Мамлекеттик ипотекага кезек күткөндөр көбөйдү

  • Азиза Марат кызы
  • Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Кыргызстанда 250 миңге чейин адам турак-жайга муктаж деген маалыматтар бар

Сүрөттүн булагы, Gik.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Кыргызстанда 250 миңге чейин адам турак-жайга муктаж деген маалыматтар бар

Мамлекеттик ипотекалык компанияга кезекке тургандардын саны алты миңге чукулдады. Алды 2016-жылы кайрылгандар. Компания донорлордон каражат издеп жатат.

Би-Би-Си компаниянын төрайымы Элмира Абжапарова менен маектешип, адегенде каражат табуу аракетинин натыйжасы тууралуу сурады.

Э.Абжапарова: Чынында кезекте тургандардын саны алты миңге жетип калды. Алар сураган жалпы сумма 8 млрд сомдон ашат. Быйыл бюджеттен бизге 500 млн сом каралган, анын 300 млн сомун алдык. Бюджеттик чөйрөдө иштегендерге берип жатабыз. Суроо-талап абдан чоң, анын баарын бюджеттин эсебинен камсыздай албайбыз. Ошондуктан донорлор менен тыгыз иш алып барып жатабыз. Жетишкендигибиз - Германиянын Өнүктүрүү Банкы менен аймактарда ишке ашырылып жаткан долбоор. Анын суммасы 10,5 млн евро, бүгүнкү баа менен бир млрд сомго жакын. Аны берип жатабыз. Мындан тышкары Евразиялы Өнүктүрүү Банкына 25 млн доллар алуу үчүн кайрылганбыз. Берилип калса мугалимдер менен дарыгерлерге таратууну ойлоп жатабыз. Өткөн жумада Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү элчилери, консулдары менен байланышып жардам сурадык.

Сүрөттүн булагы, kenesh.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрайымы Элмира Абжапарова

Би-Би-Си: Германиядан алынган 10,5 млн евро гранттын канча пайызы элге таратылды?

Э.Абжапарова: Бир млрд сомго жакын болсо, анын 214 млн сому берилди, дагы берилип жатат. Бюджеттик каражат болбосо дагы ушул акча бар, жарандар алса болот. Бишкек менен Ош шаарларынан сырткары аймактарга багытталган, 15 жылга чейин 10% менен берилет. Үч максатка - жаңы турак жай сатып алууга, эски турак жайды алып оңдоп түзөп же кеңейтип алууга жана үй салууга же салынып жаткан тамын бүтүрүүгө берилет.

Би-Би-Си: Ошол эле учурда адамдар көптөн бери кезекте турганын айтып жатышат. Алардын эң алдыңкылары качан кайрылгандар?

Э.Абжапарова: Анализ кылсак, алдыңкылары 2016-жылдан бери үч-төрт жолу кайрылып, күтүп калгандар бар экен. Бюджеттик каражат бериле баштаганда изилдесек ошондой 90 жаран чыкты. Аларга биринчи иретте артыкчылык берилет. Ичинен 7-8 киши ипотекалык кредитти алышты, 20 чамалуусуна байланыша алган жокмун, ушул жерден билип бизге кайрылса күттүрбөй насыя бергенге даярбыз. Коммерциялык банктарга бир нече ирет кайрылгандарды тезирээк кароо өтүнүчүн жибергенбиз.

Би-Би-Си: Бир учурда Ош, Бишкек шаарларынан үй алууга насыяны чектедиңиздер эле, азыр кандай өзгөрүүлөр бар?

Э.Абжапарова: Ош менен Бишкекке бюджеттик каражаттан гана бере алабыз. Буга чейин ипотекалык баалуу кагаздарды сатып, түшкөн 200 млн сом каражатты эки шаарга берип жатканбыз. Ал түгөндү. Бирок жаңы эмиссиянын үстүндө иштеп жатабыз. Ал эми аймактар үчүн Германиядан келген каражат кенен. Элди кайрылууга чакырам. Айрыкча Баткен, Талас, Ош облусу эң аз алган. РСК, KICB, "АКБ Кыргызстан" банктары аркылуу берилип жатат.

Сүрөттүн булагы, Gik.kg

Би-Би-Си: Германия банкынан келген каражат 10% менен берилет дедиңиз. Мамлекеттик ипотекалык компаниянын үстөгү 6%дан башталат. Четтен келген бул каражат үчүн кимдер кайрыла алат?

Э.Абжапарова: Бюджеттик тармактагылар айыл өкмөттөрүнө кайрылат. Германиядан келген каражат үчүн үч банкка түз кайрылса болот. Каражат бар, өздүк салымы, алам деген үйү даярларга берип жатабыз. Бирок үй тапканда ээсине алдын ала акчасынын бир бөлүгүн бербей турушса, анткени биз карайбыз, сөзсүз кредит бөлүнөт деп кепилдик бербейбиз. Бюджеттин акчасын бюджеттик тармакта иштегендерге 6-7-8% менен берип жатабыз. Грант болуп келген каражат жеке тармакка дагы берилет. Болгону өзү, үй-бүлө мүчөлөрү турак жайга ээ болбош керек. Акыркы үч жылда кыймылсыз мүлк алып саткан болбош керек. Өздүк салымы, төлөө мүмкүнчүлүгү, иштеген жериндеги тажрыйбасына карап беребиз.

