С. Жапаров: "Адилеттикке умтулуу - революцияга алып келген негизги күч"

Апрель революциясы

Сүрөттүн булагы, AFP

Президент Садыр Жапаров Апрель элдик революциясынын он бир жылдыгына байланыштуу кайрылуу жолдоп, эл менен бийликтин ортосундагы узак убакыт бою чечилбей келаткан карама-каршылык революцияларга алып келип жатканын айтты.

"Эгемендүү Кыргызстандын тарыхында Апрель окуялары орду толгус жоготуулардын, кырчындай өмүрлөрдүн кыйылышы менен коштолгон окуялар катарында калды. Ɵткɵн бийликтердин кулашынын себеби — коом менен бийликтин ортосундагы узак убакыт бою чечилбей келаткан карама-каршылык. Адилеттикке, калыстыкка умтулуу — элибизди толкуткан, революцияга алып келген негизги күч. Март революциясы максатына жетпей калгандыктан, Апрель революциясы болду",-деп айтылат кайрылууда.

Мамлекет башчы Апрель революциясынын эң башкы натыйжасы мамлекеттин өнүгүшүндөгү демократиялык жолдун тандалып алынышы деп атады. Ошондой эле "элдик революциянын дагы бир сабагы: мамлекеттик бийликти күч колдонуп, кан төгүү жолу менен эмес, тескерисинче, тынчтык жолу менен мыйзам чегинде, таза шайлоо аркылуу чыңдоо керектигин көрсөткөнүндө" деп белгиледи.

2010-жылы Кыргызстанда ошол учурдагы президент Бакиев үй-бүлөлүк коррупциялашкан режим орнотту деп бийликке каршы массалык каршылык акциялары болуп, Ак үйдүн алдында топтолгон элге ок атылып, кан төгүлгөн. Сексен жети адам курман болуп, үч жүздөн ашуун адам ар кандай жаракат алышкан.

Курманбек Бакиев үй-бүлөсү жана жакындары менен өлкөдөн качып кетип, Беларуска барып баш калка тапкан. Бийлик Роза Отунбаева баштаган Убактылуу өкмөттүн колуна өткөн.

2016-жылы Жогорку Кеңеш 7-апрелди Элдик Апрель революциясынын күнү деп жумуш эмес күн катары жыл сайын майрамдоо жөнүндө мыйзам кабыл алган.

Андан бери Кыргызстанда үчүнчү жолу бийлик элдик толкундоолордун натыйжасында алмашты. 2020-жылы парламенттик шайлоонун аягы чырга айланып, Сооронбай Жээнбеков кызматынан өзү баш тартып, бийликке Садыр Жапаров келди. 2021-жылы 12-январда болгон шайлоодо жеңип чыгып, президент болуп расмий шайланды.

Сүрөттүн булагы, DOSALIEV SULTAN

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Бүгүн апрель окуяларында курман болгондордун сөөгү жаткан Ата-Бейитке президент Садыр Жапаров жана экс-президенттер Роза Отунбаева менен Сооронбай Жээнбеков чогуу барып, гүл коюшту.

Андан бери Кыргызстанда бийлик элдик толкундоолордун натыйжасында үчүнчү жолу алмашты. 2020-жылы парламенттик шайлоонун аягы чырга айланып, Сооронбай Жээнбеков кызматынан өзү баш тартып, бийликке Садыр Жапаров келди. 2021-жылы 12-январда болгон шайлоодо ал жеңип чыгып, президент болуп расмий шайланды.

Азыр апрель окуяларында оппозицияны баштап чыккандар бийликтен сүрүлүп, өлкөнү жети жыл башкарган Алмазбек Атамбаев түрмөдө, калган лидерлер алсырап, алардын жүргүзгөн саясий реформаларынын баары кайра ревизия болуп аткан убак. "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев алар азыркы бийликке, анын жүргүзүп жаткан саясатына моралдык, саясий-идеологиялык альтернатива экенин бүгүн жарыя кылды.

Бийликке келген саясий күчтөр Убактылуу өкмөт баштаган парламенттик башкаруу жолун чанып, президенттик башкаруу формасына кайтууда. Саналуу күндөрдөн кийин боло турган референдумда баш мыйзамдын жаңы долбооруна эл добуш берет. Жаңы бийлик акыйкат болсо экен деген жаркын үмүт-тилектер менен эл кезектеги жолу конституциялык референдумга барган жатат. (КС)