БУУ калк сыйлаган жарандарды биригүүгө чакырат

Видеонун түшүндүрмөсү,

БУУ калк сыйлаган жарандарды биригүүгө чакырат

Учурда Кыргызстан саясий туңгуюкка кабылды. Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Гутерриш Кыргызстандагы абал тууралуу кабары бар экенин белгилеп, тараптарды диалогго чакырды. БУУнун Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу өкүлү Озонниа Ожиело укук коргоо органдарынын координатору, Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Өмүрбек Суваналиев менен жолукту. Би-Би-Си Ожиело мырзаны кепке тартып, жолугушууда эмне жөнүндө сөз болгонун сурады.

О. Ожиело: Ооба, учурдагы кырдаал тынчсыздандырат жана эл кооптонуп турат. Эртең эмне болору белгисиз. Элдик кошуундар тартип жана коопсуздукту камсыз кылып жатышат, алар стратегиялык имараттарды кайтарып жатышат. Бирок элдик кошуундар узак мөөнөткө бул ишти аткарбашы керек. Коомдук тартипти тез арада коопсуздук кызматкерлери көзөмөлгө алышы керек. Биз ушул маселени талкууладык. Ошондой эле Бириккен Улуттар Уюму тарабынан кандай жардам керек экенин сурадым. Учурда биз биригишибиз керек. Тез арада тартип орнотушубуз керек.

Би-Би-Си: Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Кыргызстандагы абалга тынчсызданып турганын билдирди. Мындай кырдаалда Улуттар Уюму кандай кеңеш берет же платформаны сунуштайт?

О. Ожиело: Бириккен Улуттар Уюмунун бир нече усулу бар. БУУнун Баш катчысынын атайын өкүлү, Борбор Азия үчүн превентивдүү дипломатия боюнча аймактык борборунун башчысы бар. Ал жардам берүүгө даяр, бирок аны өкмөт расмий түрдө чакырышы керек. Андан тышкары улуттук деңгээлдеги жүрүмдөр боюнча кеңешчилерибиз бар. Өлкөдө кадырлуу, билимдүү жана калк сыйлаган жарандар бар. Алар саясий диалогду мыйзамдуу жолу менен баштоого ортомчу боло алышат жана кырдаалга баа бере алышат. Жарандар саясатчылардын өзүнүн кызыкчылыгы эмес, өлкөнүн кызыкчылыгын алдыга коюусун күтүп жатат.

Би-Би-Си: Калк сыйлаган кадырлуу жарандар тез арада уюша алабы?

О. Ожиело: Менимче, алар тез арада уюша алат. Себеби саясий оюнчулар өз ара келише албай жатат. БУУ калк сыйлаган жарандарды биригүүгө чакырат жана саясий оюнчулар менен диалог баштоого үндөйт. БУУ колдоо көрсөтүүгө даяр. Саясий оюнчулар бир кадам артка кетиши керек болуп калды. Көчөгө чыккан топторду токтотуп, мамлекеттик мүлккө болгон талашын дагы токтотуусу керек. Алар Кыргызстандын туруктуулугуна, тынчтыкка коркунуч жаратып, өлкөнүн эл аралык аброна шек келтирүүдө. Алар сүйлөшүүгө бара аларын, мунаса таба аларын далилдеши зарыл болуп турат. Буга БУУнун жардамы менен же калк сыйлаган жарандардын ортомчулугу менен жетүүгө болот.

Би-Би-Си: Толкундоолор учурунда өлкөдөгү чоң кен казган компаниялар жана бизнестер бутага алынды. Кыргызстан инвестициялык аброюн эми кантип калыбына келтирет?

О. Ожиело: Тез арада коопсуздукту камсыз кылуу керек. Ар бир жарандан суранат элем, коопсуздук кызматкерлери форма кийип көчөгө чыгуусуна жол ачкыла. Коопсуздук кызматкерлерине колдоо көрсөтөлү. Балким, алар көйгөйдүн бир бөлүгү деп айткандар болушу мүмкүн. Туруктуу жагдай түзүлгөндөн кийин коопсуздук кызматтарды реформалоо тууралуу сөз кылсак болот. Азыркы учурда көчөдө форма кийген коопсуздук кызматкерлери жүргөн болсо, жарандар өздөрүн коопсуз сезет. Элдик кошуундар эбегейсиз жардам кылышты, уурдап-тоноолорду токтотту. Ошол эле учурда өлкөгө киреше алып келген тоо-кен компанияларынын мүлкүнө кол салса болбойт.

Эң негизгиси, учурда коронавирус коркунучунун экинчи толкуну дагы бар. Биз ошол маселеге даяр болушубуз керек. Ошондуктан тез арада саясий топтор мунаса табышы зарыл.

Видеонун түшүндүрмөсү,

К.Байболов: Улуттук улуу курултай - саясий кризистен чыгуунун бир жолу

Би-Би-Си: Айрым эксперттер сырткы күчтөр кризистен пайдаланып, өлкөдөгү позициясын бекемдеп алышы мүмкүн экенин айтышууда. Ушундай коркунучту БУУ сыяктуу эл аралык уюмдардын жардамы менен алдын алса болобу?

О. Ожиело: Бириккен Улуттар Уюму мүчө мамлекеттерден түзүлгөн. Кыргызстан БУУ системасында активдүү өкүл. Ошондуктан Башкы катчы кайрылуу жолдоду, окуяларга көз салып жатат. Мен БУУнун башкы кеңсеси менен байланыштамын. БУУ жардам берүүгө даяр. Эл аралык коомчулук дагы кыргыз элине, өкмөткө кризисти жайгарууда көмөк көрсөтүүгө кызыкдар деп ойлойм. Кыргызстан эл аралык коомчулуктагы баркталган мамлекеттердин бири катары өз ордуна кайтат деп үмүттөнөм.

Видеонун түшүндүрмөсү,

Президент Жээнбековдун Би-Би-Сиге эксклюзивдүү маеги.