Пандемиянын биринчи сабагы эсте: партиялар медицина боюнча кандай өзгөрүү сунуштайт?

шайлоочу

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Коронавирус пандемиясы дүйнө жүзүн дүрбөлөңгө салды. Вирустун биринчи жапырыгынан кийин көп өлкөлөр саламаттыкты сактоо тармагындагы мүчүлүштүктөрдү жоюга умтулууда. Алдыңкы өлкөлөр вакцина иштеп чыгууга күч үрөп, мындан кийинки ушул сыяктуу вирустардын адамзатка жараткан коркунучун алдын алуу боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүүдө.

Кыргызстанда коронавирус өкмөттүн эң чабал жактарын ачык көрсөтүп, коомдогу каршылык маанайын күчөткөн. Калктын жалпы саламаттыгы начарлап кеткени, өнөкөт илдетке чалдыкканар арбын болуп, ошол эле маалда медицинанын жагдайы оор экени көрүнүп калды. Алдыдагы шайлоодо саясий партиялардын саламаттыкты сактоо тармагын өнүктүрүү, өзгөртүүгө кандай программалары бар?

"Биримдик"

"Биримдик" партиясынын сайтында программасы кыска гана берилип, саламаттыкты сактоо тармагында негизги эсептелген маселелерди чечүү жолдору кеңири түшүндүрүлгөн эмес.

"Саламаттыкты сактоо системасын өнүктүрүп, жеткиликтүү жана сапаттуу кылуу" деп, ошондой эле дары-дармектерди, сырттан келген медициналык товарларды электрондук көзөмөлгө алуу жагы айтылат. Эскерте кетсек, эки жыл мурун өкмөт дары-дармектердин атайын электрондук базасын түзүп баштаган. Расмийлер эгерде база түзүлүп калса, дары-дармектин өндүрүүчүдөн керектөөчүгө жеткенге чейинки жараяны көзөмөлдөнөт деп ишендиргени бар.

"Саламаттык сактоо тармагында, структуралык медициналык жардамды уюштурууда жана анын сапатында, анын ичинде коррупция сыяктуу көрүнүштөр сыяктуу кѳйгѳйлѳр бар. Медицина рыноктун жемине айланбашы керек. Бул тармактагы саясат мамлекеттик жѳнгѳ салууну күчѳтүүгѳ жана көзөмөлдү камсыз кылууга багытталышы керек. Санариптештирүүнүн алкагында импорттоочу, өндүрүүчүдөн баштап акыркы керектөөчүгө чейин бардык дары-дармек каражаттары жана медициналык багыттагы буюмдарды эсепке алуунун электрондук системасын киргизүү керек",-деп айтылган аталган партиянын программасында.

"Мекенчил"

"Мамлекеттин байлыгы - бул улуттун ден соолугу",-деп белгилеген аталган партия программасында. Бирок медицина боюнча реформа кандай жүрөрү, эмне өзгөрүү болору так көрсөтүлгөн эмес.

  • "Мамлекеттик ипотекалык насыя аркылуу ар бир мугалимди жана дарыгерди үй менен камсыз кылабыз"
  • "Билим берүү жана саламаттык сактоо тармагында да кардиналдуу реформа башталат",-деп айтылат.

"Ыйман Нуру" партиясы

Программасында саламаттыкты сактоо тармагы өзүнчө бөлүп каралган эмес. Партиянын сунушталган программасы экономикалык мүнөздө.

"Мекеним Кыргызстан"

Бул партия программасында саламаттыкты сактоо тармагы боюнча кеңири сунуштарды берген. Анда өлкөдөгү саламаттыкты сактоо тармагындагы майнапсыз реформалар тууралуу айтылып, "тармак жаңыча мамилеге, жаңы реформаларга муктаж" деп белгиленген.

