Кыргызстан: премьер-министрлик кызматка ким келет?

Мырзакматов жана Новиков

Президенттик шайлоодон утуп чыккан Садыр Жапаровдун орду, премьер-министрлик кызмат бош. Ага парламент кимди шайлайт? Ал кандай шартта иштейт?

Өкмөт тараткан маалыматка ылайык премьер-министрдин милдетин Артем Новиков аткара берет. Инаугурация тез эле өтө турганын жергиликтүү маалымат каражаттары жазып жатат. Мыйзамга ылайык, инаугурация президенттик шайлоонун жыйынтыгы расмий жарыялангандан кийин 30 күндүн ичинде өтүш керек. Ал эми БШК шайлоо жыйынтыгын 20 күндөн кеч калбай жарыялаш керек болчу. Мөөнөтсүз шайлоо болгондуктан аталган эки мөөнөт тең төрттөн бирге кыскарып жатат.

Ушу тапта өкмөт башчылыкка ким келет деген талкуу жүрүүдө. "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев мыйзамга ылайык, БШК президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгын жарыялагандан кийин Садыр Жапаров премьер-министрлик кызматты тапшырууга милдеттүү дейт.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов премьерликке бир гана талапкер - Артём Новиковдун аты аталып жатканын билдирди.

"Азыр иштеп жаткан Конституция боюнча өкмөт башчы алмашыш керек, ооба. Бирок менимче, ким келээрин Садыр Нуркожоевич өзү эле айтат го. Азыр ЖК андай маселелерди деле чечпей калган", - дейт Бекешов.

Жогорку Кеңештин төрага орун басары Мирлан Бакировдун айтымында, талапкерлер тууралуу парламентте азырынча сөз жок.

"Конституциялык реформа бүтүп, жаңы парламент келгенге чейин иштеп тура турган өкмөт болуш керек. Шайлоочулар менен жолугушуулардан келгенден кийин кечээ ЖКнын биринчи отуруму болду. Талапкер тууралуу сөз болгон жок. Балким келерки жума бул маселелер көтөрүлүшү мүмкүн. Келерки аптада жаңы Баш мыйзамдын долбоору да парламентте каралышы мумкун деген маалыматтар бар", - деди Би-Би-Сиге Мирлан Бакиров.

Коомдук тармактарда бир нече кишинин ысымы аталып жатат. Соңку учурларда көп саясий талкуулар социалдык тармактарда жүрүп келет. Саясат талдоочу Марс Сариевдин айтымында, саясатчылардын аттары алардын тегерегиндегилер тарабынан атайын сунушталышы мүмкүн. Ал аттардын бири Оштун мурдагы мэри Мелис Мырзакматов.

"Жапаров келгенден кийин түштүк-түндүк тең салмактуулугун кармоо зарылчылыгы жок. Анын рейтинги жакшы. Анын үстүнө түштүктөн Камчыбек Ташиев бар. Экономикалык жана башка тармакта абал өтө жаман. Артём Новиков калса геосаясат жана Орусиядан жардам алуу жагынан пайдалуу болгону турат. Ошондуктан бул регионалдык маселеге караганда азыр күчтүү фактор болуп жатат. Мен Новиков калат деп ойлойм", - деди Би-Би-Сиге Марс Сариев.

Президентке караштуу башкаруу академиясынын мурдагы ректору, экономика илимдеринин доктору Алмаз Насыров да азыр аймактык кызыкчылыкты же факторду карап кадр тандоо муктаждыгы жок дейт. Экономист кризис менеджерлик жөндөмүнө карап тандоодон башка арга жок экенин баса белгиледи.

