"Мээрим" миссиясы: Ирактагы согуш лагеринен кайтарылган балдар

Ирактан кайтарылган балдар

Сүрөттүн булагы, mfa.gov.kg

Иракта террордук топторго кошулуп кеткен кыргыз жарандарынын 79 баласын Бишкекке алып келишти. Бул өмүрү жана ден соолугу коркунучта калган балдарды куткаруу боюнча Кыргызстандын биринчи гуманитардык операциясы болуп калды. Бул ишке ЮНИСЕФтин Бишкек менен Багдаддагы өкүлчүлүгү, Кыргызстандын Кызыл жарым ай уюму дагы өзүнчө жардам көрсөттү.

Балдар алардын энелеринин өзүнүн макулдугу менен алып келинди, аларды бара-бара бул жактагы туугандарына өткөрүп берүү боюнча иштер жүрөт. Өкмөт өз кезегинде бул балдарды кароого алып, аларды толук реабилитациядан өткөрөрүн билдирүүдө.

"Көптөн бери күтүлүп аткан "Мээрим" гуманитардык миссиясы аяктады. Биздин Саламаттык сактоо министрлиги менен Социалдык өнүктүрүу министрлигинин өкүлдөрү эки айдан бери ушул иш боюнча аракет кылып атышкан. Алар барып, балдарды көрүшүп, ден-соолуктарын текшерип чыгышкан. Мына азыр 79 баланын баарынын ден-соолугу жакшы. Буларды биз азыркы кезде бала бакчага же мектептерге жайгаштырабыз. Кийин өзүлөрүнү жакын же алыс туугандары болсо, алар менен сүйлөшө баштайбыз. Баары бир деле үйдө өсүп, үйдө тарбия алган жакшы болот, ошон үчүн баардыгын туугандарына бөлүп бергенге аракет кылабыз",-деди Кыргызстандын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев.

Сүрөттүн булагы, mfa.gov.kg

Көп жылдардан бери согуш оту жалындап, кан төгүлүп жаткан өлкөдө жихаддап ураан чакырып жүргөн жарандардын балдарын алып келүү иштин бир чети гана. Эми аларды эл-журтка, коомго тазалап кошуу өзүнчө оор иш. Эс тартып калган балдарга атасы же энеси ким экенин билүү, алардын мүшкүл таржымалы, элдин ар кандай суук кеп сөзү өзүнчө сокку болбой койбойт. Ошондуктан Казакстанда Сирия менен Ирактан алып келинген балдардын аты, фамилиясын, туулган жерин өзгөртү каттоого алууга энелерине уруксат берилген. Бирок буга макул болгондору, да буга көнбөй койгондору да болгон.

Сүрөттүн булагы, mfa.gov.kg

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги Кыргыз өкмөтүнүн Ирактагы балдарын алып кеткенин колдогон билдирүү таратты. Анда кыргыз өкмөтүнүн алып келинген балдарды эртерээк реабилитация кылып, элге кошуу аракети мактоого татыктуу деп айтылат, Кыргызстандын тышкы иштер, саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрликтеринин, ЮНИСЕФтин салымы чоң болгону белгиленген.

"Дүйнөнүн башка региондоруна караганда, Борбордук Азия Сирия менен Ирактан өздөрүнүн жарандарын көп алып кетти", -деп айтылат АКШ элчилигинин билдирүүсүндө.

Сүрөттүн булагы, mfa.gov.kg

Башка өлкөлөрдүн гуманитардык операциясы

Буга чейин Кыргызстандын коңшулары Казакстан менен Өзбекстан дагы Сириядагы согуштук зонада калган өзүнүн жарандарын жана алардын балдарын алып чыгып кеткени белгилүү.

Казакстан региондо биринчи болуп үч атайын операция жүргүзүп, 189 чоң кишисин жана төрт жүздөн ашык баланы мекенине кайтарып алган. Алардын баары башында Актаудагы реабилитациялык борбордо болуп, өзүнчө топторго бөлүнүп, тийиштүү иштер аткарылган. Алардын ичинен 156 аял экени, анын жетөө кылмыш жоопкерчилигине тартылганы кабарланган. Бирок көпчүлүк аялдар акыры өздөрүнүн үй-бүлөсүнө, туугандарына кайтып барган.

Өзбекстан дагы "Мехр" деп аталган атайын операция менен Сириядагы жарандарын эки жолу алып кеткенге жарады. Биринчи жолу 2019-жылы Дамасктан 156 адамды алып келишкен, анын ичинде 106 бала, 48 аял болгон.

Экинчи жолу Багдаддан 64 бала кайтарылган. Өзбекстандын өкмөтүнө гуманитардык операцияны ишке ашырууга Ирактын өкмөтү менен ЮНИСЕФ көмөк көрсөткөн. Алып келинген балдардын айрымдарынын энелери террордук аракеттерге катышканы үчүн ар кандай мөөнөткө түрмөгө кесилген экен. Алар өзүнүн балдарын мекенине алып кеткенге көнбөскө аргасы жок эле. Бул бейкүнөө балдардын аталары согушта өлтүрүлгөн же дагы эле террорчулардын катарында согушуп жүрөт, же Сирия менен Ирактын түрмөсүндө отурат. (КС)