М. Мырзабаев: реабилитациялоодо психологиялык жана идеологиялык багыт маанилүү

М. Мырзабаев: реабилитациялоодо психологиялык жана идеологиялык багыт маанилүү

Кыргызстан Ирактан өздөрүн "Ислам мамлекети" деп атаган экстремисттик топко кошулган жарандардын балдарын мекенине кайтарды. Өлкөнүн тышкы иштер министрлиги "өмүрү жана ден соолугу үчүн өтө кооптуу абалга кабылган жана мамлекет тарабынан коргоо укугуна ээ болгон балдар" куткарылганын билдирди.

Атайын уюштурулган учак менен 79 бала Бишкекке келди. Эми өкмөт балдарды реабилитациялоо, реинтеграциялоо жана тынч жашоого кайтаруу боюнча иш-чараларды өткөрөт.

Кыргыз бийлиги согуштук аракеттер жүргөн аймакка чыгып кеткен жарандарын кайтаруу жана аларды коомго кайра аралаштыруу боюнча атайын программасын жарыялаган жок. Мындай операциялар кандай даярдыкта жүрүшү керек эле деген суроо менен "Ислам илимий изилдөө институтунун" директору Маметбек Мырзабаевге кайрылдык.