БШК эмне үчүн "Кыргызстандан" башында эле баш тартты?

  • Азиза Марат кызы
  • Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Кыргызстан партиясы

Сүрөттүн булагы, Social media

"Кыргызстан" партиясынын лидери Канатбек Исаев парламенттик шайлоого катышабыз, керек болсо утабыз деди. Борбордук шайлоо комиссиясы алардын документин артка кайтаргандан кийин сотко кайрылганы жатышат. Бийликке жакын деп айтылып келген бул партиянын шайлоого катышуу үчүн катталбай калышы коомдо кызуу талкууларды жаратып жатат.

"Кыргызстан" саясий партиясы БШКнын чечимин сотто жокко чыгарууга аракет кылат. Лидери Канатбек Исаев сот адилеттүү өкүм кыларына ишенип турганын билдирди.

"Бир техникалык катанын арты менен жүз миңдеген адамдардын кызыкчылыгы, укуктары тебеленбеш керек. Эң күчтүү партиялардын бирин негизги шайлоодо четтетүү аракети жүрүп жатат деп эсептейбиз. Урматтуу партиялаштар, кудай буюрса шайлоого катышабыз, катышканда дагы жеңишке жетишебиз. Штабдарыңар кандай иштеп жатса, уланта бергиле", - деди Исаев кайрылуусунда.

"Кыргызстан" эмнеге шайлоодон четтетилүү коркунучунда калды?

"Кыргызстан" бийликке жакын партия деп саналып келгендиктен БШК аны каттабай койгону түрдүү пикирлерди жаратууда. Шайлоо жараянына тыкыр көз салып жаткан атаандаш партиялардын өкүлдөрү мыйзамдуулук жеңгенин жазып жатышат.

Айрым байкоочулар БШКнын мындан башкача чечим чыгарууга аргасы жок эле дешсе, башкалары партия соттон утуп келээри боюнча сценарий даяр экенин божомолдоодо.

Кээ бирлери "Кыргызстанды" бийлик четтетүү аракетин көрүп калганын, ага партия өзү да түз жерден чалынып, жол бергенин жазууда. Мисалы, "Реформа" партиясынын мүчөсү Рита Карасартова ошентип эсептейт.

Саясатчы Феликс Куловдун айтымында, БШКнын чечими мыйзамсыз.

Сүрөттүн булагы, Social media

"Мен "Кыргызстан" партиясын коргоо оюм жок. Алардын тагдыры мени кызыктырбайт. Бирок мыйзамда партияны каттоодон баш тартуу үчүн жети жүйөө так жазылып турат жана алардын арасында "ыйгарым укуктуу өкүлүнөн башка киши" документтерди тапшырса деген негиз жок. Ооба, шайлоолор тууралуу мыйзамдын 61-беренесинде документти БШКга ыйгарым укуктуу өкүл бериш керек деп турат. Бирок аны башка киши тапшырса ал партияны каттоодон баш тартууга негиз болот деп мыйзамда көрсөтүлгөн эмес. Бул ката, бирок партияны каттабай коё тургандай ката эмес. Ошондуктан БШКнын чечими мыйзамсыз жана жокко чыгарууга жатат", - деп жазды Кулов коомдук тармакта.

Жогорку соттун мурунку төрагасы, ЖКнын мурдагы депутаты Курманбек Осмоновдун айтымында, "Кыргызстан" партиясынын документтеринде расмий айтылган каталардан башка да орчундуу кемчиликтер бар деген сөздөр жүрөт.

"Угушума караганда, тизмеде адамдардын саны жетишпейт экен, алар тууралуу маалыматтар туура эмес экен, тизме туура эмес, - деди Осмонов Би-Би-Сиге, - Эки-үч мүнөт кечиккени, документти ыйгарым укуктуу өкүлү эмес, башка киши тапшырганы үчүн эскертүү берип каттап койсо болот. Көмүскө айтылып жаткан орчундуу мыйзам бузуулар болсо, анда катташ кыйын. Анткени БШКда байкоочулар көп жүрбөйбү".

