"Аштык болсо, баштык жок": бекер вакцинаны сактоо машакаты

  • Элеонора Сагындык кызы
  • Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
"Спутник V"

Сүрөттүн булагы, TASS

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

"Спутник V"

Кыргызстанда Саламаттыкты сактоо министрлиги Pfizer/BioNTech вакцинасын сактаганга муздаткыч сатып алганга акча жок, бекер вакцинадан баш тартышы мүмкүн экени жөнүндө кабарлар коомчулукту кабатыр кылууда. Саламаттык сактоо министрлиги өз кезегинде мындай маалыматты четке кагууда.

Кыргызстанга коронавируска каршы бекер вакцина эки партия менен келет.

"COVAX альянсы аркылуу биринчи калктын 3% жетиштүү 200 миң доза, андан кийин 20% жетиштүү 1 миллион 200 миң доза алганы жатабыз. Бизге вакцинаны сегиз түрү сунушталды, алардын ичинде Pfizer вакцинасы дагы бар. Аны алып, элге жеткирүү үчүн эки миллион доллар керек экен. Себеби, аны сактоо эрежеси -70, -80°C градус. Ал үчүн бизге "холодовой цепь" деген керек",- деди саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев.

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев

"Холодовая цепь" дегени вакцинаны учактан тосуп алып, оорукана, жер-жерлердеги ФАП, бейтапканаларга чейин тийиштүү температурада ташууну камсыздоочу система деп түшүндүрдү адистер. Ал өзүнө автоунаа, муздаткыч, контейнер жана башка жабдыктарды камтыйт.

Буга чейин ЖМКларда ашыкча чыгымдардан улам Кыргызстан COVAX аркылуу келчү вакциналардан баш тартып жатканы тууралуу маалымат тараган, аталган министрлик аны четке кагууда. Министр Алымкадыр Бейшеналиев декабрда иш-сапар менен Орусияга барып, Спутник-V вакцинасы боюнча да сүйлөшүүлөрдү өткөрүп келгени белгилүү.

Орусиялык "Московский Комсомолец" басылмасы дагы Кыргызстан Орусиядан 500 миң доза вакцина сурап кайрылганын бүгүн жазып чыкты. Ал тапта коомдук сайттарда Кыргызстан экономикалык эмес, саясий негиздерден улам орус вакцинасына ыкташы мүмкүн деген талаш-талкуулар жүрүп жатат.

Деген менен адистер деле орусиялык вакцинаны сактоо эрежелери бир топ жеңил экенин айтууда. Көз карандысыз дарыгер-эпидемиолог Чынар Жумалиева:

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Чынар Жумалиева

"Спутник-V вакцинасын сактоо эрежелери жеңил. Анын эки түрү бар: эритме түрүндө, суюк, тоңдурулган вакцина жана кургак порошок. Тоңдурулган түрүн сактоо шарттары -18 °C градустан жогору болбошу керек. Ал эми кургак порошокту сактоо эрежеси жеңилирээк +2,+8 °C кадимки холодильникте сактаса болот. Ошондуктан бул вакцина Кыргызстан үчүн ыңгайлуу болуп жатат.

Ал эми Pfizer менен Moderna вакциналарынын сактоо эрежеси бир аз татаалыраак болуп жатат. Мындай сактоо системасы бир эле Кыргызстан эмес, дүйнөнүн көп өлкөлөрүнө машакаттуу".

Орус изилдөөчүлөрү толугу менен вакцина өндүрүшү, сыноолору боюнча маалыматты ачыкка чыгарган жок. Мындан улам, алар өндүргөн вакцинага Орусиянын өзүндө деле ишенбестик күч болуп жатат. Клиникалык сыноолор да аягына чыкккан-чыкпаганы боюнча талаштар бар.

Анан калса, Орусия COVAX альянсына кирбейт. Бул себептүү Кыргызстан орус вакцинасын эл аралык сапат сертификаты жок ишке ашырабы деген да суроолор турат.

"Текшерүүлөрдөн толук өтпөгөн башка өлкөлөрдүн вакцинасын алабыз деп жатышат. Менин оюмча, бул жөн эле шылтоо болуп жатат окшойт. Эки миллион долларды тапса болот, бул жерде эң маанилүү - адамдардын өмүрү болуп атпайбы. Бизде бизнесмендер деле бар да. Пандемия башталганы канча адамды жоготтук, эми клиникалык сыноодон өтпөгөн вакцина куюп, дагы жоготууларга учурашыбыз мүмкүн. Шайлоого деле акчалар кетти, пандемияга деп канчалаган акчалар келди эле",- деди "Кара июль" атыккан пандемиядагы эң оор күндөрү ыктыярчы болгон Элдар Шабданов.

Сүрөттүн булагы, Social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Элдар Шабданов, ыктыярчы

Пандемия башталганы короновируска каршы күрөшкө деп, казынадан алты миллиард сом бөлүнүп, чет элдик донорлордон 700 миллион АКШ доллар акча которулган. Мындан тышкары атайын эсепке элден 90 миллиондой сом түшкөн. Мекеме аралык комиссия жакында эле бул акчалар чаржайыт жана ысырап колдонулганын аныктады.

Ошол эле маалда 2021-жылдын бюджетине шайлоолорго деп 858 миллион сомдой каралган.

Кыргыз өкмөтү вакцина маселесинде "аштык табылса, баштык табылбайт" болуп, учурда муздаткычтарга эки миллион доллар издеп турган чагы.