"Мекеним Кыргызстан" саламаттыкты сактоо тармагын кардиналдуу өзгөртүү концепциясын сунуштайт:

  • Ооруканалар тармагын өнүктүрүү, рыноктук принциптер менен ооруканалардын инфраструктурасын толугу менен кайра куруу боюнча мамлекеттик программа кабыл алуу. Ал үчүн кызматташтык принциби менен инвесторлорду тартуу керек: жер, имарат, адамдык ресурстар - мамлекет тарабынан, имаратты модернизациялоо, дарылоо технологиясы - инвестордон
  • Медициналык камсыздоо системасын өзгөртүүнү - жеке, анын ичинде чет элдик камсыздоо компанияларынын кызмат көрсөтүүсүн мамлекеттик медициналык камсыздоо менен бирдей шартка ылайыктап, жөнгө салуу. Ар бир адам камсыздоонун кайсы түрү ыңгайлуу экенин өзү тандашы керек
  • Жакыр катмардагы жарандар жана пенсионерлер үчүн кайсы жакта катталганына карабай өлкө ичиндеги өзү каалаган дарылоо мекемесинде (менчигинин түрүнө карабай) колдонууга мүмкүн болгон медициналык сертификатты же ваучер системасын киргизүү. Бул бейтапка өз алдынча оорукана тандаганга эле жардам бербей, медициналык мекемелер арасында атаандаштыкты да күчөтөт. Бул үчүн менчик клиникаларды кардарларынын 5 пайызын бекер дарылоого милдеттендирүү зарыл
  • Бүт өлкө боюнча социалдык дарыканалар түйүнүн ачуу. Бул түйүн үчүн эң зарыл дары-дармектерди өз баасында сатуу жолдорун иштеп чыгууну жана ал үчүн салыктык жеңилдиктерди, укук коргоо органдары тарабынан текшерүүлөргө иммунитет берүүнү сунуштайбыз
  • Онлайн медициналык кызмат көрсөтүү өнүгүүсүн стимулдаштыруу. Бардык врачтар компьютер жана үзгүлтүксүз байланыш каражаттары менен камсыздалбаган шартта, албетте, бул идея утопиядай сезилет. Андыктан биз президенттин мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү программасынын алкагында эл аралык банктардан беш жыл аралыгында кайтаруу шарты менен медициналык тейлөөнү санариптештирүү программасын колдоого жеңилдетилген насыя алуунун механизмдерин иштеп чыгууну сунуштайбыз
  • Саламаттыкты сактоо тармагын модернизациялоо программасынын бир бөлүгү катары сергек жашоону жана оорулардын алдын алуу боюнча өзүнчө программа иштеп чыгуу
  • Медицина кызматкерлерин социалдык жактан камсыздоо системасын жакшыртуу. Ал айлык акылардын үзгүлтүксүз индексациялоосун да камтыйт.

"Реформа"

"Реформа" партиясы саламаттыкты сактоо тармагы реформалоого муктаж деп эсептеп, программасында төмөнкү сунуштарга токтолгон:

  • "Кыргыз Республикасынын калкынын санитардык-эпидемиологиялык бейгамчылыгын камсыз кылуу жөнүндө" мыйзамын кабыл алуу
  • Ыктыярдуу медициналык камсыздандырууну илгерилетүү
  • Саламаттык сактоо тутумунда административдик штатты кыскартуу жана медициналык мекемелердин функционалдык көзкарандысыздыгын камсыз кылуу, башкы дарыгерлердин эмгек жааматы аркылуу шайлануусу жана аларга эки мөөнөттөн ашык кызмат ордун ээлөөгө тыюу салуу
  • Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде саламаттыкты сактоого инвестицияларды тартуу Медицина кызматкерлеринин профсоюздарынын ролун жана анын көзкарандысыздык кепилдиктерин күчөтүү
  • Эпидемияларга даярдыкты күчөтүү (ылайыктуу иш-чаралардын планын иштеп чыгуу; маалыматтарды чогултуу ыкмалары, жугуштуу оорулардын алдын алуу; ар кандай мамлекеттик органдар менен макулдашуу механизмдери
  • Кластердик медицинаны киргизүү жана өнүктүрүү
  • Медицина кызматкерлеринин даярдык деңгээлин жогорулатуу жана илимди өнүктүрүү үчүн университеттик клиникаларды түзүү
  • Медициналык жардам көрсөтүүдө стационарды алмаштыруучу технологияларды жана алардын түрлөрүн киргизүү
  • Клиникалык протоколдорду иштеп чыгууда далилдүү медицинанын принциптерин так сактоону камсыз кылуу
  • Медициналык туризмди жайылтуу жана колдоо

"Ата Мекен"

"Ата Мекен" партиясынын программасындагы сунуштар:

