Remix: Саясий партиялар эски обонун жаңылайбы? Шайлоо алындагы биригүүлөр

Акыркы жылдары коомчулук тарабынан эң көп сын айтылган бийлик бутагы парламент болду

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Акыркы жылдары коомчулук тарабынан эң көп сын айтылган бийлик бутагы парламент болду

Кыргызстанда 4-октябрга белгиленген Жогорку Кеңешке шайлоонун маанилүү учуру башталды. Шайлоо жарышына катыша турган саясий партиялар тизмелерин тактап, кайсыл саясий күчтөр менен бириге турганын ачыкка чыгарууда. Бул жолу партиялар катарына жаштарды тартууга аракет кылып жатканы байкалат.

Белгилүү саясатчы Өмүрбек Текебаевдин кайрылуусу мунун бир мисалы болуп калды. Бирок серепчилер партиялар мурдагыдай эле бизнес чөйрөсүндөгү колунда бар кишилердин жана мурдагы аткаминерлерди алдыга алып чыгат деп болжоп турат.

А.Мадумаров жетектеген "Бүтүн Кыргызстан" партиясы менен Т.Сариевдин "Ак шумкар" партиясы шайлоого чогуу бара турганын билдирди. Буга чейин Т.Сариев бир катар саясий партиялардын башы бириккен "Жаңы дем" кыймылына биригип, кийин андан кетип калды. Анын себебин ачык айткан жок.

"Мен жетектеген "Ак Шумкар" партиясы Адахан Мадумаров түптөгөн "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын туусу алдында парламенттик шайлоого бирге аттанууну чечтик. Эң башкысы биздин принциптерибиз, алдыга койгон максаттарыбыз дал келди",-деп жазды Т.Сариев Facebook баракчасына.

Өзүн бийликке оппозиция катары жарыялаган "Бир Бол" саясий партиясы катарын көбүрөөк жаштар түзгөн "Демократ" партиясын кошуп алды. "Демократтар" 2016-жылы Ош, Бишкек жана Токмок шаардык кеңешинин шайлоосуна катышып, утулуп калганын билебиз. Ошондой эле партиянын саясий кеңешинин курамы толук жаңыланды.

Сүрөттүн булагы, Social media

"Ата Журт" партиясы болсо "Мекеним Кыргызстан" менен шайлоого чогуу бара турганын жар салды. Бирок "Ата-Журттун" басма сөз кызматы партиянын өзү эмес, айрым гана мүчөлөрү бириккенин айтып чыкты. "Ата Журт" партиясы 2010-жылдагы шайлоодо биринчи орунду алып, саясий жолун баштаган эле. Кийин партиянын курамы бир нече топко бөлүнүп кеткен. Учурда бул партияны ЖКнын мурдагы төрагасы Акматбек Келдибеков жетектейт деп айтылган эле. Ал эми буга чейин жергиликтүү шайлоолорго активдүү катышып жүргөн "Мекеним Кыргызстан" партиясын ЖК депутаты Мирлан Бакиров баштап барууда. Ал парламенттеги "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаты. Буга чейин "Мекеним Кыргызстанга" "Бирик" жана "Табылга" деген партиялар кошулган. "Табылга" деп аталган саясый партия буга чейинки жергиликтүү кеңештерге шайлоодо Караколдо утуп чыкканы менен белгилүү.

Сүрөттүн булагы, Social media

Алдыда дагы бир катар саясий күчтөрдүн биригиши күтүлүүдө. Бул жолку шайлоого кырктан ашуун партия катышуу ниетин билдирген эле. Акыркы жылдары коомчулук тарабынан эң көп сын айтылган бийлик бутагы парламент болду. Коронавирус пандемиясы дагы өкмөттүн, бийлик бутактарынын чабал жактарын ачыкка чыгарды. Ошондуктан алдыдагы шайлоо коомдогу курч каршылык маанай алдында башталууда. (AbA)