Би-Би-Си: Бул компания түзүлгөндөн бери Кыргызстан боюнча турак жайга муктаж болгондордун канча пайызын камсыздады?

Э.Абжапарова: Мамлекеттик ипотекалык компания ачылгандан бери 4962 үй-бүлө турак жай менен камсыз болду. Бир бүлөдө орточо төрт киши жашаса, өзгөчө муктаж болгон 20 миңдей адам үйлүү болду. Ага 5 млрд 800 млн сом каражат сарпталды. Кыргызстанда канча киши үйгө муктаждыгы тууралуу так маалымат жок. Бирок болжолдуу 150-200 миң киши деп айтылат.

Сүрөттүн булагы, Gik.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Беш жылда беш миңге чукул адам мамлекеттик ипотека алды

Би-Би-Си: Мамлекеттин бул долбоору аз адамды камтыганы сындалып келет. Эмне үчүн компаниянын каражаты жок?

Элмира Абжапарова: Мамлекеттик бюджеттин мүмкүнчүлүгү жетишсиз. Пандемия да терс таасирин тийгизди. Мамлекеттик ипотекалык компания түзүлгөнүнө беш эле жыл болду, бул абдан жаш мекеме. Бирок беш жылда жакшы эле иштер аткарылыптыр, менин иштегениме бир жылдан ашты.

Кыргызстанда турак жайга муктаждардын саны өтө көп. Бул чоң көйгөй. Биз өкмөткө маселени чечүү боюнча жаңы механизмдерди сунуштап жатабыз. МИКтин туунду компаниясын түздүк. Ал Германиянын Баушпаркасс турак жай кассаларынын механизмин ишке ашырган долбоору сыяктуу. Туунду компания аркылуу чет жерде иштеген үйү бар же жок жарандарыбыз узак мөөнөттүү арзан ипотекаларды ала алышат. Компаниянын жардамы менен алар керектүү сумманын жарымын өзү топтойт. Калганын кредит алат. Европада ушул механизм аркылуу турак жай маселесин ийгиликтүү чечип келатышат.

Би-Би-Си: Мамлекеттик ипотека алган беш миңге чукул үй-бүлөнүн канчасы кайсы тармактан?

Элмира Абжапарова: Алардын 28% билим берүү чөйрөсүндөгүлөр, 13% саламаттык сактоодо эмгектенгендер , 34% бюджеттен каржыланган уюмдарда иштегендер, 2% социалдык, 2% маданият тармагында иштегендер. Жеке тармак 6%, турак жайды ижарага алып, бара бара менчиктештирет дегендер 3%. Акыркысы Бишкек менен Нарында өзүбүз курган үйлөрдүн эсебинен ишке ашырылды. Мындан ары биз курулуш компаниялары курган даяр үйлөрдү сатып алып сунуштайбыз. Анткени өзүбүз курганда көп убактыбыз, ресурс кетет экен.

Сүрөттүн булагы, Gik.kg

Би-Би-Си: Демек, МИК өзү үй салып, арзан сатат деп айтылып келген долбоор өзүн актаган эмес экен...

Элмира Абжапарова: Актады, 185 батирлүү үйлөрдү курдук. Эл ыраазы болуп, жашап жатат. Бирок анын каражатын, кеткен убактысын эсептесек, 2,5 жыл мурда эле дагы 100 үй-бүлөнү кошо турак жай менен камсыз кылмак экенбиз. Курулушу бюджеттик ссуда менен бүткөндүктөн кымбатыраак болуп калат экен. Үйлөрдүн чыгымдары бар. Рационалдуу болбой калат экен. Ачык тендер жарыялап, курулуш компанияларынын үйлөрүн сунуштамай болуп жатабыз.

Бул үйлөрдүн курулушу боюнча көп сын айтылды. Бирок Эсеп палатасы текшерди, уурдап тоноолор болгон жок. Баасы жакшы, Нарында даяр батирдин бир чарчы метри 32500 сомдон болду. Бишкекте 35 миң сомдун тегереги. Бирок биздин компания үчүн курулуш менен алек болуу натыйжасыз экен.

Би-Би-Си: МИК социалдык долбоор болгондуктан өтө чоң эмес үйдү, баштапкы өздүк салымын бергендер ала алышат да. Дагы кандай шарттар кошулду?

Элмира Абжапарова: Биздин gik.kg даректүү сайтыбыздан маалымат алышса болот.

Батир алам десе, 80 чарчы метрден, жер там 150 чарчы метрден ашпаш керек. Жок дегенде 10% өздүк салымын адегенде бериш керек. Үстөк пайызы ошого жараша аныкталат. Баштапкы каражаты жок болсо, бирөөнүн үйүн күрөөгө коюп турса болот. Алдын ала баарын же кайсы бир бөлүгүн төлөcө комиссия алынбайт.

Аймактар үчүн каражат кенен. Алар үйдүн баасынын 20% төлөш керек, 30 миң еврого чейинки үйдү ала алышат.