  • Үч жыл аралыгында "электрондук саламаттыкты сактоо" принциптерине толук кандуу өтүү
  • Телемедицинаны, анын ичинде реалдуу режимде кеп-кеңеш берүү, үй шартындагы телемедицина, окутуу жана квалификацияны жогорулатууну өнүктүрүү. Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдында атайын клиникалык илимий-практикалык телемедицина борбору түзүлүүгө тийиш
  • Мамлекеттик бюджеттин саламаттыкты сактоо тармагынын муктаждыктары үчүн чыгымын ички дүң продукциянын 8%ына чейин көтөрүү
  • Мамлекеттик каржылоо ооруканага эмес, бейтапка багытталышы керек. Башкача айтканда, жумуш «акча оорукана эмес, бейтаптын артынан жүрөт» деген принципте уюштурулат
  • Ар бир кыргызстандык өзү үчүн кепилденген медициналык кызматтардын базалык топтомун так элестете алышы зарыл
  • Бардык жарандарды, анын ичинде жаш балдарды диспансеризациялоо (профилактикалык кароо) системасын түзүү
  • Сапаттуу медициналык камсыздоо жарандардын социалдык жана экономикалык статусуна карабай, бирдей жеткиликтүү болууга тийиш. Ал үчүн медициналык камсыздандыруунун ар кандай формаларын, анын ичинде жеке жана коомдук түрлөрүн киргизүү жана өнүктүрүү. Дарыгерлердин жана кенже медициналык кызматкерлердин айлык-акысын жогорулатуу. Дарыгердин маянасы президенттик жана өкмөттүк аппараттын кызматкерлеринин айлыгынан кем болбош керек
  • Медицина кызматкерлери үчүн социалдык турак-жай куруу боюнча мамлекеттик программаны иштеп чыгуу
  • Дары-дармек мафиясын түп-тамырынан жок кылуу. Дарылар элге жеткиликтүү болуп, эң керектүүлөрүнүн баасы мамлекет тарабынан жөнгө салынышы абзел
  • Өзүбүздүн фармацевтикалык өндүрүштү жолго салып, жеке коргонуу каражаттарын чыгарууну баштоо
  • Медициналык билим берүү системасына өзгөчө көңүл буруп, бир кездеги кадыр-баркын кайтаруу.
  • Медициналык жогорку окуу жайлардын жеке өздөрүнө бекитилген клиникасы болууга тийиш. Мындай чаралар аларды заманбап, көп профилдүү медициналык мекемелерге айланта алат. Медициналык билим берүү тармагына жеке инвестиция тартуу - жаңы Өкмөттүн программасынын атайын багыты болууга тийиш.

"Замандаш"

"Элдин саламаттыгын жана эмгегин коргоо" тууралуу программасында белгилеген. Бирок саламаттыкты сактоо тармагы боюнча кеңири сунуштар камтылган эмес. Партиянын программасында бир нече багыттардан турган «Келечек 4.0» декларациясы сунушталган.

"Бүтүн Кыргызстан"

"Саламаттыкты сактоо тармагы элдин талабына ылайык болушу керек",-дейт "Бүтүн Кыргызстан" партиясы .

  • Саламаттыкты сактоо тармагы Кыргызстандын баардык атуулдары үчүн жеткиликтүү болушу. Дары-дармектер сапаттуу жана элдин сатып алуу жөндөмүнө ылайыктуу, алардын баасын бекем мамлкеттик көзөмөлгөө алуу.
  • Айылдык дарыгерлерге жеңилдиктерди камсыздоо (турак жай сатып алууга максатуу каражаттар менен камсыз этүү)
  • Ден соолуктуу чыңдоо үчүн массалык машыгууларга шарттарды түзүү.

Социал-демократтар

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сеид Атамбаев жетектеген "Социал-демократтар" партиясынын сайты толук кандуу иштебей, саламаттыкты сактоо тармагында сунушталган реформалар тууралуу маалымат алуу мүмкүн болгон жок.

"Мекен Ынтымагы"

2010-жылы катталган консервативдик-демократиялык "Мекен Ынтымагы" партиясы "Чындык, бир гана чындык" урааны менен чыгып жатат. Партиянын расмий интернет баракчасында өлкөнү өнүктүрүү тууралуу маалымат же партиянын программасы табылган жок.

"Ооган согушунун ардагерлери"

"Ооган согушунун ардагерлери" партиясы шайлоого аттанып жатканы менен партиянын интернет баракчасы табылган жок. Ал эми коомдук медиадагы баракчасында программасы тууралуу маалымат жок.

"Ордо"

"Ордо" партиясы болсо коомдук сайтка өзүнүн программасын жайгаштырган, бирок анда Саламаттыкты сактоо багытында эч сөз айтылбайт.

