Жогорку Соттун төрайымын жоопко тартуу коррупцияны ачуубу же куугунтукпу?

Гүлбара Калиева

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Гүлбара Калиева

Сотторду тандоо кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясы Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиеваны кол тийбестиктен ажыратты. Калиевага УКМК кылмыш ишин козгогон эле. Ал коррупцияга жана кызматынан кыянат пайдаланууга шектелген. Сот тутумунун башында турган кишини кылмыш жоопкерчилигине тартуу Кыргызстанда биринчи жолу болуп жатканына эксперттер көңүл бурушууда.

Кол тийбестик артыкчылыгы бар Жогорку Соттун төрайымын кылмышка тартууну башкы прокурор суранган эле. Аны Тартип комиссиясы канааттандырды.

Калиева басма сөз кызматы аркылуу тараткан билдирүүдө өзүнө карата чыккан чечимди мыйзамсыз деп атады.

"Мени кылмыш жообуна тартууга уруксат берүү боюнча чечим мыйзамсыз, анткени ооруп жатканым тууралуу маалым кат берилгенине жана бул маселени менсиз өткөрбөө өтүнүчүмө карабай, жыйын менин катышуумсуз өттү. Андан сырткары, мыйзам маселени кароого төрт ай мөөнөт бергенине карабай, чечимдин ушундай ыкчам кабыл алуунусу түшүнүксүз. Мындай иш-аракеттер мыйзамдуулукка каршы", - деп билдирген Калиева.

УКМК Тартип комиссиясынын жыйынынан бир күн мурда, 3-мартта Калиева жыйынга келбей атайын создуктуруп жатканын кабарлаган.

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Клара Сооронкулова

УКМК Жогорку Соттун жетекчилигин сот тутумун автоматташтыруу жараянында жалган келишимдерди түзүп, 4 млн сомдон ашык каражатты кымырып алган деп шектеп жатат. Бул иш боюнча 1-мартта Жогорку Соттун алдындагы Сот департаментинин статс-катчысы камалган. Ага чейин долбоордун жетекчиси кармалган.

Дагы бир кылмыш иши ачылып, Гүлбара Калиева жана Свердлов райондук сотунун мурдагы башчысы кызматынан кыянат пайдаланууга шектелип жатат.

Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова бул кылмыш иштеринин саясий мотиви бар деп санайт. Ал системаны автоматташтырууну каржылаган донор каржыны өзү көзөмөлдөгөнү тууралуу комментарийин эске салды.

Сүрөттүн булагы, Social Media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Сания Токтогазиева

"Балким, төрагалык орун бийликке керек болуп жатса керек. Калиева мүмкүн өз ыктыярым менен кетпейм деген чыгаар деп божомолдоп жатам. Анткени ал кишини колдогон судьялар бар болчу, ошолорго таянгандыр. Жакшы жагын билбесең да, жаман жактары айтылып жүрбөгөн соң Калиева дурус эле деп ойлойм, кесипкөй. Бирок октябрдан бери көп мыйзамсыз чечимдер кабыл алынды. Сотторго, Калиевага сөз жок басым жасалды. Ал ошолорду ачык айтып чыкканда, ошол чындык аны сактап калмак", - деди Сооронкулова.

Юрист Сания Токтогазиева коррупцияга аралашкан судьялар бар экенин белгилеп, ошол эле убакта айрым сотторго саясий чабуул коюлуп келатканын айтууда. Ал бийлик бутактарында тең салмактуулук 2016-жылы Конституция өзгөртүлгөндө бузулганын, эми сот бийлигин биротоло багындыруу аракети көрүлүп жатканын кошумчалады.

Сүрөттүн булагы, President.kg

"Эгер бул чынында коррупция менен күрөш болсо тегиз кылмыш иши ачылыш керек болчу. Азыр бийликке жакпаган сотторго козгоп жатышат. УКМКнын иш-аракети айрым сотторду "чөнтөк соту" кылуу жараяны десек болот. Көпчүлүгү жарандык коомдун өкүлдөрүнөн турган Сотторду тандоо кеңешинин ордуна Сот адилеттүүлүгү боюнча кеңеш койгону жатат, бул Бакиевдин учурундагы модель болчу. Анда үчтөн эки бөлүгү судьялардан турат. Ал жерге тил алчаак сотторду коюу ыңгайлуу. Чыпкалоо ошол жерде башталат", - деди Токтогазиева.

Президент Садыр Жапаров сот системасынын кызматкерлеринин күнү менен куттуктап жатып аларды кайраттуу болууга чакырды. Жумушуна эч кимди кийлигиштирбегенге, өз алдынча чечим кабыл алууга үндөдү.

"Мен сиздерге өзүм кепил болом. Эми сиздерге "ак үйдөн" дагы, "көк үйдөн" дагы эч ким жана эч кандай көрсөтмө бербейт. Мен сиздерге байланыш үчүн түз номеримди берем. Муну анан акырында сүйлөшөбүз. Кимден жана кандай кысым болбосун, мага чалсаңар болот. Бул жерде баса белгилеп кетүүчү нерсе, адилетсиз, мыйзамсыз чечим чыгарууда үч фактор бар. Биринчиден, өйдө жактан телефон чалуу. Экинчиси, акча каражаты маселеси, пара жана башка дегендей. Муну түшүнүп турабыз, сиздердин эмгек акыңыздар аз, бул боюнча кийин аягында сүйлөшөбүз", - деген президент, үчүнчүсү, абийир өздөрүнөн көз каранды экенин белгиледи.

Гүлбара Калиева 2018-жылы кызматка келип, үч жылга шайланган. Ал өзүнө карата коюлган айыптар боюнча сот кызматкерлерине басым жасоо менен көрсөтмө алынган деп эсептейт. Ал эми УКМК менен Башкы прокуратуранын жетекчилери Жогорку Соттогу коррупцияны жоюу керектиги тууралуу билдиришкен.