"Ата Мекенде" аталар балдарына жол бошотту: тизмеде алдыда ким бар?

  • Азиза Марат кызы
  • Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
туу көтөргөн жаштар

Сүрөттүн булагы, Social media

"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев парламенттик шайлоого талапкер болбой турганын билдирди. Партиянын дагы бир көрүнүктүү лидерлеринин бири Дүйшөнкул Чотоновдун кызы тизмеде биринчи жыйырмалыкта. Ошол эле учурда КЛДПнын жүзү болуп келип, кийин "Ата Мекенге" кошулган Сейтек Качкынбай жыйырмага кирбей калды.

Өмүрбек Текебаев "Ата Мекен" партиясын түптөгөн саясатчылардын парламенттик шайлоого барбай турганын жаштарга жол бошотуу максаты менен түшүндүрдү.

"Биз жаңы, жаш лидерлерди алдыга чыгарабыз. Жаңы доордун негизги жүгүн ошолор тартсын. Анткени алардын заманы келди", - деди Текебаев партиянын 18-августта Бишкекте өткөн курултайында.

Шайлоого партияны баштап бараткан депутат Жанарбек Акаев партия лидеринин бул кадамын "саясий эрдик", "башка саясатчыларга" үлгү деп баалады. Ал ошондой эле "Ата Мекенди" артка кайтпай турган оппозиция деп жарыялады.

Сүрөттүн булагы, Social media

Биринчи жыйырмага ким кирди?

Партия депутаттыкка талапкерлердин тизмесин жарыялады. Биринчи 20 талапкердин аты-жөнү:

  • Акаев Жанарбек Кубанычович
  • Токтогазиев Тилек Мусалиевич
  • Момбеков Рыскелди Чыныбекович
  • Сурабалдиева Эльвира Жыргалбековна
  • Абакиров Эльдар Курманбекович
  • Түмөнбаев Акыл Тогузбаевич
  • Осмонов Евраз Арысланбекович
  • Никитенко Наталья Владимировна
  • Шерниязов Абылкасым Эсентаевич
  • Нурбаев Абдывахап Мамадрасулович
  • Токтошев Эмиль Токтакунович
  • Чотонова Турсунбубу Дуйшонкуловна
  • Эркебаев Азат Абдыганыевич
  • Ин Ким Сен
  • Сулейманов Бахадыр Исхакович
  • Кырбашева Кундус Бергеншаевна
  • Макеев Керимберди Жакыпович
  • Джураев Улан Муратович
  • Турдубеков Бакыт
  • Шарапова Жибек Закировна

Шайлоого барбайт деген "атамекенчи" Дүйшөнкул Чотоновдун кызы тиземеде он экинчи. Кыргызстандын либерал-демократиялык партиясынын жүзү болуп келатып, "Ата Мекенге" июнда кошулган Сейтек Качкынбай бул жыйырмалыкка кирген жок.

С.Качкынбай адегенде тизмеде алдыда болгонун, бирок башка күчтөрдүн өкүлдөрүн киргизгенден кийин 22-орунга жылганын айтты.

"Бул эми таза "Ата Мекен" эмес, ар кандай күчтөрдөн турган "Жаңы дем" деген альянс. Алгачкы жыйырмага КЛДПдан беш киши кирет деп сүйлөшкөнбүз. Азыр төртөө бар. Саясий конъюнктураны эске алып, башка дагы күчтөрдүн өкүлдөрүн кошуш керек болду. Ошондо катарыбыз эки кишиге жылды", - дейт Качкынбай.

Бирок аты буга чейин билинбеген Жибек Шарапова жыйырманчы болуп илинди. Ал "Республикадан" депутат Закир Шараповдун кызы. "Ак шумкардын" квотасы менен киргенин, лидери Темир Сариев "Ата Мекенден" чыгып кеткенине карабай калганын Сейтек Качкынбай ырастады. Кундус Кырбашева, Улан Жураев партиянын мурунку мүчөлөрү экени белгилүү болду.

"Ата Мекенден" азыркы депутаттар бар. Үч социал-демократ депутат кошулду.

Либералдар менен бириккен социалисттер

Саясат таануучу Айнура Арзыматова социал-демократтардын, либерал-демократтардын социалисттерге кошулуусу Кыргызстанда чыныгы партиянын жок экенин дагы көрсөттү дейт.

"Социал-демократия - бул жеке менчикке негизделген социализм, Германияда пайда болуп Батыш Европада өнүгүп жатат. Ал эми социализм жалпы коомдук менчикти жактайт. Либерализм өнүккөн капиталисттик коомдо өркүндөп жатат. Бизде идея үчүн күйбөйт, 6-чакырылыштын депутаттары деле, азыркылар деле өзүнүн менчиги үчүн жанын берип жатат. Ал эми либерал-демократтар башында жакшы баштады. Жаштар, билимдүү жаңы адамдар үмүт жараткан эле. Жаштарды жыйнап, өзүнчө кете бергенде келечеги бар болчу. Эми "Ата Мекендин" ичинде сиңип кетишти", - деп ойлойт Арзыматова.

Ал соту жүрүп жатканына байланыштуу Текебаев менен Чотонов шайлоодон баш тартууга аргасыз болгонун айтты.

Саясат таануучу Алмазбек Акматалиев тескерисинче партияны түптөөчүлөр туура кадам жасады деп эсептейт.

"Жаңы күчтөр келиш керек. Албетте, соттук иштер да таасир этсе керек. Ошентсе Текебаевдин бул кадамы саясий маданияттын дагы белгиси, - деди Акматалиев, - Ал өзү кеткен менен жаштарды алып келип партияны сактап калды. Бизде оңчул, солчул деген түшүнүк эми гана орноп келатат. Ошондуктан азыркыдай иш-аракеттерди түшүнүү менен эле кабыл алам. Баалуулуктарга негизделген партия жокко эсе. Кыргызстанда шайлоого саясий партиялар эмес, уюшулган топтор барат десе болот".

Парламентке өтүү мүмкүнчүлүгү

Сүрөттүн булагы, Social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

"Ата Мекен" 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо 11 мандат алган

Айнура Арзыматова бул партиянын азыркы курамы менен парламентке келүү мүмкүнчүлүгү аз деп ойлойт.

Саясат тармагындагы PR адис Азим Азимовдун жеке божомолунда бул жолу да парламентке беш партия келет. Ал биринчи болуп бийликтин эки партиясы өтсө, үчүнчү болуп "Кыргызстан" келет деп ойлойт. Ал эми төртүнчү жана бешинчи орунга "Ата Мекен" менен "Бир болду" коёт.

"Ата Мекен коомдун оппозициялык талаптарынан саясий упай топтой алат. Албетте "Ата Мекендин" талаа иштеринде алсыздык жагы бар. Бул партияга бириккен жылдыздар үчүн коркунуч. Бирок 2015-жылы бул партиянын абалы мындан да начар болчу, кандайдыр жол менен парламентке өтүштү. Кыскасы, алардын сентябрдагы иш-аракети чечет. Ишке ашыра ала турган потенциалы бар, аны колдон чыгарып жиберүү коркунучу да бар", - деди Азимов .

Божомолдор сөз жок күн өткөн сайын саясий партиялардын кадамына жараша өзгөрөт.

Эксперттер саясий партиялардын принциби, идеологиясы тууралуу сөз кылууга Кыргызстанда дагы деле мүмкүн эмес экенин бир добуштан айтышты.

"Ата Мекен" 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо 11 мандат алган. Ал ЖКда оппозициялык фракция болуп келди.