"Чоң Казат"

"Тазалануу - Жанылануу" урааны менен шайлоого аттанган "Чоң Казат" партиясынын программасында дагы саламаттыкты сактоо тармагы боюнча эч сөз айтылбайт.

"Бир Бол"

2010-жылы катталган "Бир Бол" партиясы саламаттыкты сактоо тармагына бир топ реформаларды сунуштап келет.

"Биздин өлкө саламаттыкты сактоо тармагына мамлекеттик бюджеттин 30%ын жумшайт, бирок көрсөтүлгөн кызматтардын сапаты мындан көп нерсени талап кылат. Бизге саламаттыкты сактоо тармагында жаңы ачык башкаруу керек! Калктын аз камсыз болгон катмарын социалдык колдоо механизмдерин колдонуу менен милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасын киргизебиз. Алып сатарлык баалардын коюлушун алдын ала турган медициналык багыттагы буюм-тайымдарды жана дары каражаттарын каттоонун бирдиктүү санариптик платформасын киргизүү менен дары-дармектердин баш аламандыгын токтотобуз. Бейтапканалардын үчтөн бирин адилеттүү атаандаштыктын негизинде жеке колго өткөрүп беребиз. Теория менен практиканы айкалыштыруу үчүн университеттердин базасында университеттик клиникаларды өнүктүрүүгө шарт түзөбүз. Бардык документтерди электрондук форматка өткөрөбүз, дарылардын максатсыз жазылышын токтотуучу электрондук рецепттерди киргизебиз. Дарыгерлердин айлыгын жана социалдык пакеттерди 2 эсеге көбөйтөбүз",-деп айтылат партиянын программасында.

"Республика"

2015-жылдагы шайлоодо экинчи келип, 28 орунда алган "Респулбика" партиясы (2015-жылы "Республика" "Ата-Журт" партиясы менен биригип, шайлоого "Республика-Ата Журт" партиясы деп барган. 2020-жылдагы шайлоодо "Республика" партиясы бир топ адаттан тыш чакырыктар менен чыгып жатат. Алардын арасында мамлекеттик компанияларды жана прокуратураны жоюуп салуу дагы бар. Ал эми саламаттыкты сактоо тармагында партия системаны толугу менен өзгөртүүнү көздөйт.

"Ден-соолукту каржылоо системасын өзгөртөбүз. Медициналык кызматкерлердин эмгек акысын жана медициналык жардамдын сапатын жогорулатуу үчүн рейтингдер жана ваучерлер иштейт. Түшүнүктүү шарттар жана каражаттар жүрүшүнүн ачыктыгы. Бардык саламаттыкты сактоо уюмдары менеджмент жана сапаттык системалардан аккредитацияны өтүшөт. Учурдагы бардык оорулардын актуалдуу клиникалык көрсөтмөлөрү болот. Бардык мамлекеттик ММКтар сатылып, андан түшкөн каражат бюджет тарабынан саламаттыкты сактоо тармагын колдоосуна сарпталат",-деп айтылат партиянын программасында.

"Кыргызстан"

2010-жылы катталган "Кыргызстан" партиясы 6-чакырылышта 18 мандатка ээ болгон. 2020-жылы шайлоого партияларды каттап жатканда, "Кыргызстандын" айланасында чуу чыкты. Борбордук шайлоо комиссиясы партиянын документтерин анын ыйгарым укуктуу өкүлү алып келген жок деген негизде "Кыргызстан" партиясынын документин албай койгон. Бирок партия сот аркылуу БШКны жеңип, шайлоого аттанды. Саламаттыкты сактоо тармагында "Кыргызстан" партиясы "Заманбап медицина - улуттун ден-соолугунун негизи" ураан менен чыгып жатат.

"Биз заманбап ооруканалардын курулушун камсыздайбыз жана тез медициналык жардамдын сапатын жакшыртып, керебеттердин санын көбөйтөбүз. Биз жогорку технологиядагы медицинанын өнүгүшү үчүн шарттарды түзөбүз, бул биринчи кезекте жугуштуу оорулардын алдын алуунун ролун жогорулатат. Тез жардам станциялары жетиштүү сандагы тез жардам унаалары менен жабдылышы керек. Медицина кызматкерине кам көрүү - партиянын артыкчылыктуу максаттарынын бири. Адам өмүрүн сактагандар эң жогорку деңгээлдеги жашоого татыктуу",-деп айтылат партиянын программасында.