БШКнын ишине суроолор көп

Байкоочулар интернетти кеңири колдонуу жана коомдук тармактар ачыктыкка себеп болуп жатат дешет. Ушундай пикирди айткан саясат таануучу Медет Тулегенов БШКнын чечимине башка партиялардын жана жарандык коом өкүлдөрүнүн активдүүлүгү да түрткү берди деп ойлойт:

"БШКнын позициясы суроо жаратып, дале талкууланып жатат. Мурунку түнү БШК төрайымы "Кыргызстандын" документтери боюнча баары жакшы деген. Кийинки күнү документтерди тапшырууда каталар кеткен деп айыпташты. Бирок албетте мурунку түнү башаламандык орун алып, баары түшүнүксүз эле. Ошол эле учурда бул башаламандык БШК кандай иштээрин көрсөттү, документтерди кабыл алуу шайлоонун эң маанилүү баскычы эле".

Сүрөттүн булагы, Social Media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Медет Тулегенов БШКнын кадамдарындагы мыйзамдуулук тууралуу маселени өктөрүп жатат

Саясат талдоочу сот БШКнын чечимин колдобой коюшу, соттук инстанциялар ишти тез арада карашы мүмкүн экенин кошумчалады.

"Сотко кайрылуудан сырткары "Кыргызстан" партиясы БШКнын туура эмес иштегенин көрсөтүү үчүн калган партиялардын документтерди тапшыруудагы кемчиликтерин көрсөтүүгө өтүшү мүмкүн. Анткени бир-эки партия да акыркы мүнөттөрдө катталган. Эки партия үчүн бир киши документ тапшырганы тууралуу шектенгендер болду", - дейт Тулегенов.

БШК "Кыргызстанды" каттоодон баш тартканына анын ыйгарым укуктуу өкүлү гана себеп болгонуна, кечиккени сыяктуубашка жүйөөлөр айтылбаганына баш катырган байкоочулар бар.

Калган партиялардын да катасы бар

Коомдук тармактарда чоң саясий партиялардын документтерди акыркы мүнөттөрдө алып келгенин жоопкерчиликсиздик катары баалап, сындап жатышат.

БШКнын мүчөсү Бахтияр Кадыров 25-авугсттагы жыйында "Кыргызстан" партиясынын өкүлүнө "Бул уюштуруу иштериндеги маселе болуп жатпайбы, документтерди камдоого 40 күнүңор бар эле" деди.

Ал эми Курманбек Осмонов акыркы мүнөттө катталуу партиялардын атайын тактикалык кадамы да болушу мүмкүн дейт.

Борбордук шайлоо комиссияна келген документтердин ичинен үч гана партияныкы толук жана катасыз болуп чыкты. Калгандарыныкында талапкерлер тууралуу маалыматтар толук эмес жана башка ар кандай кемчиликтер бар.

Сүрөттүн булагы, Social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Курманбек Осмонов мурунку шайлоолордо көп жагдайлар билинбей калып келгенин айтты

Алар 48 сааттын ичинде кемчиликтерин оңдоп бериши керек. Ал 27-август саат 18:00дө аяктайт. Бирок БШКнын маалымат кызматы Би-Би-Сиге билдиргендей, партиялар олуттуу кемчиликтерди эки суткада толуктап, калганын 3-сентябрга чейин түзөтүүгө укугу бар.

Ал тапта "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясы менен шайлоого бараткан Турсунбай Бакир уулу БШКга даттанаарын жарыялады. Айтымында, курултайда бекитилген тизме менен БШКга тапшырылган тизме дал келбейт. Ошентип 16 партия талапкерлеринин документтерин тапшырган болсо, арасынан чыры чубалчуулар али алдыда өңдөнөт.

Курманбек Осмоновдун айтымында, дээрлик бардык шайлоолордо орчундуу мыйзам бузуулар болуп келген.

"Мен Советтер союзунун 12-чакырылышындагы парламенттен, "Легендарлуу парламенттен" берки баардык шайлоолорду билем. Олуттуу мыйзам бузуулар, болгондо да мамлекеттик органдар тарабынан болуп келатат. Ачыгын айтканда, көп учурда көмүскө калат", - деди Осмонов.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Кимдери каттоо керектигин БШК 3-сентябрга чейин териштирет.