Бишкек: кризистин төртүнчү күнү

Бишкек

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Борбор калаа Бишкектеги ызы-чуу бүгүн салыштырмалуу басаңдады. Бирок өкмөт үйүнүн алдында Садыр Жапаровду колдогон тараптар турушат.

Көчөдөгү кыйкырыктар эми саясий топтордун талкуусуна көчтү, дейт серепчилер. ЖКнын жаңы төрагасы Мыктыбек Абдылдаев менен президент менен сүйлөштү.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлагандай, сүйлөшүүнү президент сунуштады жана төрага ЖК абалды укуктук жолго буруунун бардык аракетин көрүп жатканын айткан. Абдылдаев ошондой эле президентке импичмент жарыялоо боюнча жараян башталганын ырастады.

Жогорку Кеңеш эки күндөн бери сессияга чогула албай жатат. Тагыраак айтканда, депутаттар бир нече топко бөлүнүп кетти. Кечээ жыйында бардык тараптын өкмөт башчылыкка талапкерлери көрсөтүлөт деп компромисске жакындап жатышканы кабарланган. Депутаттардын бир бөлүгү Садыр Жапаровдун, экинчиси жаштардын атынан чыккан Тилек Токтогазиевдин, үчүнчү топ Өмүрбек Бабановдун талапкерлигин колдоп жатканы айтылды.

Өкмөт башчыны шайлап, мыйзамдуу талаага кайтуунун бир жолу Жогорку Кеңештин гана колунда турат. Парламент депутаты Дастан Бекешов Жогорку Кеңеш жыйналбаса, аны жараксыз деп таап, эл ичинен координациялык кеңеш түзүп, милдетти бериш керек деген оюн жазды.

Буга чейин оппозициялык партиялар түзгөн координациялык кеңеш да пассивдүү болуп турат. Саясатчы Равшан Жээнбековдун айтымында, бул кеңеш бардык жарандарга жана топторго эшигин ачып, күчтөнүүгө же кайра түзүлүүгө аракет кылууда. Бирок эч кимдин таасири жок болуп жатканын кошумчалады.

"Биз күндө үч-төрт жолудан жолугуп, эки маселени чечүүгө аракет жасап жатабыз. Биринчиси, саясий күчтөрдү бириктирип, сүйлөшүү жүргүзүү. Экинчиси, бул уюм бардык саясий партиялар жана саясатчылар менен байланышы бар, кайра ачык шайлоо өткөрүү",-деди Р.Жээнбеков жарандык активисттердин жыйынында. Бул кеңештин башына Адахан Мадумаров келген эле.

Ал ортодо мурунку муниципалдык жана башка жетекчилер кызматына кайтууда. Биринчи вице-премьер-министр Эркин Асрандиев бүгүн өкмөт мүчөлөрү менен тополоңдон кийин биринчи жыйынын өткөрдү. Жарандык сектор, укук коргоочулар да чогулуп, абалдан чыгууну талкуулашты.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, "Адилет" укуктук клиникасынын башчысы Чолпон Жакупова өлкөдө саясий күчтөр эки чоң жээкке ажырап, дагы көп топтор бар экенин, абал 2010-жылдагыга салыштырмалуу оор болуп жатканын белгиледи.

"Азыр эң маанилүү нерсе коопсуздукту сактоо. Жаштар же менин кесиптештерим баштан аяк люстрация деп жатып да сынчыл болушубуз керек. Тартип коргоо органдары, аскерлер көчөдөн келген кишиге баш ийбейт. Ал сөзсүз легитимдүү бийлиги бар бирөө болуш керек. Ошол эле Суваналиевге баарын жөнгө салуу кыйын болгонун билем. Ал улам түрдүү топтор келип, "эскилерди, Суваналиевди көргүбүз келбейт" дешкенин айтып берди. ИИМде да ушундай болду. Ошондуктан милиция кызматкерлери кечээ кечинде гана катарга турушту. Ушул тармактарды тийишпеш керек, алар иштеш керек. Ошондой эле Саламаттык сактоо министрлиги ушундай мааниге ээ", - дейт Чолпон Жакупова.

Кечээтен бери укук коргоо органдары жумушун калыбына келтире баштады. Бүгүн күч түзүмдөрү Коопсуздук кеңешинин жыйынына чогулду. ИИМ, Башкы прокуратура, УКМК, Башкы штаб, Коргоо министрлиги, Чек ара кызматы жана башка органдар катышкан жыйынды Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары, азыр бардык күч түзүмүн карап жаткан Өмүрбек Суваналиев өткөрдү. Ал жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолугушууга келгенде кылмыштуу топторго каршы иштеп жатышканын айтты.

"Дестабилизацияга катышабыз деп жатышат. Алар менен иштер жүрүп жатат. Азыр күч түзүмдөрүндө жумуш жүрүүдө. Бирок туура түшүнгүлө, "революция" деп коёлу, ушул окуялардан кийин түзүмдөгүлөр чөгүп калышты. Анткени үчүнчү жолу алар бийликти коргогон болуп күнөөлөнүп жатышат", - дейт Суваналиев.

6-октябрга караган түнү аянтта жаракат алып, ооруканада каза болгон Үмүтбек Баткенде жерге берилди. Ал болгону гана 19 жашта болчу. Ак үйдүн алдында анын ысымы жазылган эскерүү тактасын орнотушту.

6-октябрда дагы бир жаш жигит бир колунан, кеминде эки киши көзүнөн айрылды, бир нече кишинин буту, колу сынган, башынан оор жаракат алгандар бар.

Садыр Жапаров митинг учурунда жаракат алып, ооруканада жаткандардын абалын сурап барганы тартылган тасмалар тарады. Ал өзүн өкмөт башына келдим деп жарыялаганы менен аны тааныбаган топтор көп.

Оппозициядагы саясий күчтөр биригүүгө аракет кылып, иштеп жатышканын "Бир бол" партиясынан депутаттыкка талапкерлигин койгон Гүлнара Торалиева жазды.