сактоо министрлиги сасык тумоого вакцина сатып алып жатканына көңүл брду.

Кубатбек Боронов вакцина айрым катмарга акысыз болорун айтты:

"Социалдык аярлуу катмарга, жакыр жашаган үй-бүлөлөргө акысыз жүргүзөбүз. Вакцина сентябрда келет. Эмдөө ыктыярдуу болот. Ошондой эле акы төлөп жасатууга да шарт түзүлөт".

Сүрөттүн булагы, Official

Ооруп айыккандар вируска кайра чалдыгышы мүмкүнбү?

Эпидемиолог Кравцов ооруп айыккандардын иммунитети тууралуу изилдөөлөр толук эместигин белгиледи. Ушундай эле ойду өлкөнүн башкы пульмонологу Талантбек Сооронбаев да билдирди. Бирок ал антитулку жоголгон менен иммундук эс-тутум кала бериши мүмкүн деген айрым пикирлерди келтирди.

"Биздеги маалыматтар боюнча иммунитет көпкө чейин эле сакталат. Ал канчага чейин экенин билбейм. Бирок иммундук эс-тутум, мисалы, бир же эки жылдан кийин организм ушул эле вируска жолукса аны тааныйт. Демек андан коргонуп, реакция кылат. Антитулкулар иштелип чыгат, башка дагы иммундук механизмдер иштейт. Кантсе дагы жеңилирээк ооруп, иммунитет болот го деген пикирлер бар", - деди Сооронбаев.

Ысык-Көлдөгү абал

Ал арада курорттук сезонго байланыштуу Бишкек менен Чүйдөгү кырдаалдан кийин Ысык-Көлдө ооругандардын саны кескин өскөн.

Өкмөттүн облустагы өкүлү Балбак Түлөбаевдин айтымында, абал турукташа баштады. Бүгүн Жети-Өгүз районунда бейтаптардын баарын үйүнө чыгарышты.

"Кырдаал акырындан турукташып баратат. Дарыгерлер, дары-дармектер жетиштүү. Ысык-Көл облусу боюнча ушу тапта 342 адам ооруканада жатат. Биз эми базарларда, пансионаттарда түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз", - деп билдирди Түлөбаев.

Ошентип өлкө боюнча ооругандардын жалпы саны 40 миңдеп ашты. Дарыланып жаткандардын саны азыр 6 жарым миңге жакын.

Кыргызстанда коронавирустан айыккандар 82 пайыз, өлүм саны 3,6 пайызды түзөт