Бишкектеги 1-6-класстын окуучулары мектепке кайтып барбайт

Мектеп окуучулары

Сүрөттүн булагы, Anadolu Agency via Getty Images

Коронавируска кабылгандардын саны өсүп жаткандыктан Бишкек шаарында жайгашкан мектептер 6-октябрда 2-6 класстагы окуучуларга эшигин ачпайт. Буга чейин Республикалык штаб 1-6-класстын окуучулары 6-октябрдан тарта мектепте салттуу түрдө окуйт деген чечим кабыл алган.

"Учурда шаарда күн сайын 22-25 жаңы учур катталып жатат. Региондогу мектептерде аралыкты сактоону камсыз кылууга мүмкүн. Ал эми баш калаада бир класста 40-45 бала билим алат",-деп айтты Бишкектин башкы санитардык дарыгери Кубан Кундашев.

Буга чейин коронавирус шартынды коопсуздукту камсыз кылуу үчүн мугалимдердин дене табы өлчөнөт, мектеп балдар келгенге чейин дезинфекцияланышы керек, окуу убагында балдар аралыкты сактоо менен отургузулат жана колдорун тез жууп туруу үчүн тиешелүү каражаттар менен камсыз кылынат деп айтылган.

"Коронавирус инфекциясынын алдын алуу жөнүндө маалыматтык-окутуу материалдары мектеп имараттарына илиниш керек. Муну менен катар билим берүү жайлары дезинфекциялоочу жана санитардык-гигиеналык каражаттар менен үзгүлтүксүз камсыздалышы шарт",- деген биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков.

Видеонун түшүндүрмөсү,

Ч.Сааданбек: Мектептердин 86 пайызында балдардын кол жууганга мүмкүнчүлүгү жок

Бирок билим берүү жаатындагы эксперттер өкмөт мындай шартты камсыз кыла албайт деп сынга алган.

"2016-жылы мектептин гигиенасын камсыздоого бир балага 7 сом бөлүнчү экен. Мындан жаңы маалымат таба алган жокмун. Менимче, андан кийин абал көп деле өзгөргөн жок. Ар бир балага 280 сом керек экен. Мектептеги санитардык эрежелерди сактоо үчүн балдарга ушул каражатты бөлүп жатабызбы? Балдар колун жууп турууга дагы мүмкүнчүлүк жок. Быйылкы жылдын башындагы изилдөөгө ылайык, мектептердин 86 пайызында балдардын кол жууганга мүмкүнчүлүгү жок. Изилдөө жүргүзүлгөн 1100 мектептин 740 дааратканаларынын абалы эң начар деген баа алды. Кадимкидей окууну улантабыз десек, ушул маселени чечүүбүз керек",-деди эксперт Чоробек Сааданбек.

Өкмөт окуучулар, ата-энелер жана мугалимдер арасында өздүк гигиенаны сактоо жана жеке коргонуу каражаттарын колдонуунун зарылдыгы жөнүндө түшүндүрүү иштерин дагы жүргүзмөкчү.

Эгерде мектепте окуучулардын саны 200гө чейин болсо, план боюнча бекитилген жүгүртмөгө ылайык кадимки режимде сабак уюштурулат. Ал эми балдардын саны 350гө чейин болсо, ийкемдүү жүгүртмө боюнча (мисалы, сабактардын башталышы жана тыныгуулар ар кандай убакытта), 500гѳ чейин болсо кезектешүү негизде (мисалы, 1,2,3- класстар биринчи кезекте 4,5,6-класстар экинчи кезекте) окушат.

Видеонун түшүндүрмөсү,

Covid-19 шартында мектептер кандай иштейт?

Covid-19 пандемиясы дүйнө жүзү боюнча баардык окуучулардын 60 пайызынын окуусун үзгүлтүккө учуратты. Кытайда мугалимдер беткап кийип, ошондой эле окуучулардын дене табы текшерилип турат. Түштүк Кореяда окуучулар отурган парталар бири-биринен бир метр аралыкта тизилген. Окуучуларды желим тоскучтар сактайт.

Данияда окуучулар майда топторго бөлүнүп алып сыртта сабак өтүүдө. Кайсы бир окуучуда вирустун симптомдору байкалса, ошол топтун ичиндеги окуучулардын баардыгы изоляцияга алынат.

Индияда болсо аралыкты сактоону мүмкүн кылуу учүн окуучулар кезектешип күн алыс мектепке барат. Бул сыяктуу чараларды төмөндөгү видеодон көрүңүз.