"Негизги максат - экономикалык кризистин таасирин азайтуу, - дейт Насыров. - Премьер-министрге эл аралык уюмдардын ишеними болуш керек. Биз абалдан эл аралык жардамсыз чыга албай турганыбыз белгилүү. Экинчиден, өкмөт башчы макроэкономикалык тең салмактуулукка алып келиш керек. Импортко, экспортко жеңилдиктер тууралуу сөз болуп жатат. Бир жагынан жеңилдик алып, башка жагынан оор абалга туш болуп калуу коркунучу бар. Ушул нерселерди жакшы түшүнүп, тең салмактуулукту камсыздай алган адам керек. Чет жерден каражат тартып иштеп жүргөн андай адамдар чоң корпорацияларда бар".

Мындай каалоолор ар бир маанилүү кадрды тандоо учурунда айтылып келет. Тажрыйба көрсөткөндөй, жетекчилер тиги же бул кызыкчылыгына жараша өз адамын коёт. Анткен менен эксперттер бул жолу бийлик экономикалык абалдын канчалык кооптуу экенин түшүнөт, кур эле дегенде өзүнүн туруктуулугун камсыздоо үчүн чечкиндүү кадамдарга барат деп ишенишет.

Президенттикке талапкерлерден дагы өкмөт башчылыкка алып келиш керек деген пикирлер бар. Президенттик шайлоодо көпчүлүк добушту алган Садыр Жапаров оппоненттерин иштешүүгө чакырган эле.

Премьер-министр кандай шартта иштейт?

Конституция толук реформа болгонго чейин мамлекет эски эрежелер менен жашайт. Азыркы парламент шайлай турган премьер-министр убактылуу болуп калат. Колдонуудагы мыйзамдар боюнча парламент тараса өкмөт кетет. Эгер парлементтик шайлоодон мурда конституциялык реформа болсо, анда дагы жаңы өкмөт дайындалыш керек. Садыр Жапаровдун сөзүнө караганда, реформа саналуу айларда ишке ашырылат.

Бирок Мирлан Бакиров конституциялык реформа сентябрга чейин созулат деген ойдо.

Андан кийин келчү өкмөт башчынын ыйгарым укуктары мурункудан кыйла чектелүү болмокчу.

"Президент менен өкмөттүн аппаратын бириктирүү ойлору айтылды. Анда премьер-министрдин кереги деле жок болуп калат. Ислам Каримовдун убагында Өзбекстандын модели ушундай болчу. Президент өкмөттүн дагы төрагасы болчу. Премьер-министр номиналдуу түрдө эле. Бирок алардын деле өз өзүнчө аппараты болгон. Бизде бул кереги жок кызмат болуп калат. Садыр Жапаров элдин алдында баарын өзүм алам, өзүм башкарам, өзүм жооп берем деди. Бирок эч ким өзүнө жоопкерчилик албайт. Шылтоо табыла берет. Супер президенттик башкаруу кезинде парламент күнөөлүү болуп калган. Президент жоопкерчиликти өзүнө алса, анда Баш мыйзам ошондой жазылыш керек", - деди саясат талдоочу Орозбек Молдалиев.

Марс Сариев өкмөт башчылар дайыма президентке гранатаны тоскон калкан болуп, көп алмашып келгенин белгиледи. Мындан кийин деле жоопкерчилик ага артылышы мүмкүн.

Алмаз Насыров азыр шайланчу премьер-министр жаңы Конституцияга өзүнүн милдеттери менен укуктарын сунушташ керек дейт. Айтымында, экономикалык абалды өкмөт башчы жакшы түшүнгөндүктөн жана бул маселе азыр эң курч болгондуктан убактылуусу алдыдагы премьер-министр үчүн шарттарды киргизип кетиши зарыл.

Октябрь окуяларынан кийин бийликке келген Садыр Жапаров бир учурда президенттин милдетин аткаруучу жана өкмөт башчы болду. Ал президенттик шайлоого катышуу үчүн президенттин милдетин аткаруучулук кызматын тапшырган эле. Шайлоо мезгилинде премьер-министрлик милдети убактылуу токтоп, аны биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков аткарып жатат. 10-январдагы президенттик шайлоодо Жапаров эң көп добуш алды, расмий жыйынтык чыга элек.