Жерүйдүн алтын фабрикасы

Жерүй алтын фабрикасы

Сүрөттүн булагы, official

Бүгүн Таластагы Жерүй кенинде алтын ылгоочу фабриканын ачылышына президент Садыр Жапаров барып катышат, ал эми орус президенти Владимир Путин телекөпүрө форматында күбө болуп, куттуктоо сөзүн айтат.

Жерүй Кыргызстандагы Кумтөрдөн кийинки эле экинчи ири алтын кени. 2015-жылы кенди иштетүүгө лицензияны 100 миллион долларга россиялык "Восток-добыча" компаниясы сатып алган. Кенди анын өзү ачкан "Альянс Алтын" компаниясы иштетип жатат.

Компания мамлекетке бир нече салыктын түрүн төлөйт. Талас облусун өнүктүрүү фондун каржылайт. Бирок долбоордо мамлекеттин үлүшү такыр жок.

"Альянс алтын" ишканасы Кыргызстанга берген негизги пайдасы катары эл аралык соттогу доо чыгымдарын жаап бергенин көрсөтүүдө.

"Биз сынакта утуп чыкканбыз. Анда мамлекеттин үлүшү боюнча талап коюлган эмес. Эң негизгиси биз сынак комиссиясынын бардык талаптарын аткарганбыз. Бонусту - лицензия үчүн 100 млн долларды дароо төлөп бергенбиз. Мындан сырткары Жерүйдү казууга лицензиянын ээси, мурунку инвестор Visor компаниясы менен соттук териштирүүнү бүтүрдүк. Эске салсам, бул териштирүүнүн суммасы 580 млн долларча болчу. Мындай жоопкерчиликти дээрлик эч ким өзүнө алган эмес, биздин компания алды", - деген Би-Би-Сиге "Альянс Алтындын" директору Михаил Шубин.

Сүрөттүн булагы, ALLIANCE-ALTYN.KG

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Жерүй кени 3800 метр бийиктикте жайгашкан.

Талдоочу Шерадил Бактыгулов "Альянс Алтын" Кыргызстан үчүн эң эле ылайыктуу инвестор дейт:

"Бул жерде абдан чоң маселе бар. Каражат бар, аны жакшы, ачык-айкын колдонуу керек, уурдамай болбош керек. Акча түшүп жатканда, он пайызы элге жетсин, токсон пайызын жеп салалы деп тизилип калбаш керек. Андай болсо инвестор ишканалар бизге ишенбей калат. Силерге бербей эле коёлу, баары бир жеп саласыңар дейт да".

Жерүйдөгү алтындын запасы 84 тонна, андан башка он тонна күмүш бар.

Сүрөттүн булагы, SOCIAL MEDIA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Өткөн жылы октябрда бийлик алмашкан массалык тополоң окуялар учурунда белгисиз топтор Жерүйдөгү кампалар менен кеңсени өрттөп кеткен.

"Альянс Алтындын" директору Михаил Шубин баш-аягы Жерүйдү ишке киргизүүгө 800 млн доллар жумшалганын билдирген.