Н.Кыдырмышев: Коррупциялык режимге көмөктөшкөндөр мамлекеттик кызматка жолобосун

митинг

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Кыргызстанда саясатта жаңылануу, люстрация талабы жаңырууда. Эч кайсы саясий партияга тиешеси жок, демилгелүү жарандык топ чогулуп люстрация идеясын талкуулады.

"Кылмышка, жемкорлукка же коррупциялык режимдин түптөлүшүнө көмөк кылган чиновник-депутаттарды кайта мамлекеттик, муниципалдык кызматка жолотпоо тууралуу мыйзам болот. Айрымдар аларды беш жылга, кээ бирөөлөрү өмүр бою чектеп коюуну сунуштап атышат. Мунун баарын талкуулаш керек",- деди жарандык активист Назикбек Кыдырмышев.

Люстрация мыйзамын иштеп чыгууга партия өкүлдөрүн, соңку шайлоодо депутаттыкка талапкер болгон адамдарды катыштырбоо талабы коюлуп жатат.

"Булар азыр бири-бирин каралап же болбосо люстрацияны саясий курал катары колдонушу мүмкүн. Андыктан биз бул ураанды жарандык кыймыл гана ишке ашырыш керек деген ойдобуз", -дейт Кыдырмышев.

Демилгелүү топ азыр люстрацияны ишке ашыруу боюнча башка өлкөлөрдүн тажрыйбасы менен таанышып жатат.

"Ар кандай варианттар бар экен. Мисалы, Чыгыш Европа же Германияны алсак, алар партияга мүчө болгон адамдарды люстрация мыйзамына жолотушпаптыр. Биде азыр КСДП мүчөлөрү азыр демократ катары чыга келишти. Бирок бийлик партиялары кимиси болбосун мурдагысы "Ак Жол", азыркылары - "Биримдик", "Мекеним Кыргызстанга"тийиштүү адамдар буга аралашпашы керек".

Назикбек Кыдырмашев люстрация тизмесине ууру чиновниктер эле эмес, кезинде бийликке кызмат өтөп берген депутаттар да кирерин кошумчалады. УКМКны күчтөп берип, Кылмыш-Жазык кодексинин жаңы редакциясын колдоп берген депутаттардын аракетине да баа берилгени жатат.

"Люстрация мыйзамынын алкагында эң биринчи УКМК жана башка мамлекеттик архивдерди ачууну карайбыз. Атайын кызмат менен прокуратура архивдерин ачуу абдан маанилүү. Тергөө кызыкчылыгы деп канчалаган маалыматтар жашыруун калган", -дейт Назикбек.

Коомдук активисттер жана юристтер бүгүн чогулуп, мыйзам долбоорун жазууга сунуш топтоп баштады.

Буга чейин 6-октябрда Бишкекте жаштар Спорт сарайынын алдында, эртеси Ала-Тоо аянтында люстрация талабын коюшкан.

"Тазалануу" ураанын кезинде саясатчылар Топчубек Тургуналиев, Өмүрбек Абдрахманов сунуштап, бирок алар иштеп чыккан долбоорлор колдоо тапкан эмес.