Мигранттар кайра кетүүдө: Орусия менен аба каттамы жанданды, билет кымбат

  • Элеонора Сагындык кызы
  • Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
the airport

Сүрөттүн булагы, Getty Images

8-февралдан тарта Кыргызстан менен Орусия ортосунда жүргүнчү ташуучу учактар жумасына үч жолу каттай турган болду. "Аэрофлот" жана "Авиатраффик" авиакоманияларынын Москва-Бишкек рейсине бул жумага билеттер калбай, анын баасы абдан кымбаттап кеткени айтылууда.

Пандемия курчуган маалда мекенине келүүгө мажбур болгон мигранттар кайрадан Орусияга күрүнөн кайта башташты.

Расмий маалыматтар боюнча, пандемия башталган маалда 60 миңге жакын мигрант мекенине кайтып келген. Ошол эле убакта Орусиянын ИИМи былтыр өлкө аймагында жылдагыдан 318 миңге азыраак кыргызстандык катталганын билдирди. Айрым талдоочулардын болжолунда Орусиядан эле эмес, башка өлкөлөрдөн да кошулуп, Кыргызстанга бери дегенде 100 миңден кем эмес кыргызстандыктар кайтып келген болушу мүмкүн.

Бирок өлкөдөгү пандемия шартында күчөгөн жумушсуздук, кымбатчылыктын айынан эми алар кайта сыртка кетүүгө мажбур болууда.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Пандемия башталган маалда Кыргызстанга 60 миңге жакын киши миграциядан мекенине кайтып келди

"Мен Европа өлкөлөрүнүн бири менен эмгек келишимин түзүп, ишке аттанып аттым эле. Бизде Литва өлкөсүнүн консулдугу жок экен, Алматыда экен, биз ошол жакка кирип чыгат элек, чакыруу да келген. ПЦР тест, коронавируска да тест тапшырып койдук эле. Казакстанга кирип-чыкканга уруксат кагазын күтүп жатабыз. Беш күндөн бери ала албай жатабыз", - деди мигрант Улан Осмоналиев.

Коңшу Казакстан эпид кырдаалга байланыштуу 7-февралдан тарта чет элдик жарандардын өлкөгө кирүү эрежесин катаалдантты.

Өткөн жума күнү Еавразиялык экономикалык биримдикке мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчылары Алматыда жыйынга чогулуп, Кыргызстандын жаңы премьер-министри Улукбек Марипов чек арадагы чектөөлөр жана абакаттамдарды көбөйтүү маселесин да козгоду.

Улуттук статистика комитети COVID-19 пандемиясынын шартында элдин жашоо-турмушуна изилдөө жүргүзгөн. Мекеменин былтыр октябрь-ноябрда жүргүзүлгөн сурамжылоосуна ылайык, ар бир үй-бүлөнүн эч болбогондо бир мүчөсү жумушунан айрылган. Көбү чет өлкөдө иштеп жүрүп, жумушсуз калгандыктан өлкөгө кайтып келүүгө аргасыз болгонун белгиленет.

Мекенине кайткан мигранттардын көбү Ош, Жалал-Абад, Талас облусунан жана Бишкек шаарынан болуп чыгышты.

"Эми алар азыр кыска мөөнөткө өлкөдө иш табууга аракет кылып жатышат. Узак мөөнөттө антип маселе чечилбейт го. Азыр алар дыйкан, мал-чарбачылыгына көңүл буруп, ошол жакта иштеп кетүүгө аракет кылып жатат. Бирок айыл чарба тармагы бүтүндөйт андай жумушсуздукту жоюуга жардам бере албайт", - дейт эксперт Улан Шамшиев.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

"Алар психологиялык жактан да сокку алып жатышат. Көптөгөн үй-бүлөлөрдө күйөөсү менен аялдары чек аралардагы чектөөлөрдөн улам эки жакта бөлүнүп калышты"

Талдоочулар пандемия мигранттардын материалдык абалына эле кедергисин бербестен, психологиялык жактан да чоң сокку урду дешет. Юлия Саломатина эл аралык "Салам мигрант" долбоорунун өкүлү.

"Алар психологиялык жактан да сокку алып жатышат. Көптөгөн үй-бүлөлөрдө күйөөсү менен аялдары чек аралардагы чектөөлөрдөн улам эки жакта бөлүнүп калышты. Андан улам ажырашуулар дагы бар. Кичине балдар ата-энелерин жылдап көрбөй калды. Мурда алар бир жылда жок дегенде эки жолудан келгенге аракет кылышса, эми ал да жок. Себеби, алар бул жакка оңой келе алышканы менен, кайра кете албай каларын билишет. Билет баалары да кымбаттады".

Улуттук банктын билдирүүсүндө былтыр январь-ноябрда мигранттардын эсебинен өлкөгө 2,1 миллиард доллар которулган. ,Бул ага чейинки акча которуулардан 30 миллион доллардай азыраак болсо да ИДПнын дээрлик 30% түзөт.

Жаңы президент Садыр Жапаров кызматына киришери менен чыгарган беш жарлыгынын бири миграция туурасында болду. Ага ылайык, өкмөт тез арада миграциялык саясат концепциясын иштеп чыгуусу керек. Мындан тышкары быйыл июнга чейин кыргыз мигранттарын улуттук экономикага инвестиция салууга шыктанта турган программа иштелип чыгып, кабыл алынышы керек.