Күйүүчү майдын баасы дагы өстү

Бензин баасы өсүүдө

Кыргызстанда күйүүчү май баасынын өсүшү токтогон жок. 16-мартка карата АИ-92нин орточо баасы 43 сом 80 тыйын, дизелдик отундуку 41 сом 30 тыйын болду.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, 11-февралда Бишкекте АИ-92 бензиндин орточо баасы 38 сом болсо, 11-мартта 42,50 сомго чыгып, бир айдагы өсүш 11,5% болду. Ал эми беш күн ичинде дагы кымбаттап 43,80 болуп жатат.

Дизелдик отун борбордо 11-февралда 38,18, ал эми 11-мартта 40,87 сомду чапчыды. Беш күндөн кийин, 16-мартта орточо баа 41,30га чыкты.

Жылдын биринчи эки айында бензин менен дизелдик отун 14% кымбаттаганы кабарланган.

16-мартка карата үч май күюу түйүндөрүндөгү баалар:

«Партнер Нефть» АИ-92 - 42,50 сом; ДО - 40,50 сом

"Газпромнефть" АИ-92 - 43,90; ДО - 41,50 сом

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Эски сүрөт

"Бишкек петролеум" АИ-92 - 44,90; ДО - 41,90 сом

Өткөн аптада Баткенде күйүүчү майдын таңкыстыгы жаралды. Улуттук статистикалык комитет белгилегендей, ал жерде майдын баасы 47 сомдон ашты.

"Нефтетрейдерлер ассоциациясынын" маалыматына ылайык азыр тартыштык жок, бирок баалар кымбат.

Баткендеги дыйкан чарбанын ээси Абдыманап Кудайкулов жазгы талаа иштерине камынып жатат. Бир жарым гектар жерди иштеткенге сезондо эки тоннадан ашык дизелдик отун иштетет.

"Былтыры жазда солярканы 37 сомдун тегерегинде алганбыз. Азыр эми 43 сом болуп жатат. Трактордун өзүнө эле мен бир тоннага жакын ишетем. Күзгө чейин топуракты майдалоо, чөп чаабуу, казуу иштерине эки тоннадан ашык эле кетет", - деди дыйкан.

Баткендин башка айылынын тургуну солярканы 49,50 сомдон алганын айтты.

Майдын наркы жашылча-жемиштин кымбатташына түз таасир этет. Жолдо ташууну эске алганда калган азык-түлүк жана башка жашоого керектүү бардык товарлардын баасын өстүрүшү мүмкүн.

Бирок Кыргызстандагы дыйкандар сатууга келгенде пайда таппай турганын айта кетишти.

"Биздин башка аргабыз жок. Чыгымы канча болсо да эге беребиз. Базарда кийин баа беш тыйын болсо да, он сом болсо да себебиз", - деди Кудайкулов.

Кыргызстан күйүүчү майды толугу менен Орусиядан импорттойт. "Нефтетрейдерлер ассоциациясынын" аткаруучу директору Канат Эшатовдун айтымында, бир жылда Орусиянын компаниялары бааны 100% көтөрдү.

Биримдик март ичи бензиндин баасы орточо 50-51 сомго чейин өсөрүн божомолдоп жатат. Ал эми дизелдик отун 46-47 сомго чейин чыгышы ыктымал.

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Кыргызстан күйүүчү майдын баарын Орусиядан экспорттойт

"Орусиядагы мунайды кайра иштетүүчү заводдор бизге дүң бааларды коюп берет. Мурда туруктуу учурда алар бир айга бааны айтышчу, ошондуктан биз бир айга божомол жасай алчубуз. Бүгүнкү күнү анте албайбаз, анткени үч күн, бир апта сайын баалар жогорулап жатат", - деди Эшатов.

Баанын өсүшүнүн бир нече себеби бар. Алардын бири 4-марттагы ОПЕК+ уюмунун чечими. Ага кирген мунай өндүрүүчү мамлекеттер апрелде өндүрүш көлөмүн көбөйтпөй турган болду. Ушундай чечимден кийин эле дүйнөдө баа орточо 5% жогорулады. Ошол эле учурда талаа иштерине байланыштуу Орусиянын өндүрүшүн чектебегенге уруксат берилди. Өткөн жылы жазда мунай кескин арзандаганда да Кыргызстанда баалар түшкөн эмес.

Өкмөт баалар эркин базардын шартына жараша өзгөрүп жатканын айтат. Антимонополиялык агенттиктин директор орун басары Кеңешбай Тайлаков майдын баасы негизсиз, мыйзамсыз көтөрүлбөшү үчүн тыкыр көзөмөл жүрүп жатканын айтты.

"Баанын көтөрүлүшү декабрдан бери 20 пайыздын тегерегинде болуп жатат. Бир айда кескин жогоруласа жөнгө салуу чаралары бар. Биз азыр ошондой рычагдарды колдонуп жатабыз. Дүйнөлүк базарда, ЕАЭБде компаниялар бааны суроо-талапка, атаандаштыкка жараша өздөрү аныктайт. Мунай биржалык товарга кирет. Баасы биржадан чечилип, өлкө ичиндеги баалар андан таасирленип турат. Бааны ошол эле Орусияда да жөнгө салуу жок. Ушу тапта кыргыз өкмөтү чара көрүп жатат, сыртка чыгарууну чектеди", - деп билдирди Тайлаков.

ЕАЭБдин мүчөсү Кыргызстан мунай, газ сыяктуу ресурстардан өнөктөш өлкөлөрдөн көз каранды болуп келет. Өткөн жылдан тарта Казакстан Кыргызстанга майын экспорттобой калды. Эксперттер бул көз карандылыкты жоюунун бирден бир жолу күйүүчү майды өндүрүү экенин айтышат. Кыргызстан сырттан чийки мунайды алып келип иштетсе болот деген пикирлер бар, өлкөдө 8-9 мунайды кайра иштетүүчү завод бар. Бирок азыркы күнү көбү иштебей турат.

Ушундай эле пикирге Канат Эшатов да кошулат. Ал өлкөдөн чыккан чийки затты иштетсе деле керектөөнүн жарымын камсыздамак деп эсептейт. Жалал-Абаддын Кочкор-Ата шаарындагы жана башка райондордогу чакан кендерден чыккан мунайы коңшу өлкөгө өтө арзан кетип жатканы сынга алынып келатат.

Кыргызстандын күйүүчү майды жылдык керектөөсү 1,2 млн тонна чамасында.