Жергиликтүү шайлоо: Бийликтин партиясы жок, бийликке жамынган партиялар бар

Бишкек шаарында жергиликтүү кеңешке 25 партия ат салышууда

Сүрөттүн булагы, Social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Бишкек шаарында жергиликтүү кеңешке 25 партия ат салышууда

Бишкек шаарында 25 партия, Ош шаарында тогуз партия ат салышууда. Баш калаада бир орунга 40 талапкер күрөшүүдө. Ошондой эле курч атаандаштык Ош шаарында болуп жатканын байкоочулар белгилеп жатышат.

Бул жакта бир топ партиялар "Ата-Журт-Кыргызстан" партиясын өзүн бийликтин партиясы катары көрсөтүп, административдик ресурсту колдонуп жатат деп айыптап чыгышты.

"Ошто кооптуу абал түзүлүп жатат. Анткени, партиялар биригип алып, катуу атаандаштык көрсөтүп жатат. Митингдер жүрүп жатат, коркутуулар болуп жатат. Байкоочулардан кооптуу сигналдар келип атат",-дейт "Жалпы иш" коомдук фондусунун эксперти Арсланбек Өмүрзаков.

Шайлоо өнөктүгү Ош шаарында курч жүрүп жатканы өзгөчө деле көрүнүш эмес. Буга чейинки өнөктүктөр дайыма ушундай жогорку атаандаштыкты болуп келген.

"Ата-Журт-Кыргызстан" партиясы шайлоого биринчи жолу катышып жатат, бирок анын курамындагы талапкерлер мурдакы шайлоодо бийликчил аталып келген партияларда жүргөн таанымал жүздөр экени айтылууда.

"Куттуу орун бош болбойт"

Сүрөттүн булагы, facebook

Президент Садыр Жапаров бул шайлоодо бийликтин партиясы болбойт деген, анын өзүнүн "Мекенчил" партиясы шайлоого катышкан жок. Бирок административдик ресурс баары бир кайсы бир партияларга иштеп жатканы нааразылык жаратууда.

"Мекенчил" партиясы катышпайт деген билдирүүдөн кийин эмнени байкап атабыз? "Куттуу орун бош калбайт" дегендей, ал ресурс, бийликтин партиясымын дегендин өзү ресурс. Аны бир топ партиялар колдоно баштады, жеке кишилер, бийликке жакын болгон. "Ата-Журт-Кыргызстан", "Эмгек" деп атышат. Бишкек боюнча талаштар көп болуп атпайбы. Бир чети ошол, бийликке жакын болгондор азыркы бийликтин популярдуулугун, Садыр Жапаровдун популярдуулугун өзүнө колдонууга аракет кылгандай көрүнүп атат. Экинчи чети, оппозиция болгондор кээ бир лоялдуу партияларды бийликчилдер деп, де-факто бийликчилдер, де-юре бийликтин партиясы болбосо деле ошондой болуп жатат деген көрүнүш бар. Ошондуктан, өзгөчө ачык чаржайыт конкуренциянын болуп жатканынын бир себеби ушул",-дейт саясий эксперт Эмил Жураев.

Жергиликтүү шайлоого өнөктүк жогорку атаандаштыкта болуп жатканынын дагы бир себеби, анын келерки парламенттик шайлоого карата даярдык катары да каралып жатканында.

Өткөн күздө болгон парламенттик шайлоонун чыр менен аяктап, өлкөдө бийлик алмашууга алып келгени белгилүү. Жогорку Кеңештин азыркы курамы мөөнөтүн узартып, парламенттик шайлоо жылдырылган. Бирок анын ушул жаздабы, жайындабы же күзүндө өтөрү белгисиз.

Мыйзам бузуулар

Байкоочулар шайлоо өнөктүгү учурунда катталган мыйзам бузуулар негизинен үгүт жүргүзүү эрежесин бузуу, административдик ресурсту колдонуу жана шайлоочулардын добушун сатып алуу болуп жатканын белгилешүүдө. Үгүт жүргүзүү эрежесин бузганы үчүн Бишкекте мурунку мэр баштап чыккан бир партиянын бир талапкери тизмеден алынды.

Сүрөттүн булагы, commoncause.kg/

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

"Жалпы иш" коомдук фонду жүргүзгөн сурамжылоо

Ошол эл убакта байкоочулар добуш сатып алуу боюнча он эки факты катталганын билдирүүдө. Аларды азыр укук коргоо органдары карап жаткан учур, бирок мындай иштерден укук коргоо органдары шак-шак бүтүм чыгарган учур болгон эмес. Алар ыкшоолук менен ишти карап бүткөнчө шайлоо да бүтүп калат. Алардын убагында чара көрбөй, ары-бери чоюп отуруп алганы көп учурда шайлоодо нааразылыкты күчөткөн себептердин бири болуп келатат.

Сүрөттүн булагы, official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

11-апрелде конституциялык референдум өтөт

11-апрелде жергиликтүү кеңештерге шайлоо менен бир учурда эле Конституциянын жаңы долбоорун кабыл алуу боюнча референдум өткөрүлөт. Бул процесс башынан бери катуу талаш-тартыш менен коштолууда. Каршы тарап баш мыйзамдын жаңы долбоорун кабыл алуу башынан эле одоно мыйзам бузуу менен өтүп жатат деп сындап, анын шайлоо менен бир учурда өтүп жатканы референдумга элди алып келүү максаты деп айтууда.

Шайлоо өнөктүгү пандемия жакадан алып турган убакта жана экономикалык кризис шартында өтүп жатат. Ага кошумча негизги азык-түлүктүн жана мунайдын баасы кымбаттап турган учурга туш келди. (AbA)