БШК чечимине каршы "Бүтүн Кыргызстан" сотко кайрылат

Адахан Мадумаров

Сүрөттүн булагы, Social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Партия лидери Адахан Мадумаров БШК чечиминин үстүнөн сотко кайрылышарын билдирди

БШК талапкерлерди аныктоодо эреже бузган деп, "Бүтүн Кыргызстан" партиясын каттаган жок. Партия мүчөлөрү муну "саясий чечим болду" деп сынга алууда.

Партия лидери Адахан Мадумаров БШК чечиминин үстүнөн сотко кайрыла турганын айтты: "Шайлоого катышабыз деген үмүт бар. Биз Жогорку Сотко кайрылабыз. Ал үчүн БШК тийиштүү документтердин баарын бериши керек".

"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын тизмесинен чыр чыгып, эки күн мурун БШК аны талашкандар өздөрү соттошуп чечсин деп тыянак кылган эле. Бирок саясий партияларды шайлоого каттоонун акыркы күнү партияны шайлоодон четтетип салды. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Атыр Абдрахматова башында "Бүтүн Кыргызстан" боюнча чечим башкача болгонун, кийин долбоорду өзгөртүп салышканын айтып чыккан.

"Бүтүн Кыргызстан" партиясы өзүн бийликке келишкис оппозиция деп жарыялаган. Соттук териштирүү болсо, партия бюллетендеги катар номерин аныктаган чүчүкулакка катыша албай калышы мүмкүн. Себеби, парламенттик шайлоого катышып жаткан партиялардын бюллетендеги орду 4-сентябрда аныкталат.

"Конституциялык Мыйзамдын 60-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык саясий партиянын жетекчисинин колу жана мөөрү менен ырасталган саясий партия көрсөткөн талапкерлердин тизмеси БШКга берилет. Бирок каттоо үчүн БШКга берилген талапкерлердин тизмеси "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын съездинде көрсөтүлгөн жана делегаттар ал үчүн добуш берген талапкерлердин тизмесине дал келбегендиги аныкталды. Мындан тышкары, "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлү берген көрмө жазууну изилдөөнүн жүрүшүндө добуш берүүнүн жашырындуулугу бузулган факт аныкталды. Конституциялык мыйзамдын 60-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык талапкерлердин тизмесин көрсөтүү жөнүндө чечим саясий партиянын съездинде жашыруун добуш берүү менен кабыл алынат. Бирок "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлү берген көрмө жазууда жашыруун добуш берүү камсыздалбаганы көрүнүп турат, добуш берүү үчүн кабина жок, делегаттар шайлоо бюллетендерин ачык толтуруп, бүктөбөстөн добуш берүү үчүн тунук урнага салып жатышат жана катышуучулар тигил же бул талапкердин эрк-ниетинин натыйжаларын көрө алат",-деп айтылат БШКнын жумушчу тобунун жүйөөсүндө.

"Бүтүн Кыргызстандын" ондогон тарапташтары партиянын Бишкектеги кеңсесинин алдына чогулуп, БШК чечимине нааразылык билдирүүдө.

Сүрөттүн булагы, Social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

"Бүтүн Кыргызстандын" ондогон тарапташтары партиянын Бишкектеги кеңсесинин алдына чогулуп, БШК чечимине нааразылык билдирүүдө

4-октябрда өтүшү күтүлүп жаткан парламенттик шайлоого 15 партия каттоодон өттү:

  • "Мекен Ынтымагы"
  • "Мекенчил"
  • "Ыйман Нуру"
  • "Чоң Казат"
  • "Реформа"
  • "Республика"
  • "Социал-демократтар"
  • "Биримдик"
  • "Мекеним Кыргызстан"
  • "Ордо"
  • "Кыргызстан"
  • "Бир Бол"
  • "Замандаш"
  • "Ата Мекен"
  • "Ооганстан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы".

Партияларды каттоо соттук жаңжалдар менен коштолуп, каттоо бүтө электе эле акча таратып, үгүт баштап жибергендер жөнүндө кабарлар талкууга түштү.

"Кыргызстан" партиясынын маселеси соттук жаңжалга айланып, эки күн мурда Жогорку Сот акыркы бүтүмдү чыгарды. Анын документтерин ыйгарым укуктуу өкүлү тапшырган жок деген негизде БШК албай койгон эле. Башка атаандаш партиялардын байкоочулары БШК менен Жогорку Сот алдында чогулуп, документтерди кечигип тапшырган бул партияны жарыштан четтетүүнү талап кылышты.

Эми каттоодон өтпөй калган партиялар да чырдап, соттошо турган жолдо баратат. "Кыргызстан" партиясына да соттогу жеңишинен кийин калпагын көккө ыргытууга али эрте. Анткени, анын расмий каттоосун жокко чыгаруу жөнүндө Бишкектин административдик сотуна арыз жазып бергенин Шайлоочулар ассоциациясынын президенти Бакыт Керимбеков кабарлады. Анын айтымында, бул партиянын аты өлкөнүн аталышы менен бирдей, бул өкмөт токтомунун талаптарын бузуу менен каттоого алынган.

Бирок шайлоодо нааразылык чыгарган себептер бул эле эмес. Эмитен эле жер-жерлерде каратып туруп акча таратуу, эртелеп үгүт жүргүзүү, кошумча шайлоо участкаларын түзүү, шайлоочуларды массалык каттоо сыяктуу көз будамайлаган оюндар болуп жатканы жөнүндө кабарлар келүүдө. Нарын районундагы Чет-Нура айылында «Биримдик» партиясынын тизмесиндеги талапкер 300 добушка жарым миллион сом убада кылганы жөнүндө видео чыгып, азыр анын чын-бышыгын тийиштүү органдар териштирүүдө.

Шайлоонун ыплас оюндары жөнүндө 1-сентябрда Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков өзү да айта кетти. Башкы прокуратура жана башка мамлекеттик органдардан мыйзамсыз көрүнүштөргө чечкиндүү чара көрүүнү талап кылды.

Бирок жер-жерлерде акча сапырып, мыйзамды көзгө илбей жүгүрүп жүргөн партиялык активисттердин оркойгон иштерин прокуратура органдары, шайлоо уюмдары көрбөй жаткандай же көрсө да көрмөксөн болуп жаткандай. Анткени алардын аткарган иши, көргөн чарасы жөнүндө ЖМКда дээрлик эч кабар жок.